Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:28

Ош: Бала-бакчадагы коррупция...


Пара бербесең бөбөктөр үчүн бала-бакчанын эшиги жабылышы мүмкүн
Пара бербесең бөбөктөр үчүн бала-бакчанын эшиги жабылышы мүмкүн

Ош шаарында бөбөктөрдү бала-бакчага кабыл алуу учурунда ата-энелерден акча талап кылган эки кызматкер кармалып, аларга кылмыш иши козголду.

Бул тууралуу өлкөнүн каржы полициясынын басма сөз кызматы кабарлоодо. Оштогу балдар укугун коргоочу бейөкмөт уюмдар дагы соңку кезде өз балдарын бала-бакчага орноштуруу да ата-энелер үчүн чоң көйгөйгө айланганын билдиришүүдө. Ата-энелер болсо бөбөктөрүн атайын бала-бакчага жайгаштыруу үчүн бала-бакча кызматкерлерине акчалай же кымбат баалуу буюм-тайымдарды сатып берүүгө мажбур экенин жашырышпайт.

Калктын саны дээрлик жарым миллион деп айтылып келген Ош шаарында болгону жыйырма сегиз гана бала-бакча бар. Балким ошол себептүүбү айтор ата-энелер өз балдарын бала-бакчага жайгаштыруу чоң түйшүк экенине даттанып келишет. Эгерде бакча кызматкерлери менен сүйлөшүп, пара бербесең же кандайдыр бир буюм-тайымдарды сатып берүүдөн баш тартсаң анда эле бөбөктөр үчүн бала-бакчанын эшиги жабылат дешет ата-энелер.

Өз балдарын бакчага киргизүү үчүн пара берүүгө мажбур болгондордун бири - Сапаргүл Жалиева. Анын айтымында, ар бир бала-бакчанын балдарды кабыл алуудагы өзүнүн баасы бар. Канча акча же кандай буюм керектигин бала-бакчанын кызматкерлери ата-энелерге ачык эле айтышат, дейт Сапаргүл айым:

- Барсаң сөзсүз түрдө толуп калган деген жооп болот. Бирок акча берип жайгаштырсаң болот. Эгерде бала-бакчада орун болсо да, ата-энеден сөзсүз бир нерсе өндүрүштү адат кылып алышкан. Мен эки баламды бала-бакчага бердим, биринчисине бир банка боек алып бердим, экинчи балам үчүн эки миң сом пара бердим. Ар бир бала-бакчанын өзүнүн баасы бар. Жетекчилери ачык эле айтышат, же акча керек, же момундай нерсе алып бересиң деп.

Бала-бакча кызматкерлери болсо шаардагы жыйырма сегиз бала-бакча шаар тургундары үчүн өтө эле аздык кыларын айтышат. Ошол себептүү балдарды чектелген санынан ашыкча алууга аргасыз болуудабыз дешет. Бирок ата-энелерден түрдүчө шылтоолор менен акча кылынат деген доомат негизсиз дейт атын атоодон баш тарткан бала-бакча кызматкери:

- Андай пара талап кылат дегенге кошулбайм. Мурда ремонтко деп да топтолгон болсо азыр алар жоюлган. Бала-бакча да тартыш. Мисалы, бир группада 20 бала болуш керек болсо, бизде отуздан элүү, алтымышка чейин бала бар.

Балдардын укугун коргоочу Оштогу «Благодать» кайрымдуулук фонду сонку жылдары балдарды мектепке жана бала-бакчага кабыл алууда, жадагалса төрөт үйлөрүндө да пара алуу өнөкөтү өтө күч алганына тынчсыздануусун билдирип келет.

Аталган фонддун юристи Равшан Нажибаев бул тармактагы оркойгон коррупциялык жана укук бузуу фактылары менен күрөшүүдө тиешелүү органдардын чабалдыгын белгиледи.

- Укук коргоо органдары төрөт үйүнөн баштап, бала-бакча, мектептерден бери көзөмөл кылыш керек. Бизге ата-энелер мектептеги коррупция тууралуу көбүнчө даттанышат. Коррупцияга аралашпаган мектеп жок деп мен айталбайм. Мунун арты өтө коркунучтуу, коррупция гүлдөйт, бала-бакча үчүн ата-эне эки-үч миң сом издеп жүрсө жакшыбы? Анда балдар мектепке, бала-бакчага барбай калышы да мүмкүн.

Нажибаевдин белгилешинче, Кыргызстанда ачык-айкын эле көрүнүшкө айланып бараткан коррупциялык өнөкөт эми орто мектептерде жана бала-бакчаларда кеңири тамырлады. Серепчилердин айтымында, Кыргызстанда бала төрөлгөндөн тарта, бала-бакча, орто мектеп, жогорку окуу жай, айтор эрезеге жеткенче коррупциясыз билим алуу мүмкүн эмес. Бирок кыргыз бийлиги коррупция менен үзгүлтүксүз, натыйжалуу күрөш жүрүп келатканын билдирип келишет.
  • 16x9 Image

    Жанар Акаев

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти. "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. 2009-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG