Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:30

Кыргызстан менен Тажикстандын ири ГЭС курулуштары чөлкөмдөгү курч проблемага айланууда. Бул маселе түркмөн президентинин Ташкендеги сүйлөшүүлөрүндө, аз мурда Орусия президентинин ошол эле Ташкендеги сүйлөшүүлөрүндө да козголгон.

Табигый газ менен мунайга чукак Кыргызстан менен Тажикстанга коңшу өлкөлөр менен экономикалык алака-катышында айныксыз аргумент катары азырынча суу маселеси жүрүүдө. Өзбекстан президенти орус, түркмөн мамлекет башчылары менен сүйлөшүүлөрүндө Кыргызстандагы “Камбар-Ата”, Тажикстандагы “Рогун” ГЭСтеринин курулушун эл аралык экспертизадан өткөрүү, анан да коңшу өлкөлөрдүн пикир-сунуштарын эсепке алуу зарылдыгын баса белгилеп, курулуштарга каршы эместигин мындайча билдирген.

- Эгер ал эки өлкө эле эмес, бул чөлкөмдө жашаган башка элдердин, чөлкөм кызыкчылыгына жооп берсе. Эки улуу дарыянын суусу агып келе турган жерде, төмөндө жашаган элдер эмне үчүн эртең кыйналышы керек. Бул элдерге аны түшүндүрүш кыйын. Биз, Кудай акы, кура бергиле, дейбиз. Керек болсо ага биз деле катышабыз.

Өзбекстан ошол эле “Камбар-Ата – 1” ГЭСин куруу маселеси коюла баштагандан эле өзүн окчун кармап келсе, башында жаңы ишке катышууга катуу ниеттенген орусиялык, казакстандык компаниялар каржылык кризистин айынан четке чыгып, 1 миллиард 700 миллион кредитти орус өкмөтү өз жанынан бөлүүдө. Ошентип курулбай жатып чоң талашка түшкөн эки ири ГЭС энергетикалык кризиске капталган эки өлкөнүн электр керектөөсүн толугу менен жабышка жарай турган ири ишканалар болмокчу.

Аны өз күчү менен курууга каражаты жетишсиз Кыргызстан, Тажикстан сырттан инвестиция алып келишке аргасыз. Өкмөттүк кредит саясий шарт-талаптар менен шөкөттөлөрүн Орусия президентинин Ташкендеги билдирүүсүнө Тажикстан өкмөтүнүн мамилеси, Кыргызстандын “Манас” аба майданындагы антитеррордук күчтөрдү чыгаруу чечимин кабыл алышы кашкайтып көрсөтүп турат.

Суу маселеси козголгондо эки дарыянын башындагы өлкөлөр көтөрүп чыкчу Өзбекстан газынын баасы деген аялуу тема бар.

- Бизден алган сууну алар айылына, сугатка жумшаганы менен алар деле сатып жатпайбы. Бизге берген алардын газын элге сатабыз. Эмне үчүн алар газга бизден акча алат, эмне үчүн биз аларга кетип жаткан сууга акча албашыбыз керек?

Бул суроону кыргыз парламентингин депутаты, “Ак жол” фракциясынын мүчөсү Нарынбек Молдобаев коюуда. Мындай маселе парламентте буга чейин эчен ирет көтөрүлүп, бирок да коңшу өлкөлөр ал боюнча азырынча бир пикирге келише элек.

Кыргыз улуттук илимдер академиясынын Суу проблемалары институтунун директору, академик Дүйшөн Маматканов “Камбар-Ата” менен “Рогун” ГЭСтеринин курулушу чөлкөмгө экологиялык зыян алып келсе аны эки республика төлөп бериши керек, деп эсептейт.

- Чыгым жасаган жерибиз жок да. Бизди мисалы, “Токтогул” каскады тескерисинче жылына бизге 200 миллион доллар чыгым кылып жатат. Аны эмне үчүн сурабайт? Анын эмне үчүн ордун басып бербейт? Бул Тажикстан менен Кыргызстандын ушул маселени жакшы кое албагандыгында болуп жатат.

Улуттук экономикалык кызыкчылыкка келгенде антип тараптар ортосунан толгон-токой жүйөөлөр чыгары турулуу иш. Анткен менен социализм тушунда деле ошол эле “Токтогул” суу сактагычынын айланасында бир топ талаш-тартыштар болгонун айрым адистер айтып жүрүшөт. Мындан келди, Борбор Азиядагы эң ири эки гидрокурулуштун айлансындагы талаштарга деле чоң чекитти мезгилдин өзү коюшу ыктымал.
XS
SM
MD
LG