Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:31

Укук коргоочулардын айтымында, өлкөдө 18ге чыга элек балдардын көбүнүн укуктары корголбойт. Андыктан балдарды юридикалык, социалдык жактан коргоо үчүн өкмөттүк эмес уюмдар биригип иш алып бармай болушту.

Мээрим аттуу 8 жаштагы кыз иниси менен Бишкектеги балдар үйлөрүнүн биринде тарбияланат. Энеси таштап кеткен жетимдерди бир канча убакыт мурда бир аял багып алып, эртеден-кечке оокат жасатып кыйнаган:

- Бизди сабап, оор чакаларды ташытып, кечке оокат жасатчу. Башка-көзгө койгулап, сабай берчү. Башкалар көрбөсүн деп бөлмөгө камап таштачу.

Ошентип жаңы үй-бүлөдөн эптеп качып кеткен бир туугандар кайра эле балдар үйүндө баш калкалашууда.

Укук коргоочулардын айтымында, мына ушул өңдүү балдардын укуктарын бузуу фактылары өлкөдө байма-бай катталууда. Андыктан өспүрүмдөрдүн укуктарын коргоо үчүн бир канча өкмөттүк эмес уюмдар биргелешип иш алып барууну чечишти. Эки жылдык долбоордун максаты тууралуу Балдарды коргоо борборунун жетекчиси Мира Итикеева буларды айтат:

- Мамлекет тарабынан көчө балдарына, ички мигранттардын балдарына же кылмыш жасаган өспүрүмдөргө ойдогудай кам көрүлбөй жаткандыктан мамлекеттик эмес уюмдар биригели деп чечтик. Биз коргоого муктаж ар бир балага кеп-кеңештерди берип, сотто аларды коргоп, айтор юридикалык, социалдык жактан жардам берели деп жатабыз. Учурда аталган жааттагы мыйзамдардын көбү иштебегендиктен, биз аларды ишке ашыруу боюнча аракеттерди жасаганы турабыз.

Айрым маалыматтар боюнча Бишкекте эле 3 миңге чукул көчө балдары бар. Он сегизге жете элек балдардын отуз пайызга жакыны жакырчылыкта жашайт. Ал эми отуз сегиз миңден ашык балдар мектепти таштап, акча табуунун аракетинде. Укук коргоочулардын айтымында, ушул топторго кирген балдар өзгөчө камкордукка муктаж. Анткени алардын дээрлик баардыгы өз укуктарын билишпейт.

Кыргызстанда балдардын укугун коргоо жаатында иштеген коммерциялык эмес уюмдардын жыйынын жетекчиси Елена Воронинанын айтымында, ушул тапта мамлекет каражаттын көбүн интернат, балдар үйлөрүнө жумшоодо. Мындай системадан оолактап, балдарды үй-бүлөгө жайгаштырууга көбүрөөк көңүл буруп, балдар көйгөлөрүн чечүүдө башка формаларды тандап алуу зарыл:

- Балдар интернаттарда эмес, көчөдө эмес, үй-бүлөдө жашашы керек. Дал ошондуктан биз балдарды коргоо системасын өзгөртүү зарылдыгын айтып чыктык. Көбүрөөк үй-бүлө менен иштешип, каражаттын көбүн ушуга жумшоо керек. Долбоордун алкагында ушул маселени да көтөрөбүз.

“Адилет” укуктук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупованын айтымында, балдардын укуктарын коргоодо өкмөттүк эмес уюмдар мамлекеттик органдар менен бирге иш алып барат:

- Балдардын укуктарын коргоодо негизги орган - мамлекет. Биз өз алдыбызча ойдогудай көп иш жасай албай турганыбызды түшүнүп атабыз, андыктан мамлекет менен бирге иштешибиз керек. Ички иштер министрлиги, өспүрүмдөр иштери боюнча Комиссия менен бирге координациялык механизм түзөлү деп атабыз.

Бюджети 300 миң евро болгон бул долбоордун алкагында балдардын укуктарын коргоо боюнча атайын окуудан өткөн эксперттердин топтору түзүлөт. Мындан тышкары өспүрүмдөрдүн укуктук сабатын жакшыртуу максатында керектүү маалыматты камтыган китепчелер мектептерде, жаңы конуштарда, айтор балдар көп чогулган жайларда таркатылат. Тажрыйба алмашуу үчүн өкмөттүк эмес уюмдардын жарманкеси өтүп, аталган проблема боюнча тегерек стол үстүндөгү талкуулар уштурулат.

"Азаттыктын" архивинен: Жетимдин жегени желим

Дүйнөнүн башка ири шаарлары өңдүү эле Алматыда да үйүнөн качып кеткен, же башка бир себептерден улам кароосуз калган көчө балдары көп. Алардын бири - 16 жаштагы Сава өз тагдырын баяндап берди. ZMa.

XS
SM
MD
LG