Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:04

КЕРЕМЕТ ҮКӨК: “АПЕНДИНИН БЕШ АЯЛЫ”


19-20-мартта Бишкекте “Учур” телетеатрынын артисттери өзбек драматургу Иброгим Содиковдун чыгармасы боюнча коюлган “Апендинин беш аялы” аттуу спектаклдин премьерасын тартуулашат.

Бул спектакль Аваз Сырымбетовдун котормосу боюнча сахналаштырылды. Оюнда апенди кыз-келиндерди сындан өткөрүп, беш аял алып, алар менен кандайча өмүр сүргөндүгү баяндалат. Ал аялдарынын бирин ойногон “Учур” телетеатрынын артисти Нурдөөлөт Копоев, жараткан образын мындайча чечмелейт:

-Долу, аябай көк бет. Келип эле менин атам баш кесер, бир таякем тиги жакта иштейт, чоң атам сөгүнгөндө тим эле чала бышкан өрүк бышып кетет деп эле апендини коркутуп алам. Азыркы күндө деле чоң кызматта иштеген жакындарына таянып алып кыйын боло бергендер бар да.

Ал эми башкы каарман Апендинин образы Улан Өмүралиевге туш болгон. Ал бул ролду сыймыктануу менен ойноп, образды элге жогорку деңгээлде жеткирүү үчүн бир топ аракеттерди көргөнүн айтат:

-Бул өтө оор, татаал образдардын бири да. Апендини ойнош үчүн канча деген китептерди, макалалар, азил-тамашаларды окуп чыктым. Ошондон улам кичине бир жыйынтык болуп атат. Бирок өтө оор роль болуп атат.



Негизинен бул спектакль башынан аягына чейин күлкүлүү окуялар менен коштолот. Оюнду койгон режиссер, Кыргыз Республикасынын эл артисти Акылбек Абдыкалыковдун пикиринде көрөрмандар мына ушундай жеңил темадагы, тамашалуу спектаклдерди көксөп турган учуру. Андыктан театр күйөрмандары жылуу кабыл алат деген ойдо:

-Бүгүнкү күндө эл философиядан жана коомдук проблемалардан чарчап бүттү эл. Анан ушул оюнду коюп, көрүүчүлөрдүн көңүлүн көтөрөлү деп жатабыз. Комедия элге жетет деп ойлойбуз.


“Учур” телетеатры буга чейин Эрменбек Токтогуловдун “Мурут же Жамал” аттуу комедиясын сахналаштырып Кыргызстандын бир катар аймактарын кыдырып, театр күйөрмандарына тартуулашкан. Театрдын жетекчиси Шаршебек Шейшеновдун пикиринде кайсы гана театр болбосун репертуарында сөзсүз жеңил темадагы спектаклдердин болушу зарыл:

-Жалаң эле классика же болбосо фестивалдарга кое турган спектаклдер эмес, акча түшө турган, артистерди бага турган оюндар керек болчу. Ошол себептен карап көрүп, Иброгим Содиковдун ушул чыгармасына көңүлүбуз бурулуп калды. Сураштырсак бул чыгарма бир да кыргыз театрларында коюлбаптыр. Ырас болду деп, баарыбыз жактырып, сахналаштырууга кириштик.

Бул спектакль Бишкекте эки күн көрсөтүлөт. Андан соң артистер Кыргызстандын аймактарына гастролго чыгышат.
XS
SM
MD
LG