Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:21

30-апрелге караган түнү Өзбекстан Ноокен районундагы Чек айлына өзүнүн чек ара бекетин орнотту. Пахта-Абат районунун акими Чек айылы Өзбекстанга караштуу деп элге жарыя кылды. Мындай аракет эки өлкөнүн ортосундагы чек ара жайлары делимитация боло электе жасалды. Чек айлынын тургундары Өзбекстандын куралдуу жоокерлерин чыгарып кетүүнү талап кылышты.

Ноокен районундагы Чек айлынын тургундары түнү менен уктай алышкан эмес. Бейшембиге оогон түнү өзбекстандык техникалар аралай өтүп, кыштактын баш тарабына чек ара кызматынын вагондорун сүйрөп келип орнотушкан. Ал жерде төрт өзбек чек арачысы күзөттө турат. Андан тышкары дагы экөө айылды аралап жүрүшөт. 30- апрелде алар темир тосмо орнотуу үчү айылдын чет жакаларындагы жолду оюп казышты. Бирок айыл тургундарынын ары-бери каттоосуна азырынча тыюу салына элек.

Кечээ облустук бийликтин өкүлдөрү кыштактын эки тургуну менен айыл караган Сакалды айыл өкмөтүнүн кеңсесинде баарлашып, эч кандай кызуу кандуулукка алдырбоого чакырышып, коңшу элдин достугу бекем экендигин белгилешкен. Бирок алар айыл өкмөттү кеңсесинен үч чакырым ары турган Чек айылына барышкан эмес.

Кечке жуук Өзбекстандын Пахта-Абат районунун акими Абдрахманов Шухратбек кыштактын он тургунун кыргыз-өзбек чек ара тилкесине сүйлөшүүгө чакырган. Ал чектиктерге жер Өзбекстанга караштуу экендигин, айылга бекет орнотулаарын билдирген. Өзбек акими Сакалды айыл өкмөтүнүн башчысы Абдрахман Осмоновдун «айылдын маселеси чечилгиче, бекет орнотпой кое тургула» деген сунушун уккан эмес.

Кыштактын жашоочусу Салимурза Жумабаевдин айтымында, айылда 74 түтүн эл бар, алардын 25 үй-бүлөсү же 125 киши кыргыз жараны, 200 киши өзбек жараны. Айыл – Сакалды айыл өкмөтүнөн 3 чакырым, облустун борбору Жалал-Абат шаарынан 72 километр. Өзбекстандын Пахта-Абат районунун байтагы – Пахта-Абат шаарынан 5 километр келет.

Кыргыз жарандары Сакалды айыл өкмөтүнө жер үлүштөрүн алышкан, маяна, жөлөк пул, пенсияларын да Кыргызстандан алышат. Өзбек окуучулар Чек айылынан бир жарым чакырым ичкери турган Өзбекстандын мектебине барып окушат.

Сакалды айыл өкмөтү тынчтыкты сактоо максатында айылдагы Пахта-Абат каналынын ( мурда Сталин арык деп аталчу) боюна штаб ачты.

Жердештеринин абалына тынчсызданган айылдын эки тургуну бүгүн облустук бийликке келишти. Манап Божоевдин ырасташынча, чектиктердин жарандык мыйзамы сакталбай калды. Аскердик техникалардын үндөрүнөн чоочуган айылдыктардын дене бою дүркүрөдү. Өз бийлигин орнотуп алган сон, өзбек кызматтарынан адам укугун сактабаган ар кандай окуяларды күтүүгө болот.

Пахта-Абат районунун акими менен кошо келген Өзбекстандык коопсуздук кызматынын өкүлү айылдыктар эмне үчүн бекет коюларын сурашканда, ал «силерди террористтерден, наркотик жана бомбалар менен «хизбут-тахрирлердин» баракчаларынан сактайбыз» деп жооп берген.

«Биздин күч органдарыбыз да биздин укугубузду коргой албай калышты,- дейт Манап Божоев. - Бул айылда октябрь ыңкылабынан бери биздин ата-бабаларыбыз, кыргыздар жашап келген. Кандайча болуп, кандай келишим - мыйзамдын негизинде жер Өзбекстанга өтүп кеткенине таң калабыз. Бул тууралу бизге эч ким кабарлаган эмес. Өзбекстан күчтүү мамлекет экендигин билдирүү үчүн эле үстөмдук кылып жатабы, биздин бийликтегилердин унчукпай турганын сезип».

Облустук бийликтин укук коргоо уюмдарын тейлеген бөлү башчысынын орунбасары Муса Эргешов кыргыз жарандарынын укугу сакталбай атат деп айтканга негиз жок экендигин билдирди.

Облбийликтин өкүлүнүн пикири менен Жалал-Абат шаарынын тургуну Кадырбек Жакыпов макул эмес. Ага эмне себептен Чек айлына өзбек жоокерлеринин кирип келгени, бекет орноткону түшүнүксүз. Мамлекеттер аралык келишимдерге кол коюла элек болсо, делимитация иштери бүтө элек болсо, өзбек тарап тактала элек жайларга кирбей туруусу зарыл болчу .

- Биздин бийлик принципсиздигин көрсөтүүдө. Буга чейин Үзөңгү-Кууш Кытайга, Каркыра жайлоосу менен Ысык –Көлдөгү пансионаттар Казакстанга берилип кетти. Бийликтин чек арага болгон ушундай мамилеси коншуларыбызга Кыргызстан менен чек ара маселесин ушундай жол аркылуу чечсе болот деген ойго түртүшү мүмкүн. Менимче, Ноокен районундагы Сакалды айылына караштуу Чек айылындагы кырдаал боюнча так маалымат берилиши керек. Өзбек тараптын курал менен ал айылга кирип келишине кандай жагдай түрткү берди? Жең ичинен макулдашуу болуп кеткен жокпу ? Ушуну так, расмий маалымат катары элге ачык айтышы керек! Мамлекеттер аралык келишимдерге кол коюлбай, делимитация бүтө элек болсо, өзбек тарап тактала элек аймактарга кирбей туруусу керек. Тынчтык бардыгына, коңшу турган кыргыз менен өзбекке да керек, - дейт Кадырбек Жакыпов.

Айыл тургуну Токтосун Асанов да өзбек жоокерлери алгач келгенде бейтарап деп айтышкан аймактын кандайча Өзбекстанга карап калганына түшүнбөйт. Кыштакта куралдуу өзбек жоокерлери менен аралаш жүрүү кооптуу болууда. Өзбекстандын Пахта-Абат районунун акими 19-апрелде алгач келгенде «маселе эки райондордун акимдеринин, губернатордун колунан келбейт, маселени президенттер чечет»,- деп тынч жашай берүүгө ишендирген.

- Түндө айылды курчоого алышты. Биз кечээ койгон бекеттерин кайра алып кетуусун жана мурдагы жай турмушубуздагыдай жашоону камсыз кылуусун өтүнөбүз. Айылдагылар кыргыз-өзбек деп улутка бөлүнбөстөн эриш-аркак, тынч жашап келатабыз. Тынчтыкты 19-апрелден бери айылды кыдырган автоматчан өзбек чек арачылары бузуп коюшту,- дейт Токтосун Асанов.

Облуста өзбек жарандары жашаган айыл-кыштактар да жок эмес. Ноокендин Чек айылында эки өлкөнү жарандары аралаш турушат. Губернатордун 1-орунбасары Турдуназир Бекбоевдин жообу боюнча аталган айыл сыяктуу облус менен Өзбекстандын ортосунда 21 жайдын тагдыры чечилбей турат. Маселе өкмөткө коюлду. Ага ылайык өкмөт, чек ара кызматы жана Тышкы иштер министрлиги өзбек тарап менен сүйлөшүү жүргүзөт.

- Өзбекстандын ал жерге оз алдынча бекет коюуга укугу жок. Айыл 1955-жылкы картага ылайык Өзбекстанга караштуу. Өзбекстандын аймагы деп эсептелингени менен чек араларды аныктоо боюнча өлкөлөр аралык келишим боюнча башы ачылбаган жерлерге чек ара же башка бекеттерди орнотуу, курулуштарды тургузуу мүмкүн эмес. Ал жерди байырлаган кыргыз жарандарына турак-жай курууга жер алып, Кыргызстанга көчүп өткүлө деген сунуш 1993-жылдан бери кулак кагыш болгон. Баарын көчүрүп алууга албетте мүмкүнчүлүк жок,- деп айтты губернатордун 1-орунбасары Турдуназир Бекбоев

  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG