Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:09

Балдарды коргоонун эл аралык күнүн Вознесеновка айылында жайгашкан 14-тарбиялоочу мекемедеги жүзгө жакын өспүрүм да майрамдады.

Бул күнү аларга өзгөчө көңүл бурулуп, балдар белектерге ээ болушту жана эл алдында ырдап, оюн ойноп, кубанып жатышты.

Жаза аткаруу департаменти, “Эгль” жана “Инсан мууну” коомдук фондулары колонияда жаза өтөп жаткан балдарга жакшы маанай тартуулаганга аракет кылышты.

Аталган жерде бир жыл эки айдан бери жаза өтөп жаткан Жеңишкан бүгүнкү күн майрам болгонуна карабастан адамды ойлондурган күн болуп жатканын айтат:

- Азыр бул жерде отуруп, жашоо жөнүндө көбүрөөк ойлонуп калат экенсиң да. Мисалы, сиздерди көрүп алып мен да ойлоном. Мен да иштеп жүрсөм болмок депчи. Кылган катама бүгүн өкүнүп жатам. Рахмат, уюштуруучуларга, администрацияга, биз да өзүбүз дайынданганбыз колубуздан келишинче. Мындан ары болуп турса абдан кубанычта болмокпуз.

1-июнда тарбиялоочу мекемеде тартиптүү жүрүм-туруму үчүн төрт өспүрүм мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыгуу мүмкүнчүлүгүн алышты. Абакка келгенден бери бир жыл он ай өткөндөн соң, мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыгып, кубанычы койнуна батпай турган 18 жаштагы Съездбек уулу Уланбек бул күндү абдан күткөндүгүн белгилейт:

- Азыркы учурда өзүмдү абдан жеңил сезип жатам. Жеңилдик болуп сезилип жатат. Ушул күндү ишенсеңиздер бир жылдан ашык күттүм окшойт. Мына, келди, кудай буйруса. Эми болду... Эми окууну бүтүрөйүн деген ниетим бар. Тогузунчу классты бүтүрүп эле окубай калгам.

Балдарды коргоо күнүнө карата жаш ыктыярчылар абактагы өспүрүмдөр үчүн оюндарды уюштуруп, белек тартуулоо менен бирге өз өнөрлөрүн да тартуулап жатышты. “Эгль” коомдук фондусунун ыктыярчысы Медина Кулдаева өткөрүлүп жаткан иш-чаранын максаты абактагы балдарга аз да болсо көңүл буруу экендигин айтат:

- Башка жерлерде өспүрүмдөр ата-энелеринин, досторунун камкордугунда турушат. Бул жердегилер болсо жакындарынан алыс болуп, көңүл бурууга муктаж. Биз аз болсо да абактагы өспүрүмдөргө жылуулук тартуулоону максат кылдык. Алардын үй-бүлөсү, жакындары бар экендигин эскертүү үчүн мындай иш-чараны уюштурдук.

Ыктыярчылардын көбү жаза өтөп жаткан балдар да коомдүн мүчөсү экендигин, аларга коом тарабынан өзгөчө көңүл бурулушу керектигин белгилешет. Ыктыярчы Нуркыз өспүрүмдөрдүн арасында таланттуулары бар экендигин, алардын жөндөмдөрүн өстүрүү менен коомго кайрадан тарбиялоо мүмкүн экендигин айтат:

- Бул жерге келе жатканда башында коркуу сезими бар болчу. Бирок бул жерге келгенде биз аябай таң калдык. Кадимкидей эле жакшы кабыл алышты. Аябай таланттуу балдар көп экен. Рэп окушту, гитарада ойношту, футболду туруктуу ойношот экен. Кандайдыр бир эрежелер бар. Эрежелерди кармашат экен.

Жаза аткаруу департаментинин башчысы Алибай Нишанбаев болсо бул өңдүү иш-чаралар абактагы өспүрүмдөрдүн жакшы жакка багыт алышына түрткү берерин белгилейт:

- Негизи эле ар бир уюштурулган иш-чара жемишин берет. Себеби түрмөнүн ичинде чектелип олтурган адамдар биздин ар бир мамилеге, ар бир иш-чарага булар туура карап, көңүл бурушат. Булар дайым күтөт, ким келет, кандай жардам берет деп. Булар оңолушуна, биз кылып жаткан иш-чаралар аркылуу көп маселени оңдосо болот да.

Жаза аткаруу департаментинин алдындагы 14-тарбиялоочу мекемеде жаза өтөп жаткан өспүрүмдөрдүн арасында жакында эркиндикке чыга тургандары да бар. Алардын бири Айбек бир айдан кийин жаңы жашоо баштайм дейт:

-Биринчиден үйгө барам. Үйгө барып, үйүмдү оңдоп чыгам. Андан кийин жаңы жашоомду баштап кетем...

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG