Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:32

5-сентябрдан бери Чолпон-Атада өтүп жаткан эл аралык онунчу Ысык-Көл оюндары 11-сентябрда жыйынтыкталат.

5-сентябрдан 11-сентябрга чейин Чолпон-Ата шаарында Шаңхай кызматташтык уюмунун алкагында 10-эл аралык Ысык-Көл оюндары спорттун 15 түрү боюнча өткөрүлдү. Мөрөй талашууга Казакстан, Орусия жана Кыргызстандын бардык облустарынын командалары катышканы менен кемчиликтерге да жол берилди.

Биринчи оюндар - "21-кылым – улут ден соолугунун кылымы" деген ураан менен башталса, бул жолку оюндун урааны “Азия- кызматташтык жана тынчтыктын аймагы” деп аталып келет. Алгач Ысык-Көл оюндары спорттун 7 түрү боюнча өткөрүлсө, төрт жылдан бери спорттун 15 түрүнөн таймашууларга бир жарым миңден ашуун спортчу катышып келатат.

Оюндар былтыр эки топ менен өткөрүлүп, 35 жашка чейинкилер жана 35 жаштан өйдөкүлөр боюнча мелдештер болсо, быйыл кичи футболдон 45 жаштан жогоркулар өзүнчө мөрөй талашты.

Эл аралык Ысык-Көл оюндарынын башкы калысы Канат Арпачиевдин айтымында, 11-сентябрда волейбол, кичи футбол оюндары боюнча жеңүүчүлөр аныкталып, мелдештер жыйынтыкталат.

Быйылкы Ысык-Көл оюндарында казакстандык чоюн көтөрүүчү Сергей Карпенко алтын медаль тагынып, чемпион аталды. Ал эми 80 кг. салмактагы бишкектик спорт ардагери Александр Рудев бардык атаандаштарын утуп алды.

Кыз-келиндердин ядро түртүү мелдештеринде бишкектик Ольга Корвина менен чолпонаталык Лариса Дедова баш байгенин ээлери болушту.

Үстөл тенниси боюнча жеке таймашта бишкектик Саида Кудусова биринчи орунду ээледи.

Ысык-Көл оюндарынын чемпиону, оштук жөө күлүк Курсант Сыдыковдун пикиринде, бул оюндардын келечеги кең, Кыргызстандагы туризмдин өнүгүшүнө өбөлгө болот.

- Эл аралык Ысык-Көл оюндарына биринчи ирет келишим. Айрыкча Ысык-Көл керемет экен. Улуттар арасында ынтымак ыдырабай, Ысык-Көл оюндары достукту ширетип турат. Мелдешке да катышып, көлгө түшүп, абдан жакшы эс алдык. Бул оюндун негизги максаты, биринчиден, негизги байлык – ден соолук дегендей, калктын ден соолугун чыңдоо. Бул ар тараптан колдоого алуучу иш-чара.

Эл аралык оюндарга Ысык-Көл облусунун командасын жетектеп келген Алим Малдыбековдун айтымында, эреже боюнча өлкөнүн тандалма командасынын мүчөлөрү бул мелдештерге катышууга акысы жок болсо да мындай шартты орусиялыктар, казакстандыктар жана бишкектиктер аткарбады.

- Спорт - достуктун, тынчтыктын элчиси экендигин айгинеледи. Бул оюндардын масштабын кеңейтип, коңшулаш Кытай Эл Республикасынан мурда команда келген эле. Быйылкы өлкөдөгү саясый окуяларга байланыштуу Борбор Азия өлкөлөрүнөн Өзбекстан, Тажикстан, Түрмөнстандан команда келбей калды. Орусия менен Казакстандан да мурдакыдай көп команда келген жок. Эмдиги жылы Ооганстан, Индия, Иран, Пакистан, Түркия жана башка мамлекеттерден чакырып, спорттун олимпиадалык түрлөрүн да кошсо дурус болор эле.

Мындай оюндар Минскиде, Астанада да өткөрүлүп жүргөндүгүн эске алсак, Ысык-Көл эл аралык оюндарынын деңгээлин көтөрүү үчүн Түркиянын, Индия, Пакистан, Ооганстан жана Иран мамлекеттеринин спортчуларын да чакырса дурус болмок деген пикирлерди айткан адистер да болууда.

Мындай пикирин Казакстандын Кордай районунун “Достор” командасынын жетекчиси Кайрат Сарсенбаев да билдирип, “мелдеш спорт ардагерлеринин арасында гана өткөрүлсө, достукка көпүрө болсо” дейт ал.

Ошентип жети күндүк мөөрөй талашуулардын жыйынтыгында командалык биринчи орунда Бишкек шаарынын өкүлдөрү бара жатышат. Эл аралык Ысык-Көл оюндарынын баш байгесин мурда сегизинчи ирет удаасы менен уткан Орусиянын командасы быйыл спорттун айрым түрлөрү боюнча гана келип, биринчиликти колдон чыгарышты.

Чолпон-Атадагы эл аралык Ысык-Көл оюндары Кыргызстандагы спорттун деңгээлин таразалап, жетекчилердин спортко болгон мамилесин өзгөрттү дешет адистер.

Ысык-Көл оюндары өткөн “Көгүлтүр Ысык-Көл” эс алуу жайынын спорт имараттары, аянтчалары эл аралык талаптарга жооп бербестигин Талас облустук командасынын жетекчиси Шаршенбек Конгантиев сынга алды.

- Спорт аянтчаларда кимдер чуркап, байге алып жатат, кимдер менен волейбол, футбол жана башка таймашуулар өтүүдө, ким гол киргизди? Кимдер жеңди? Мунун баары күйөрмандар үчүн белгисиз болуп, дүлөй кишидей эле жалдырап отурушту, себеби эл аралык Ысык-Көл оюндарынын жүрүшү, таймашуулар учурунда үналгы, микрофон аркылуу эч кандай маалымат берилген жок.

Көпчүлүк жергиликтүү калк мелдештер өтүп жатканы тууралуу да билишпейт экен. Себеби маалымат булактарында Ысык-Көл оюндары тууралуу аз кеп болуп, жарнамалар да аз илинген.

Эл аралык спорт уюмдар конференциясынын президенти Борис Рогатин Ысык-Көл оюндары эл достугуна данакер болуп, ШКУга мүчө өлкөлөрдүн спорттук кызматташуусуна салым кошорун белгиледи.
XS
SM
MD
LG