Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:09

Өзбекстан көптөн бери Кыргызстан менен Тажикстан ири гидрокурулуштарын коңшулардын макулдугу менен жүргүзүшү керектигин талап кылып келатат. Эми расмий Ташкен андай курулуштарга инвестиция салууга даяр экенин билдирүүгө өттү.

Улуттук илимдер академиясынын Суу проблемалары институтунун директору Дүйшөн Маматкановдун ырасташынча, Өзбекстан жанындагы коңшулардын экономикалык кызыкчылыгын эсепке албай жатат.

- Арал бассейнине 30 миллиард кубометр суу кетет. Ошонун болгону 4 миллиардга жете бербеген кубометрди алабыз. Андан ашыкчаны алганга силердин акыңар жок, деген сыяктуу болуп жатат. Бул өзү эл аралык мыйзамдарга деле туура келбейт.

Академик Д. Маматканов эгемен өлкө өзүнүн экономикалык кызыкчылыгына жараша табигый байлыктарын пайдаланууга акысы бардыгын Улуттар уюму да ырастаганын маалымдады. Тек андай аракет артынан оор экологиялык кырсыктарды алып келбеши абзел. Ал эми Кыргызстандагы “Камбар-Ата – 1”, Тажикстандагы “Рогун” ГЭС курулуштары кандай экологиялык кырсыктарга алып келерин эч ким так айта албайт.

- Токтогул каскады тескерисинче жылына бизге 200 миллион доллар чыгым кылып жатат. Аны эмне үчүн сурабайт? Анын эмне үчүн ордун басып бербейт? Бул Тажикстан менен Кыргызстандын ушул маселени жакшы кое албагандыгынан эле болуп жатат. Эгер аны мыйзам ченеминде кое турган болсо бул өзү чечиле турган маселе,- дейт Д.Маматканов.

Кыргызстанда суу сактагычтарды кармоого кеткен чыгымдарды коңшулар тең бөлүшү керектигин ырастаган мыйзам кабыл алынган. Табигый байлыктардын катарында сууну деле товар катары баалоо зарылдыгы көптөн бери Кыргыз парламентинде козголуп келатат. Ал маселе айрым байкоочулардын болжолунда, “Камбар-Ата - 1” ГЭСинин курулушу менен дагы коюлушу мүмкүн.

- Биздин проблемалардын чечилип жатканынан алар түйшүккө батып жатышат. Эгер проблемалар чечилбесе алар эч качан түйшүккө батышмак эмес. Анан дагы бир маселе, суу башыбыз деп мактанчу элек. Өзүбүздө суу таңкыс болуп жатпайбы. Анын алтындан да кымбат экени эми билинет,- дейт парламент депутаты Ибрагим Жунусов.

“Камбар-Ата” ГЭС курулушуна ири каражат жумшоого куштар Орусиянын Кыргызстандын суу байлыгына ээ болуп калышы мүмкүн экендигин айрым байкоочулар болжошууда. И. Жунусов андай кооптонууга негиз жок, деп эсептейт.

Ал эми академик Д. Маматкановдун айтуусунда, чочулашка негиз бар, анткени “Камбар-Атаны” Токтогул катарындагы энергообъекттердин катарынан чыгарган мыйзамда бул маселе так көрсөтүлбөй калган.

- Эгер “Камбар-Ата” энергетикалык объект болсо эч кандай коркунуч жок. Анткени “Камбар-Ата” энергетикалык гана режимде иштеш керек.

Кыргызстандын мурунку тышкы иштер министри Эднан Карабаев Борбор Азия республикаларынын талаш маселени ымалага келип чечиштен башка ылаажы жок, деп эсептейт.

- Эгер анын укуктук негизин түзө алсак, ошондо гана маселе чечилет. Баары тегиз чечилет, деп айталбайм. Бирок да бул талаштуу маселелерди чечүүнүн механизмин табууга өбөлгө түзөт. Жалаң эле укугу эмес, милдеттенмеси да бар.

Социализм заманында башталган Кыргызстандагы “Камбар-Ата”, Тажикстандагы “Рогун” ГЭСтеринин курулуштарын аягына чыгарууга эки өлкөнүн буямасы келбей, ага орусиялык, казакстандык ири энергетикалык компаниялар инвестиция алып келери арбын кеп болуп, каржылык каатчылык тушунда анын көбү унутулду. Айрым байкоочулар орусиялык 1 миллиард 700 миллион доллардын “Камбар-Ата – 1” ГЭС курулушуна бөлүнүшү деле күмөн деп эсептешет. Ошол эле орусиялык убадага тойгон тажик өкмөтү ушу тапта “Рогун” ГЭСинин курулушуна инвестицияны Батыш өлкөлөрүнөн издөөдө. Эл аралык эксперттердин корутундусун талап кылуудан тажабаган расмий Ташкендин жаңы демилгесин эки коңшу өлкөнүн колдоп ийиши деле кыйын.
XS
SM
MD
LG