Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:57

АКШ конгрессинде Борбор Азия боюнча такай иштөөчү кеңешме ачылды. Ооганстандагы кырдаал курчуп, энергетика каатчылыгы калкып чыкканы Батыштын чөлкөмгө кызыгуусу артууда.

Экономика менен коопсуздукту коштой жүрчү геосаясий кызыкчылыктын кайрадан Борбор Азияга бурулушунун дагы бир себеби Кытайга байланыштуу чыгууда.

Ушу тапта Кошмо Штаттарда утурумдук жашап жүргөн парламенттин социал-демократиялык фракциясынын мурдагы жетекчиси Бакыт Бешимовдун ырасташынча, президент Барак Обаманын алдында жеке бийлигин орнотуп алган Борбор Азия өкүмдарлары менен кандай мамиле жүргүзүү милдети турат. Жалаң экономикалык кызыкчылыкка басым жасалса чөлкөмдөгү толгон-токой адам укугун бузуулар менен демократияга кайчы келген аракеттерге көз жумуп коюу керек. Азырынча демократиялык баалуулуктарды баарынан жогору койгон өлкөлөр өзүмчүл режимдерге таасир көрсөтүүнүн мүмкүн болгон жолдорун колдоно бериш зарылдыгын айтышууда.

Дүйнөлүк экономикалык кризистин капшабы Борбор Азия өлкөлөрүн четтеп кеткен жок. Эл аралык валюта корунун Кыргызстандагы өкүлү Жеймс Макхюнун ырасташынча, каржылык кризис банк системасын козгой албады.

- Анын үстүнө Кыргызстан чөлкөмдөгү өнөктөштөрүнөн, тактап айтканда, Орусиядан ири өлчөмдөгү кредит алууга жетишти. Мындай көмөк жакшы таяныч, кризис капшабынан сактоого чоң өбөлгө болуп бере алат.

Түркмөнстандын экономикалык абалынын кандайлыгы Батыш өлкөлөрү эмес, жанындагы коңшуларына деле беймаалым. Өзбекстандын экономикалык кризис маалында дурус дегидей макроэкономикалык көрсөткүчтөргө жетишкендиги чоң ишенич туудурбайт. Энергетикалык ресурстарынын эсебинен дүйнөдөгү атаандаштыкка бекем туруштук бере алчу 50 өлкөнүн катарына кошулуу милдетин алдына койгон Казакстандын утурумдук дымагы басылып, каржы базарын кантип калыбына келтирүүнүн амалын таппай турган кези.

Ооганстандагы кырдаалдын кескин курчуп кетиши Кыргызстандан АКШнын “Манас” аба майданындагы аскер аба базасын чыгарууга байланышкан мыйзамдык жөрөлгөлөргө туш келип, жыйынтыгы ошол эле аба майданында Транзиттик борбордун ачылышы менен бышыкталды. Кошмо Штаттары экинчи мөөнөткө шайланган Кыргызстан президентинин демократиялык өлкө жосунуна дегеле коошпогон тенденцияга көз жуумп койду. Аны парламент депутаты, социал-демократиялык фракциянын жетекчиси Роза Отунбаева ачык эле айтты.

- Борбор Азияда биринчи болуп башка президенттерден озунуп бул ишти К. Бакиев жасады. Калгандары элдик көзөмөлдүн катуу сынынан өтүшкөн. Алар буга батына албай турушат. Иш жүзүндө эки министрлер кабинети түзүлдү.

Р. Отунбаева ушу тапта жогорку бийликте Бакиевдердин бешөө отурганын, антип үстөл кучактаган президенттин жакын урук-туугандарынын саны арбын экенин белгиледи. Иши кылып, саясий кызыкчылыктын каржылык колдоосуна айланган жаңы келишим негизинде кыргыз-америкалык экономикалык алака-катышты жакшыртуу, ортолук байланыштарды кеңейтүү маселеси келип чыкты.

Кошмо Штаттардын соода министрлигинин Кавказ жана Борбордук Азия департаментинин жетекчиси Даника Старкстын айтуусунда, ортолук экономикалык карым-катышты күчөтүүгө тоскоол болчу жагдайлар биртоп.

- Бул өлкөлөр ортосунда соода жүргүзүү өтөле кымбатка турат. Анткени буюмдарды ташып жеткирүүнүн чыгымдары көп. Анан да байланыш жагы да кыйын. Кошмо Штаттарда Кыргызстанды анча билишпейт. Анан да америкалык компаниялардын Кыргызстанда кантип ишкердик кылуу жөнүндөгү түшүнүктөрү да чектүү.

Ошентип географиялык чен-өлчөм, ортолуктун алыстыгы экономикалык тыгыз карым-катыштын жанданышына салакасын тийгизүүдө. “Алыскы туугандан жакынкы кошуна артык” демекчи Борбор Азия өлкөлөрүнүн өзгөчө ынак өнөктөшү катары азырынча Орусия менен Кытай гана калууда. Борбор Азиядан чыккан газ менен мунай түтүктөрү Кытайга ташылып, ал жактан адам колунан чыккан буюм-тайымдын текши баары келүүдө. Мындайда демократия менен адам укугунун бузулушу, коррупциянын болуп көрбөгөндөй чайлап-коолап кетиши жайында кеп болбой, жалаң экономикалык ийгиликтер саналып каларын Борбор Азия республикаларынын соңку тажрыйбасы тастыктоодо.
XS
SM
MD
LG