Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:49

“Кыргызстанда бийлик алмашты, ал эми көйгөйлөр ошол бойдон турат” деп Майып балдардын ата-энелеринин ассоциациясы атайын кайрылуу жасады.

24 жаштагы Зейнеп Дыйканбаева 1-топтогу майып. Ал 10 жыл убакыттан бери бейөкмөт уюмдарда эмгектенип, мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга да жардам көрсөтүп келет. Зейнеп ишине гана жетишпестен Борбор Азиядагы Американын университетинде билим алат. Анын баамында өлкөдөгү майыптардын жашоосу кыйын күндөрдү башынын өткөрүүдө:

- 15-жылдан бери транспорт жаатын гана алсак эч кандай шарт түзүлгөн жок. Бардыгы акча жок деген жоопту айтышат. Жөлөк пул 300 сомдон 2000 сомго көбөйдү. Бирок жашоо дагы кымбаттап, дары-дармектин наркы өсүүдө.

БУУнун статистикалык маалыматы боюнча ар бир өлкө калкынын 10% майыптар түзөт. Кыргызстанда 120 миңдей адам, анын ичинде 21 миң өспүрүм мүмкүнчүлүгү чектелип, ар кандай даражадагы ооруларга чалдыккандар. Майып өспүрүмдөрдүн бир катары атайын борборлордо билим алышса, айрымдары ата-энесинин жардамы менен күн өткөрүшөт. Башкалары болсо дарыгерлердин көзөмөлүндө болууга муктаж.

Зейнепти аймактардагы майып балдардын жашоосу түйшөлтүп, ойго салат.

-Баш калаада майыптарга шарттар жакшыраак түзүлгөн. Аймактарда болсо абал кыйын. Аларда мүмкүнчүлүгү чектелгендерди эч нерсеге жарабайт деген ой калыптанып калган. Ошондуктан түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, аларга жардам көрсөтүлсө жакшы болмок.

Майып балдардын ата-энелеринин ассоциациясы акыркы 15 жылдан бери бир топ иш жүргүзүп келет. Алар 2009-жылы мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн борбор ачып, учурда тогуз балага билим берип, жакшы көрсөткүчкө жетишүүдө. Азыркы маалда уюмдун карамагында 147 мүмкүнчүлүгү чектелген өспүрүмдөр бар. Алардын сексени үйүндө, 67си реабилитациялык борборлордо окушат.

“Майып балдарды ойлогон эч ким жок, биз бир нече жылдан бери имарат сурап бардык жайларга кат жөнөттүк” дейт ассоциациянын башчысы Тамара Жумабекова:

-Бүгүнкү күндө биздин балдарга реабилитациялык борбордун зарылдыгы чоң болуп турат. Алар коляска менен түшүш үчүн транспорттор да каралган эмес. Балдарыбыздын майыптыгына карабай аларды сүйүп, ишибизди таштап карап жатабыз. Ошондуктан өкмөт бизге колдоо көрсөтүшү керек. Майып балдардын ата-энелери биригип, аларга билим берели, алар да жакшы жашасын, мамлекетине жүк болбосун деген максат менен иштеп жатабыз. Биз реабилитациялык борбор ачуу максатында имарат сурап, өкмөткө көп жолу кат жолдодук. Алар мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды карабай жатканы уят нерсе.

Кыргызстандын Баш мыйзамында бардык жарандардын укугу бирдей деп жазылган. Ошондуктан майыптар үчүн да атайын транспорт жана аймактарда атайын реабилитациялык борборлор ачылышы керек деп эсептейт “Балдарды коргоо лигасынын” башчысы Назгүл Турдубекова.

- Майып балдардын укугу корголбой жатат. Алсак, Беловодскийде мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды реабилитациялоо борбору бар. Жетекчиси да мыкты адам. Учурда ал жердеги психоневрологиялык ооруга чалдыккан балдар дарыгерсиз отурушат. Негизи аларды дарыгерлер күнүнө текшерип турушу зарыл. Доктурдун жоктугунун себеби каражатка байланыштуу экен. Колу-буту кыймылдабаган бала кароосуз калганы - алардын укугу тебеленип жатканынан кабар берет.

Көчөдөн, музейден, мектептен же коомдук транспорттон мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды көрүүгө мүмкүнбү? Жок. Себеби алар үйлөрүндө же реабилитациялык борборлордон чыгышпайт. Эгер мамлекет майыптарга жакшы мүмкүнчүлүк түзсө алар да коомдук иштерге аралашып, активдүү жашоого кам көрүшмөк.

"Азаттыктын" архивинен: Чехиядагы майыптардын турмушу

Европадагы туристтик борборлордун бири Чехияда майыптардын турмушун жеңилдетүү үчүн акыркы 20 жылда чоң иштер жасалды. Прагадагы майыптардын турмушу “Азаттыктын” кабарчысы Төрөкул Дооров даярдаган видео материалда чагылдырылат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG