Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:06

Өз мекени үчүн да чоочун 24 үй-бүлө жардамга муктаж


Ноокен районундагы Чек айылына көчүп кеткен жарандардын үйлөрү жарымы курулган бойдон бүтпөй турат. Алар курулуш материалдары менен насыя акчага муктаж болууда. Учурда чатырда күн көргөн баш калкасыз тургундар өкмөттөн бериле турган насыя акча кечиккендиктен суук түшсө “кайда жашайбыз?” деп санааркашат.

Айыл карамагына кирген Сакалды айыл өкмөтүнүн башчысы Чектин социалдык маселелери чечилип жаткандыгын билдирди. Кыргызстандык 24 үй-бүлө (4 үй-бүлө кыргыздар, 20 үй-бүлө өзбек улутундагылар) Өзбекстандын талабы менен эки ай мурда кыргыз-өзбек чек ара тилкесиндеги Чек айылынан көчүп чыгууга аргасыз болгон.

Кыргызстандык 24 үй-бүлө коңшу өлкөгө тиешелүү деп саналган Чек айылынан Ноокен районундагы аты уйкаш кыштакка эки ай мурда көчүп кетүүгө аргасыз болгон. Кыргызстандын жарандары конушун өзгөрткөн соң өзбек тарап экиге бөлүнгөн айыл ортосундагы көпүрөнү бузуп салган.

Аталган райондун Сакалды айыл өкмөтүнүн башчысы Абдрахман Осмоновдун ырасташынча, Өзбекстан өз коопсуздугун сактоо максатында демаркация болгону менен делимитация боло элек Чек айылын өзүнүкү деп эсептеп, кыргызстандыктардан бир апта ичинде бул жерден көчүп кетүүнү талап кылышкан. Ал үй-бүлөлөрдүн турак-жай куруусуна ар бирине чек ара аймагынан 8 сотиктен жер бөлүнүп берилип, айылга таза суу тартылып келе турган болду. Мындан сырткары электр жарыгы менен камсыз кылуунун чаралары көрүлүүдө.

Ош, Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекциянын жардамы менен чектик тургундарга 200 миң сомдон насыя акча берүү маселеси чечилди:

- Өзбекстан “силерде тополоң болуп жатат, бизге тынчтык керек, көчүп кеткиле, болбосо көпүрөнү бузабыз” деп бир жума убакыт берген. Беш гектар жерди айылдык жана райондук кеңештердин депутаттарынын чечими менен ар бир үйгө сегиз сотиктен жер бөлүү үчүн баланстан чыгардык. Азыр эми токтом даярдап атабыз. Булардын тизмелери дирекцияга берилген. Июнь айындагы тополоңдо жабыр тарткандарга кошуп буларга да “жыйырма жылга эки жүз миң сомдон ссуда бөлөбүз” деп айтышкан. Ошого жараша биз дүйшөмбү күнү токтомду беребиз. Токтомдун негизинде архитектура мамлекеттик акты түзөт, андан кийин булардын эсебине 200 миң сомдон кредит түшө баштайт.

Курулушка акча жок

Анткен менен жайлак талаада түптөлө баштаган айыл турмушу оор. Бардык үй-бүлө ушул тапта чатырда баш калкалоодо. Чектиктер түгөлү менен үйлөрүн уютулган ылай, пакса дубал менен тургузууда. Тамдарынын курулуш жабдуулары эски, аларды Өзбекстанда бузулган имараттарынан ташып келишкен, жаңыларын сатып алганга каражаттары жок.

Сегиз адам бир чатырда жашаган Зулфира Закированын үйүнүн чатыры жыгач менен шыйпырды сатып алганга мурчасы жетпегендиктен жабылбай турат:

- Биз чатырда жашап атабыз, суук. Шамал болгондо чатыр учуп кетет. Балдар үшүп, ооруп атат. Аларга дары алганга акча жок. Үйдү бүтүргөнгө шыйпыр, жыгач, мык керек.

Ардагер Махмуджан Шарабидиновдун үй-бүлөсү да уул-келини, неберелери менен бир чатырда жашоого аргасыз. Себеби чектик башка тургундар сыяктуу булардын да тамы бүтөр-бүтпөсү арсар абалда:

- Биз жети адамбыз, келиним, балдары болуп. Бизге жардам керек, жардам убада кылышкан, анысы болбой турат. Дубалды тургузуп койдук, бетон куюп.

Карыянын келини суу куюп, уулу суу менен топуракты аралаштырып, дубалга жарай турган ылайды оодарыштырып жатты. Уулу дубал тургузууга мындан башка арга жок экендигин айтты:

- Үйдү бышкан кирпич менен курганга акча жок, акча болсо, бышкан кыш менен дубал урган эмне деген нерсе? Бизге андан көрө акча берсин.

Кыргыз-өзбек чек арасында жайгашкан Чек айылындагы көпүрө.
Айыл тургуну Назира Мамажанова чектиктер курулуш жабдууларын да карызга алышкандыгын билдирди. Айыл башчынын ортомчулугу менен Ноокен районундагы таанымал ишкер болочок үйлөрдүн жерпайы менен дубалына керектүү шагыл-таш, цемент, топуракты төктүртүп берген. Анын акысына төлөнүүчү өкмөттүк насыя акчанын берилиши да чектиктерге түшүнүксүз себептер менен кечигүүдө:

- Эртең эле жамгыр, кар жааса, “силер талаада каласыңар” дегени үчүн эле биз аларды карызга түшүрүп алдык. Бизде суу да жок, аны ташып ичебиз. Электр жарыгын кошуна айылдан тартып алганбыз, бирок кыш түшсө алар бизге аны бербейт. 24 үй-бүлө көчүп чыккан, бизге өзүнчө подстанция керек.

Кызы экөө ылай жасап жаткан Турдалы Мурзакулов дубалы жарымы бүткөн үйүн өзү бүтүрүүгө мажбур болду. Анткени ал акчасы жогунан акысын төлөй албай калганда усталары ишин таштап, кетип калышкан.

- Айласыздан топурак, чоподон үй курап атам. Башка арга жок. Айласыздын иши. Усталарга бергенге акча жок.

Чек айылы кыргыз-өзбек чек арасынан 300 метр ичкери турат. Айылдын окуучулары андан жарым чакырымдай ыраак турган кыргыз милициясынын алгачкы генерал-майорлорунун бири Эргеш Алиев атындагы орто мектептен билим алышат.

Экиге бөлүнгөн айылдын ортосунан Ноокен районунун тургундарынын тили менен айтканда Сталин суусу өтөт. Сууга салынган көпүрөнү Өзбекстан июль айында бузуп салган. Суу боюна курулган чек ара бекетинен бүгүн мурдагыдай айыл аралап, суу жээктеп жүргөн өзбек чек арачылары көрүнгөн жок. Өзбекстандын аймагы деп саналып, кыргыз жарандары көчүп чыккан Чектин эски ордунда үйлөрдүн урандылары жатат.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG