Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:25

Үч-Коргон: Үй эңсеген балдар


Кыргызстанда балдар үйүндө тарбиялангандардын сексендей пайызы социалдык жетимдер

Кыргызстанда балдар үйүндө тарбиялангандардын сексендей пайызы социалдык жетимдер

Кыргызстанда балдар үйлөрүн жоюп ордуна үй-бүлө тибиндеги борборлорду, же убактылуу тарбиялоочу жайларды ачуу маселеси көтөрүлүп жатат.

ЮНИСЕФтин колдоосу менен Баткендеги Үч-Коргон балдар үйүндө ушундай аракеттер башталды.

Өзүн чоң кишидей оор басырыктуу алып жүргөн, салабаттуу сүйлөгөн он үч жашар Нуризанын азыр ата-энеси Орусияда иштеп жүрөт. Ал үч бир тууган. Атасы жайында келгенде балдарынын кыйналган жашоосун көрүп, зээни кейип иниси экөөнү Үч-коргондогу балдар үйүнө өткөргөнгө аргасыз болгон:

“Бул жерде бир иним бар. Эжем совхоздо, таенемдикинде бала карайт. Апамдын Орусияга кеткенине көп болду. Атам ар жылы келип кетип турат. Апамдын келе элегине үч-төрт жыл болуп калды. Сүйлөшпөгөнүбүзгө да бир жылдай болду. Апам официантка болуп иштейт. Атам түшкү тамактар салынган кагаз куту ташыйт”, дейт Нуриза. Анын айтымында, атасы да бир убакта ушул балдар үйүндө тарбияланган:

“Атам бул балдар үйүнө үч жашка чыкканда келген экен. Апасы атасы менен ажырашкандан кийин таштап кетиптир. Атам кыйынчылыкты көрүп чоңойгон. Ошондуктан бизди урбайт. Бизден пул аябайт, сөзүбүзгө жок дей албайт. Акча жок болсо, “мейли мен эртең таап келем” дейт, бар болсо бизден аябайт”.

Расмий маалыматтар боюнча Кыргызстанда Нуриза өңдүү социалдык жетимдер, же башкача айтканда ата-энеси бар туруп кароосуз калган балдардын саны 1990-жылдан бери эки жүз пайызга көбөйдү. Учурда балдар үйүндө тарбияланып жаткандардын сексендей пайызын социалдык жетимдер түзөт.

Вера Пазылова – Үч-коргон балдар үйүндө отуз жылдан ашуун убактан бери тарбиячы болуп иштейт. Анын айтымында, бул жердеги ар бир баланын көксөгөнү үй-бүлө:

“Ар бир бала өзүнчө карап-багууну талап кылат. Ар бир бала үй-бүлөдө жашаганды кыялданат. Бул жер кандай гана жакшы болбосун баарыбир үйдөн өтөөрү жок”.

Үч-коргон балдар үйүнө быйыл сексен беш жыл болду. Кезинде бул жерде жүздөгөн бала тарбияланчу экен. Азыр болсо ЮНИСЕФтин жардамы менен борбордун ишин түп-тамырынан бери өзгөрткөнгө, балдардын саны азайтууга аракет кылып жатышат.

Маселен мурункудай балдар үйү эмес, “Балдарды убактылуу багуучу борбор” деп аталып калды. Балдарды үй-бүлөсүнөн ажыратпоого болгон аракеттер жасалат. Мисалы Саша аттуу кенедей ак чач кыздын атасы да, апасы бул жакта, бирок аракка берилип кетип, кызын карай турганга шарттары жок. Тарбиячы Вера Пазылова антсе да Сашаны ар дем алыш сайын үйүнө жөнөтүп турушарын айтат:

“Кызды ата-энеси менен баарлашып турсун деп жөнөтөбүз. Сөзсүз көзөмөлдөп турабыз. Үйүнө барып, шарттарын карап баланы жекшемби күндөрү жөнөтүп турса болобу же жокпу деп текшеребиз”.

Борбордо балдарга психологдор жардам берет. Үч-коргон балдар үйүнүн психологу Хамид Назыржанов балдар менен иштөө ыкмалары өзгөргөнүн, атайын бөлмөлөр ачылганын айтты:

“Балдарда кандайдыр бир кыжырдануу бар. Албетте алар үйлөрүнө баргылары келет. Бирок баары эле ата-энеси кандай экенин билишет. Эгерде тарбиячы алар менен кичине эле кыжырланып сүйлөшүп койсо алар дароо эле кыжынып өздөрүн көзөмөлдөй албай калат. Анан мен аларды ушул бөлмөгө алып келип алып сүйлөшүп ким күнөлүү экенин аныктайм”.

Ушул тапта Үч-коргондогу Нуриза ата-энеси Орусиядан келип, бир туугандары менен өз үйүндө жашаган күндү эңсеп күтүп жүрөт. Атасы Нуриза менен инисин февраль айында келип чыгарып кетерин айткан. Ал азыр балдар үйүндө күнүн бекер өткөрбөй тикмечилик-бычмачылыкты үйрөнүп жатат. Өзү байпак түйгөндү жакшы көрөт:

“Тиккенге караганда байпак токуш оңой. Үйдөн өзүбүзгө байпак токуйт элек. Коңшуларыбыз да байпай токуп бергиле деп келчү. Аларга чоң эжем Чолпон токуп берчү. Мен эки байпакты бир күндө токуйм”, дейт Нуриза.

Кыргызстанда азыр алтымыштан ашуун балдар үйү бар. Анда жыйырма миңге чукул бала тарбияланат.

ЮНИСЕФ кыргыз бийлигине кароосуз калган балдарды багуунун союздан калган ыкмаларын өзгөртүүгө жардам берип жатат. Чоң-чоң балдар үйлөрүн жоюп анын ордуна чакан, үй-бүлө тибиндеги борборлорду ачуу керектигин, ал жайларда да балдар убактылуу тарбиялап, кайра үйлөрүнө кайтаруу жол-жоболорун киргизүү бул жааттагы абалды оңдоодо алда канча натыйжалуу экенин билдирген.

Өлкөдөгү айрым укук коргоочулар айрыкча жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары каатчылыктан айынан каржалып турган үй-бүлөлөргө жардам бербейт, эгер чүрпөлөрү багуусуз калса проблеманы чечүүнүн оңой жагына качырып дароо балдар үйүнө өткөрө салат, деп айыптап келишет.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG