Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:25

Оскар-2017: «Ай нуру» мыкты тасма деп табылды


“Оскар” сыйлыгынын эң соңку “мыкты тасма” номинациясы жаңылыштык менен башталды. Адегенде жеңүүчү деп Дэмьен Шазеллдин “Ла-Ла Ленд” тасмасы айтылып, фильм жаратуучулар сахнага көтөрүлүп ыраазылыгын айта баштаганда уюштуруучулар аларды токтотуп жеңүүчү «Ай нуру» тасмасы экенин айтып кечирим сурашты. Жеңүүчүнү жарыялап жаткан актер Уоррен Битти анын колуна жаңылыш конверт тийгенин маалым кылды.

Барри Женкинстин «Ай нуру» тасмасында Майаминин ынды каралар жашаган кембагал маалесинде чоңойгон өспүрүм баланын жашоосу баяндалат. Бул тасма баш байгеден сырткары “экинчи ролдогу мыкты актер” (Махершала Али) жана “мыкты ылайыкташтырылган сценарий” сыйлыктарын да жеңип алды.

Ошентип “Оскардын” 14 номинациясында талапкер болуп жаткан фаворит "Ла-Ла Ленд" алты айкелге гана татыктуу болду. Тасма “мыкты режиссер” (Дэмьен Шазелл), “мыкты актриса” (Эмма Стоун), “мыкты музыка” (Жастин Гурвиц) “мыкты оператор” (Линус Сандгрен), “мыкты ыр” (City of Stars) жана “мыкты коюучу-сүрөткер” (Дэвид Уоско, Сэнди Уоско) сыйлыктарын багындырды.

Мыкты чет тилдеги тасма деп ирандык режиссер Асгар Фархадинин “Соодагер” (“Forušande”) фильми аталды. Бирок аземге Фархади АКШ президенти Трамптын иммиграциялык буйругуна протест катары келген жок. Анын сыйлыгын сахнадан алганы чыккан теги ирандык америкалык астронавт Анушех Ансари киночу Асгар Фархадинин “Менин салтанатка катышуум АКШга кирүүгө чектөө коюлган алты мамлекеттин жана менин өлкөмдүн элин сыйлабагандык болмок”, деген сөзүн окуп берди.

Ошондой эле “мыкты кыска даректүү тасма” наамын жеңип алган " Ак туулга" тасмасынын режиссеру Орландо фон Айнсидел сыйлыкты алып жатып көрүүчүлөрдү Сириядагы согуштун токтошуна тилек катары тик туруп коюуга өтүндү. Буга чейин маалымат каражаттары бул тасманын сириялык оператору АКШ расмийлери өлкөгө кирүүгө тыйуу салганын жазып чыгышкан.

Мыкты анимациялык тасма деп Walt Disney Animation Studios чыгарган “Айбанатстан” (“Zootopia”) тасмасы аталды. (SA)

XS
SM
MD
LG