Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:46

Балдарды коргоо департаменти, Балдар укугун коргоочулар лигасы Баш прокуратурага “Мээрим Булагы” балдар үйүнүн деректири балдарды мыйзамсыз өлкөдөн алып чыгууда, диндерин алмаштырууда, деп арыз жолдоду.

Олег Красельников аттуу 20 жаштагы улан Ысык-Көлдүн Түп районундагы “Мээрим Булагы” балдар үйүнүн тарбиялануучусу болчу. Олегдин тайэжеси Елена Шворневанын айтымында, аталган балдар үйүнүн жетекчиси Гүлнара Дегенбаева Олегди 2008-жылы 17-декабрда Коротенко деген башка баланын документтери менен Орусияга алып кеткен. Олег менен кошо төрт кыргыз бала жөнөгөн:

- Аларга окууга барасынар деп айтышыптыр. 12синде күндүз чалып, ошол эле замат Гүлнара мамасы (авт.Дегенбаева) менен Руслан (авт.Дегенбаеванын жолдошу) кийимдерин чогултуп, Орусияга алып кетиптир. Аларга Орусиянын коопсуздук боюнча федералдык кызматында окуйсуңар, сессия тапшырасыңар, деп айтышыптыр.

Олег Красельниковдун айтымында, алар Москвага 20-декабрда келишкен. Сергиев Посад районунда Валя деген аялдын үйүндө үч күн болушкан:

- Үч күндөн кийин ал жактан сексен чакырымдай алыстагы бир айылга келдик. Ал жакта биз 30-декабрга чейин болдук. 30-декабрда кайра кайтууга билетибиз бар болчу. Бирок биздин бир таанышыбыз, гастербайтерлер өлкөдөн кетип жатышат деген гезиттеги макаланы көрсөттү. Биз чыгып кете албай калдык. Поезддер жык-жыйма. 30-декабрда эптеп поездге илиндик, 2-январда Кыргызстанга келдик.

Гүлнара Дегенбаеванын “Азаттыкка” билдиришинче, “Мээрим булагындагы” беш баланын Орусияга барып келгени чын. Балдар князь Александр Невский деп аталган коомдук бирикме балаты кечесине чакырган. 13-декабрда сегиз баланы алып жөнөгөн, бирок үч баланын документи туура болбой чек ара кызматкерлери өткөргөн эмес. 17-декабрда кайра беш баланы алып жөнөгөн:

- Сегиз баланы чакырган эле, алардын ичинен беш баланын эле документи туура келип калды. Олег Красильников өз документи менен эле барган. Коротенко документи туура эмес болуп калып калган.

Гүлнара Дегенбаеванын билдиришинче, “Мээрим булагы” балдар үйүндө азыр алтымыштай тарбиялануучу бар. Балдар буга чейин да далай жолу сыртка чакыруулар менен эс алып келип турган.

Балдарды коргоо департаментинин башчысы Толкун Бекбулатова мыйзамга ылайык балдарды өлкөдөн сыртка алып чыгып кетүүгө Дегенбаеванын укугу жок болчу:

- Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, балдарды багып тарбиялоого жоопкерчилик алуу үчүн билим берүү органдары менен келишим түзүү керек. Бир да бала менен келишим түзүлгөн эмес. Билим берүү органдары да менчик балдар үйүнүн ишин көзөмөлдөшкөн эмес.

Балдарды коргоо департаменти менен Балдардын укугун коргоочулар лигасы “Мээрим булагынын” деректирин балдарды уруп-согот, балдардын динин алмаштырган деп айыпташууда.

Бул балдар үйүндөгү он жаштагы Андрей менен жети жаштагы Оксананы Сокулуктагы Дахфа деп аталган мектепке жөнөткөн.

Проваслав дининдеги Андрейди бул мектепке барып жүргөндө сүннөткө отургузулган. Оксанага хиджаб кийгизип, намаз, куран окуганды үйрөтүшкөн.

Балдар үйүнүн жетекчиси Гүлнара Дегенбаева балдар Дахфа деген мектепке жөнөтүлгөнүн бышыктап, бул диний эмес светтик, башкача айтканда лайык мектеп экенин, ал жакта бир канча тил үйрөтүшөөрүн айтты. Андрейди сүнөткө медициналык себептерден улам отургузулган:

- Сокулуктагы Дахфа билим берүү борбору билимди жакшы берип жатканы үчүн, англис, арап, кырыз, орус тилин жакшы үйрөтүшкөндүктөн биз ошо балдарды ал жерге өткөзгөнбүз. Чынын айтканда, биздин айылда билим берүүбүз начар болуп жатпайбы. Андрей Исаковду сүннөткө отургузганыбыздын себеби, сүннөт деле эмес, жөн эле кесип коюу болду. “Фимос” деген ооруга кабылып калганы үчүн Андрейди сүннөткө отургузганга туура келип калды.

Балдарды коргоочулар лигасынын башчысы Назгүл Турдубекованын билдиришинче, Кыргызстанда алтымыштай балдар үйү бар. Эгемен алган жылдары өлкөдө балдарды багуучу жайлар үч эсе көбөйгөн. Бул жайлардагы балдардын он эки гана пайызы томолой жетимдер. Калгандары атасы же апасынан ажырагандар, же үй-бүлөсү бага албай өткөргөндөр:

- Ар бир балдар үйүндө жүз же эки жүз бала бар. Алтүгүл үч жүгө жеткен учурлар да кездешет. Айыл өкмөтү жана акимдер жакшы иштебегенден мындай балдар көбөйүүдө. Себеби коп жакыр үй-бүлөлөр кыйналып жатканда аларга жардам берүүнүн ордуна балдарын тартып алып шак эле балдар үйүнө өткөрүп салышат.

Укук коргоочу Назгүл Турдубекова Кыргыздандагы балдар үйү да кылдат текшерилиш керек, дейт:

- Ар кандай диний секталар жайларды ачып эле, балдарды чогултуп алып бага беришет. Же болбосо мечиттер, Дахфа дейт, дагы башка дейт, айтор жетим балдарды багып жатабыз дешет. Бирок кандай багылып жатат, эч ким аны көзөмөлдөбөйт. Бул Кыргызстан үчүн чоң проблема.

Балдарды коргоо департаменти дагы бир депутаттык комиссия түзүп, фактылар далилденсе балдар үйүн жапканга чейин белсенүүдө. Өлкөдөгү баардык балдар үйүн кыдырып иликтеп чыкмай болушту.


XS
SM
MD
LG