Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:27

А.Чехов жана кыргыз маданияты


"Адамдын акылы жана адеп-ахлагы канчалык бийик болсо, ал ошончолук эркин"

"Адамдын акылы жана адеп-ахлагы канчалык бийик болсо, ал ошончолук эркин"

29-январда орус элинин улуу жазуучусу Антон Павлович Чеховдун туулган күнүнүн 150 жылдыгы белгиленет. Кыргыз көркөм өнөрүнүн өкүлдөрү анын чыгармалары кыргыз адабияты менен маданиятына да таасир тийгизгенин белгилешүүдө.

Орустун адабиятында эле эмес, дүйнөлүк адабиятта «аскадай» орду бар Антон Павлович Чеховдун чыгармалары кыргыздын адабиятына, маданиятына да абдан чоң таасирин тийгизген.

Өткөн кылымдын алтымышынчы жылдары Кыргыз драма театрынын сахнасында
Чеховдун «Ваня тайеке» драмасы
сахналаштырылып, театр чеберлери Муратбек Рыскулов, Бакен Кыдыкеева орус классикасын «ийнине» жеткирип аткарышкан.

Кийинки, 1980-жылдары кыргыз драмада Санарбек Карымшаковдун котормосундагы «Алча багы» пьесасын орустун мыкты режиссерлорунун бири Леонид Хейфец ийгиликтүү сахналаштырган.

«Алча багындагы» каармандардын бири Дуняша: Епифанов атынып өлбөсө экен. Санаачыл болуп тынч ала албайм (ойлуу). Мени бул жерге кичинекей кыз кезимде эле төрөлөр алып келишкен экен. Карапайым турмуштан чоочун болуп калыптырмын. Колдорумду караңызчы? Аппапак. Манжаларым ак сөөк бийкечтердикиндей. Сылык-сөөлөттүү болуп калган экенмин. Яша, мен сизге бир нерсе айтайынчы... Мен... Мен сизди сүйүп калдым. Сиз билимдүү адам экенсиз. Бардыгына акылыңыз жетип турат. Оо, кудай!»

Бул «Алча багы» спектаклиндеги Дуняшанын ролун Тынара Абдыразаева зор чеберчиликте аткарып, кийин бул оюн Москвада көрсөтүлгөндө ошол учурдагы совет биримдигинде «мен мыкты» деген театр сынчыларынын «элегинен өтүп» мактоосуна арзып, «Эмгек сиңирген артист» деген наамга татыктуу болгон.

«Антон Чеховдун «Алча багы» спектакли кыргыз актерлерун ролду ачууга, экинчи пландагы ойду жеткирүүгө, психологиялык ой жүгүртүүгө тарбиялаган чыгармалардын бири болгон», дейт Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Акылбек Мураталиев.

- Москвадан келген эң чоң режиссердун спектаклди даярдоо ыкмасы менен, орус мектебинин эрежелери менен дайардалган «Алча багы» спектаклинде кыргыз актерлору чоң сабак алышты. Ошол кыргыз артисттеринин иштөө жөндөмүнө, иштөө ыкмаларына жаңылык киргизип, ролдорду психологиялык жактан ачып берүүгө чоң эле таасири тийгизген.

Кыргыз театр ишмерлеринин пикиринде Антон Павлович Чеховдун пьесалары кыргыз сахнасында аз коюлганы менен театралдык окуу жайларда актерлорду чеберчиликке тарбиялоодо негизинен Чеховдун бир актылуу пьесаларына, көлөмдүү чыгармаларынан үзүндүлөргө басым жасалат.

Актриса Тынара Абдыразаева өз доорунда Чехов «Алча багы» аркылуу адамдардын бири-бирине болгон көз караштардын карама-каршылыгы, жаратылышка, өз дооруна кылган мамилеси менен келечеги жөнүндө көтөрүп чыккан проблемалар бүгүнкү күнү да турмушубузга үндөшүп турат дейт.


- Бүгүнкү күнү да кыргызбы, оруспу Советтер Союзу кулагандан кийин жаңы кыргыз, жаңы орус, жаңы казак болуп чыга келбедикби. Бардыгыбыз эле Батышты туурап калбадыкбы. Чехов да «Алчалуу багында» ошол доордогу орустардын арасындагы айрым адамдар Батышты туурап, өз каада-салтын жерип, келечектин символу катары алчалуу бакты кыйуусу, биздин бүгүнкү күнгө үндөшүп турбайбы.

Ал эми актер Акылбек Мураталиевдин көз карашында, «Алча багы» аркылуу өткөн доор менен келечекти, эски менен жаңынын карама-каршылыгын көрсөткөн Антон Чеховдун «Ак чардак», «Ваня таеке», «Алча багы» пьесаларынан башка «№6-палата», «Кутудагы адам», «Арык менен семизи» бүгүнкү күндө да коомдогу терс көрүнүштү чагылдырып, актуалдуулугун жоготпой келет.

Адабиятчы Садык Тиллебаев улуу жазуучуларды, уюткулуу талантка ээ көркөм өнөрдүн ээлери дүйнөнүн бардык элдерине тиешелүү болгон сыяктуу дүйнөлүк маанидеги жазуучу Антон Чехов да кыргыздын адабий-маданий, илим-билиминин, образдуу дүйнө кабылдануусунун калыптанышына таасирин тийигизген улуу сүрөткер катары баалашыбыз керек дейт.

- Кыргыз жазма адабиятына тийгизген таасири тууралуу айтсак. Антон Павлович Чеховдун аңгемелери 1930-жылдары эле кыргызчага которула баштаган. 50-жылдары Чеховдун кыргызча эки томдугу чыгарылган. Алтымышынчы жылы да кайрадан кыргызча басылып чыккан. Албетте ошону окуган жаңы муундар 60-жылдары А.Чехов менен Э.Хемунгуэйди туу тутуп адабиятка келишти. Ошолордун эң мыкты үлгүлөрү Мурза Гапаров, Аман Саспаев. Өзгөчө Аман Саспаевдин «Татым тузунан», Мурза Гапаровдун «Бир жылда эки гүлдөчү алмалар» жана башка аңгемелеринен Чеховдук «манералар» сезилип турат.

Орустун улуу жазуучусу Антон Павлович Чехов 1860-жылы 29-январда Таганрог шаарында жарык дүйнөгө келген. Чеховдордун үй-бүлөсү Москвага көчүп келип, 19 жаштагы Антон Москва университетинин медициналык факультетине тапшырат.

1880-жылы анын биринчи аңгемелери басылмаларда жарык көрүп, адабиятта жазмакерлик ишмердиги башталат. Медициналык окуу жайын аяктагандан кийин дарыгер болуп иштеп, чыгармачылыкты кошо улантып, ошол кездеги орус интелигенциясынын арасында тез эле оозго алынат.

Ал дүйнөлүк жана орус адабиятынын алтын казынасына бир катар повесть, аңгемелерден башка «Иванов», «Алчалуу бак», «Үч эже-сиңди», «Ак чардак», «Ваня таеке» деген пьесаларды калтырды.

Ал 1904-жылы Түштүк Германиянын Баденвейлер шаарына даарыланганы барып, учук кеселинен жакшы боло албай 15-июлда 44 жашында каза болгон. Анын сөөгү Москванын Новодевичье көрүстөнүндө коюлган.

Чеховдун: "Сенин айыгаарыңды майрамдай күткөн адамдар бар экенин эстегенде, ооруган да жагымдуу сезилет", деген сыяктуу учкул кептери да адабияттын алтын казынасында калган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG