Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:09

Бүгүн Алматыда Арал деңизи проблемаларын талкуулаган Борбор Азия мамлекет башчыларынын жолугушуусу өтөт. Жыйын катышуучулары Арал деңизин сактоо эларалык фондунун жаңы жобоосун бекитип, мындан аркы иш-чаралар программасын аныктап, чөлкөмдөгү суу-энергетикалык кызматташтык жайында пикир алышмакчы.

Жыйын өтөргө чейин эле расмий Ташкендин демилгеси менен Кыргызстанда, Тажикстанда курулчу “Рогун”, “Камбарата – 1” ГЭСтеринин айланасында чоң ызы-чуу көтөрүлүп, алардын сөзсүз эларалык экспертизадан өтүшү керектиги байма-бай айтылып келген. Өзбекстан позициясы Европа биримдигинин колдоосуна ээ болууда. Айрым маалымдоо каражаттары Алматыдагы жыйында Өзбекстан, Казакстан, Түркмөнстан эки дарыянын башындагы Кыргызстан менен Тажикстанга аянбай “суу урушун” ачарын болжолдошкон.

Президент И.Каримовдун ири гидрокурулаштар эларалык экспертизанын жыйынтыгына жараша, Арал деңизинин экологиясына зыяны тийбегидей болушун талап кылган билдирүүсү 13-апрелде Өзбекстандын тышкы иштер министрлиги тарабынан дагы бир ирет тастыкталып, Борбор Азиядагы суу-энергетикалык проблемаларга үчүнчү тараптын кийлигишүүсү туура эместиги белгиленди. Европа биримдиги ортолук проблемаларды мунасага келип, чөлкөмдө жашаган бардык калктардын кызыкчылыгын сактоо менен чечүү керектигин ырастап, жагдайдан чыгуунун айныксыз жолу катары орто жана чакан ГЭСтерди куруу, энергетиканын башка булактарына көчүүгө үндөөдө. Аны Германия Федеративдүү Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Гольгер Грин да ырастады.

- Тажикстандагы “Рогун”, Кыргызстандагы “Камбарата” сындуу ири долбоорлор, менимче, курулушатн мурун экологияга кандай таасир тийгизери кылдат иликтениши керек.

Кыргызстан президентинин кеңешчиси Муратбек Иманалиевдин айтуусунда, ортолук проблеманы чечүүнүн эки гана жолу бар. Өзбекстан мунай менен газын базар баасында башкаларга сатып жаткан соң суу боюнча мамиле-катышты деле базар наркына өткөрүшү керек. Борбор Азия төбөлдөрүнө андай ыкма жакпаса мурунку социалисттик системаны кайтаруу зарыл.

- 2 – 3 жыл ошол системаны кармап, эки-үч жыл ойлонолу. Эмне кылабыз, ушул кырдаалдан кантип чыгабыз? Себеби мындай карама-каршылык болуп, бири-бирибизге тирешип тура берсек, канча жыл деп айта албайм, бул баарыбызга зыян болот. Өзбекстанга, бизге дагы, Казакстанга да,- дейт М.Иманалиев.

Азырынча Борбор Азия республикалары суу-энергетика боюнча туруктуу мамиле-катнашка жетише элек. Арал деңизине кетчү чоң сууну жолдон буруп, деңиздин соолушуна себепкер болгон өлкө энергетикалык кризистен башы чыкпаган коңшуларынын ири курулуштары экологияга оор зыян алып келерин айтып, эларалык экспертиза чакырууну талап кылып олтурат. Расмий Ташкендин суу жөнүндөгү билдирүүлөрү көбөйө баштаган чакта Кыргызстандын өкмөт башчысы И.Чудинов бул жааттагы кызматташуу тууралуу расмий позицияны дагы бир жолу кайталоого мажбур болду окшойт.

- Арал проблемасы үчүн Кыргызстанга кине коюу анда буга чейин болуп келгендердин баарына көз жуумп коюу болуп эсептелет. Биз бул жылдары Нарындын орточо агымын үзгүлтүккө учуратпай коңшуларга агызып турдук. Дарыянын төмөнүндө жайгашкан коңшулардын сугат жерлери канчага көбөйгөнүн карап чыгыш керек. Канча жери сугарыларын эсепке алыш зарыл. Эларалык конвенцияларды алалы, суунун башында же аягында жайгашканына карабастан, бардык өлкөлөр жоопкерчиликти бирдей тартышы керек.


1994-жылы Борбор Азия мамлекет жетекчилери Арал деңизин коргоп калуу концепциясын кабыл алышкан. Деңизди 1960-жылкы деңгээлине жеткирүү мүмкүн эместигин белгилешкен жетекчилер соолуп бараткан көлдү азыркы калыбында сактап калуу милдетин алышкан. Анткен менен коңшулар ортосунда орток экологиялык проблема саясий таасир көрсөтүүнүн куралына айланып, бири экинчисине кине тагуудан өйдө көтөрүлө албай жатышат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG