Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:17

Америкалык “Wall Street Journal” басылмасы 25-майда “Борбор Азияда демократиянын гүлдөшүнө кам көрүү” деген аталыштагы макала жарыялады. Макала авторлорунун көз карашында, Кыргызстандагы демократиянын тагдыры кыргыздардын өзүнө эле эмес, коңшуларына да көз каранды болуп турат. Алардын экинчи элдик толкундоодон кийинки мамилесин эске алганда, Кыргызстан сырттан колдоого муктаж.

Абройлуу “Wall Street Journal” басылмасындагы макаланын авторлору - Кыргызстандын Кошмо Штаттардагы экинчи элчиси, азыр АКШдагы Юта өрөөнү университетинин профессору Бактыбек Абдрисаев жана Андрей Сахаров атындагы фонддун вице-президенти Алексей Семенов. Авторлордун бири Бактыбек Абдрисаев “Азаттык” радиосунун кабарчысы менен маегинде алардын макаласынын максаты - өлкөдө кыйынчылык менен жүрүп жаткан жараяндардын туура жагын көргөзүү экенин айтты:

Бактыбек Абдрисаев
- Кээ бир илимпоздор Кыргызстан жөнүндө ачык эле айтып жатат: бул ишке ашпай калган эксперимент, тетири көздөй кетип калган, буларга жардам бергенден эч кандай пайда жок деген мааниде. Кыргызстанда болуп жаткан окуяларды эксперимент деп деле атасак болот. Бирок көп кыйынчылыктар, элибиздин аракети менен жетишилип жаткан нерсе. Муну туура жагынан көрсөтүп, дагы эле АКШда администрациясын болобу, башка уюмдарды болобу, өлкөбүзгө жардам берүүгө моблизациялоо аракетибиз.

Авторлор биринчи кезекте америкалык жана башка чет элдик окурмандарга багытталган макаласында Кыргызстан 1990-жылдардын башында эле аймактын калган өлкөлөрүнөн айрымаланып, бөлөкчө жол менен кетүүгө умтулганын, элдик толкундоолор эки ирет “потенциалдуу диктаторлорду” бийликтен кулатканын, бирок экөөнүн тең максаты окшош болгонун, реалдуу демократия орнотуу жана коррупциядан арылуу талап кылынгандыгын белгилешет. Элдин буга окшогон мүдөөлөрү эми канткенде турмушка аша алат?

“Тикелей колдоо болбосо да, айласыз макулдук”

Макалада айтылгандай, эл мүдөөсүнүн ишке ашуусу биринчи кезекте кыргыздардын өздөрү чечүүсү талап кылынган структуралык маселелерге байланыштуу. Бирок Кыргызстандын ийгилиги коңшуларынын тикелей колдоосу болбосо да, айласыз макулдугуна да көз каранды. Маселен Кыргызстанда парламенттик демократиянын орношу ал Борбор Азиянын жарандарына эле эмес, бүткүл дүйнөгө белги бере алуусу мүмкүн болгондуктан айрым коңшулар үчүн өрнөгү жаман коркунуч катары сезилет. Кыргыз демократиясы, “Wall Street Journal” басылмасындагы макала авторлорунун пикиринде, Борбор Азияны жүрүм-туруму илгерки хандардыкына окшош лидерлер күтүп турат деген мифке чакырык таштайт.

Андыктан Казакстандын чек араларын жапкан автократ президенти Нурсултан Назарбаев сыяктуулар кыргыз демократиясына каршы күрөш жүргүзүүгө даяр экенин дароо эле көргөзүштү. Муну менен авторлордун пикиринде, Назарбаев Кыргызстандын убактылуу лидерлерине парламенттик демократияга жол берүүгө болбой турганын каңкуулады. Ал эми Кыргызстандагы элдик толкундоону “тополоң” жана “хулиганчылык” деп баалоосунун артында казак лидеринин тынчыздануусу жатат. Анткени “эгер демократиянын маягы Кыргызстанда чындап эле кайрадан жанып кетсе жана ал мисал ийгиликтүү болуп чыкса, анын бүткүл Борбор Азияга жайылуусун эмне токтото алат?", - деп суроо коюшат макала авторлору.

Демократияны коргогон карта

Бактыга жараша Кыргызстанда да өзүнүн демократиялык эңсөөсүн коргоо максатында ойной ала турган карталар бар. “Wall Street Journal”басылмасындагы макала авторлору Бактыбек Абдрисаев менен Алексей Семенов Кыргызстан чек ара алты апта бою ачылбай турган кезде Түштүк Казакстанга суу берүүнү токтотуусун мына ошондой карталардын бир катары атаган. Авторлордун пикиринде, Кыргызстан үчүн бул жеңиш өз көз карандысыздыгын сооданы башка тараптар менен да өнүктүрүү жана Астанадан көз карандылыкты азайтуу аркылуу бекемдөөнүн маанилүүлүгүн баса көргөзүп олтурат.

Ит күлүгүн түлкү сүйбөйт демекчи Кыргызстандын демократиялык нукта өнүгүүсүнөн коңшулары чоочуйт деген пикирлерге Өзбекстандык адам укугун коргоочу, “Борбор Азиядагы адам укуктары” ассоциациясы деген уюмдун жетекчиси Надежда Атаева да кошулат. Анын айтымында, Кыргызстан кандай болгон күндө да кудай кошкон коңшулары менен кызматташууга муктаж, бирок жаңы бийлик аласа-береседе демократиялык принциптерге шек келтирбегидей жолду табууга умтулуусу керек:

Надежда Атаева
- Албетте Кыргызстандын убактылуу өкмөтүнө азыр абдан оор. Анткени коңшулары, курчап турган диктаторлор клубу менен эптеп келишүүсү керек. Маселен отун-кубат жагынан Кыргызстан Өзбекстанга көз каранды экени айныксыз. Өзбекстан муну менен ойногусу келет. Менимче, алдыда бизге али кыйла оор учурларды байкоого туура келсе керек. Бирок Кыргызстандын жаңы бийлиги диалогдун жолун таап, ошол эле учурда демократиянын принциптерине шек келтирбейт деп үмүттөнөм. Бул - биз Кыргызстандын бийлиги умтулуусун каалаган нерсе.

Сырткы жардам


“Wall Street Journal” басылмасындагы макалада айтылгандай, өлкө ошондой эле азыр сырттан колдоого да муктаж. Маселен, Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму өз ролун аткаруусу керек. Анда азыр кезеги менен Казакстан төрагалык кылып жатканына карабай, уюмдун ишмердиги демократиялык баалуулуктарды жылдыруу менен байланышкан. Андыктан калган мүчөлөр Астанадан ЕККУнун демократиялык реформа өткөрүүгө аракеттенген башка мүчөсүнө блокада жасоо менен уюмдун идеалдарына шек келтирбөөсүн талап кылышы абзел.

Европалык демократиялар болсо эски совет аймагында эркиндикти алпештөөгө кызыкдар. Ушундан улам ЕККУнун ар кыл институттары, анын ичинде демократия жана адам укуктары боюнча бюросу алдыдагы шайлоолорго байкоо гана жүргүзпөстөн, бийликти жаңы легитимдүү бийликке мыйзамдуу жол менен өткөрүп берүү маселелерин чечүүдө да жардам бере алмак. Бирок макалада көргөзүлгөндөй, кыргыздар өз демократиясынын формасы боюнча чечим кабыл алууда коңшуларынын кийлигишүүсүнөн эркин туруусу абзел.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG