Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:34

Тоодон түшкөн суунун түздөгү чатагы


Тажикстандын Вахш дарыясындагы Нурек ГЭСи

Тажикстандын Вахш дарыясындагы Нурек ГЭСи

Кыргызстан менен Тажикстандагы ири гидрокурулуштарды эларалык экспертизадан өткөрүү талабын кийинки жылдары Өзбекстан байма-бай кое баштады.

Аны жакында эле Өзбекстан өкмөт башчысынын тажикстандык кесиптешине жазган каты да күбөлөп турат. Өткөн жылдын аягында Кыргызстандын өкмөт башчысы Д.Үсөновдун Ташкенге иш сапарында да ушул маселе козголуп, расмий Бишкек эларалык экспертизадан өтүүгө каршы эместигин билдирген.

Сестүү каттын изи менен

Өзбекстандын өкмөт башчысы Шавкат Мирзияевдун тажикстандык кесиптеши Акил Акиловго жолдогон катына азырынча жооп бериле элек. А бирок ал ансыз деле мамиле-катышы кыйла суз эки өлкөнүн ортосундагы тирешүүнү дагы күчөтөрүн байкоочулар эмитен эле айтууга өтүштү.

Борбор Азиядагы эң ири Рогун ГЭС курулушу социализм доорунда эле башталып, бирок да аягына чыкпай калган. Ошондой эле тагдырга Кыргызстандын “Камбар-Ата” ГЭСи да туш келип калышы ыктымал. Кайриет, экинчи ГЭСтин курулушу мамлекет эсебинен каржыланууда. Өткөн жылдын соңунда Нарын суусу бөгөлүп, быйыл жайда “Камбар-Ата – 2” ГЭСинин 1-агрегаты ишке киргизилиши күтүлүүдө.

Рогун ГЭСинин курулушун толук бүткөрүүнү мындан үч-төрт жыл илгери орусиялык “Русал” компаниясы өз колуна алмак болуп, бирок да тажик өкмөтү менен келише албай, курулуш башталган эмес. Шавкат Мирзияев экологиялык өтө коркунучту аймактагы ири ГЭСтин коркунучу Амударыянын төмөнкү агымында жайгашкан Өзбекстанга өзгөчө тиерин белгилейт. Тажикстан курулушту эл аралык экспертизадан сөзсүз өткөрүшү керектигин эскертет. Ошондой эле коркунуч “Токтогул”, “Нурек” ГЭСтеринен да пайда болуп калыш ыктымалдыгын айтат.

Катка жооп качан болору белгисиз

Тажикстандын Тышкы иштер министрлигинин пресс-кызматы Ташкенден келген катка сөзсүз жооп берилерин кабарлап, маселе ушу тапта кылдат иликтенип жатканын билдирди. Ал эми Тажикстандын суу чарба институтунун директору Яраш Пуладов Рогун ГЭС долбоору адистер тарабынан эчен ирет текшерилип, көптөгөн экспертизалардан өткөнүн ырастайт.

- Бу долбоор канча мертебе экспертизадан өттү. Илимпоздор менен адистер 20-30 жылдан бери жалаң ушул маселени талкуулап келатышат. Бу маселе бүгүн эле чыгып жаткан жери жок. Эгер эларалык экспертиза жүргүзүлчү болсо ал Тажикстан тараптын гана жүйөөсүн туура дешине мен ишенем. Мындай экспертиза эки жакка тартпаган калыс, чынчыл экспертиза болот.

Ушул эле ойду улап Тажикстандын Сейсмология институтунун жетекчиси академик Собид Нематуллаев талашка түшкөн ГЭСтер курула электен мурда эле жер кыртышын иликтөө иштери такай жүргүзүлүп келатканын, ири ГЭС курулчу аймак эчен экспертизадан өтүп, сейсмикалык жактан коркунуч туудурбастыгын маалымдады.

Жарыктын азары

Үч жылдан бери электр энергиясынын азарын абыдан тарткан Тажикстан Рогун ГЭСине чет элдик ири инвестиция качан келерин күтүп отурбай, көпчүлүктүн колдоосу менен жалпы элдик курулушту баштоонун аракетине киришүүдө. Ушундай эле жагдайга кыргызстандык “Камбар-Ата –1” ГЭСи да туш келиши мүмкүн.

Өткөн жылы Кыргызстандын “Манас” аба майданындагы америкалык аскер аба базасын чыгаруунун эсесине Орусия өкмөтү 1 миллиард 700 миллион доллар кредит берүүгө макул болгон. Бирок да август айында мурдагы аскер базанын ордуна америкалык Транзиттик борбор түзүлүп, анын ижара акысы 60 миллион доллар акчага көбөйгөндөн кийин орусиялык кредит тагдыры бүдөмүк боло баштады. Аны Кыргызстандын Борбордук өнүгүү агенттик башчысы Максим Бакиевдин Кытайга иш сапары учурунда “Камбар-Ата –1” ГЭС курулушун каржылоо маселеси кайра-кайра козголушу айгинеледи окшойт.

Анын себеп-жөнүн саясат таануучу Александр Князев момундай жагдайга байланыштуу түшүндүрөт.

- Кеп бул жерде Кыргызстандын айрым милдеттенмелерин аткарбай коюшунан Орусиянын ал акчаны бөлбөй тургандыгы жөнүндө болууда. Өнүктүрүү фонду болсо ушул кенемтени толтуруп кытайлыктарды долбоорду ишке ашырууга катышууга чакырды.

Борбор Азия республикалары үчүн суу-энергетикалык проблемалар кийинки кездери кыйла курчуп, ал суу башындагы ири ГЭС курулуштарын эларалык экспертизадан өткөрүү талабы менен коштолууда. Буга чейин тараптар ортолук суу-энергетикалык консорциум түзүү демилгесин колдоп келишкен. Экономикалык кызыкчылыктардын кайчы келишинен ал идея кагаз жүзүндө гана калып ишке ашкан жок.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG