Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:35

Жалал-Абад облусунда аралаш тилде окуткан 64 мектеп бар. Алардын бири Кочкор-Ата шаарындагы Губкин атындагы орто мектеп орус жана өзбек тилдеринде окутат. Аталган мектепте окуу китептеринин саны да жетишпей, сапаты да өксүп жаткандыгы сапаттуу билим алууга кедерги болууда.


Кочкор-Ата шаарындагы Губкин атындагы орто мектепте 44 класста миңден ашык бала окуйт. Он бир класста окуу өзбек, калгандарында орус тилинде жүрөт. Кыргызстандын көпчүлүк мектептериндей эле окуу китептердин тартыштыгы аталган мектепте да байкалат. Китеп менен камсыздоо облус мектептеринде 52 пайыздан ашпайт. Орус класстарына кыргыз тили жана адабияты сабагын окутуп аткан Жаркынай Акматалиеванын классынан бир окуучунун гана китебин көрдүк.

Окуучулар Асан кызы Элмира менен Абдуллажан уулу Шахрухбектен мурдагыдай эле быйыл да китеп жетишсиз болгонун уктук. Өзбек класстары боюнча окуу бөлүмүнүн башчысы Жылдыз Акматалиева жогорку класстардын окуучулары кыргыз тил, адабияты боюнча китепсиз жүрүшкөнүн ырастады.

Ал эми Кыргызстан тарыхы боюнча окуулуктар жетиштүү, бирок өзбек класстары үчүн математика китептери тартыш. Биз бөлмөгө киргенде, математикадан кошумча сабак өтүп жаткан мугалим Саадат Мырзахмедова менен дагы бир өзбек окуучу китепсиз балдар сабакты китептүүлөр менен бирге алгоолошуп үйрөнүшөөрүн айтты.

Ноокен райондук билим берүү бөлүмү менен Кочкор-Ата шаар өкмөтү Губкин атындагы мектепке 2009- 2010- окуу жылы үчүн 109 миң сомдук китеп сатып берген. Башталгыч класстардын окуу бөлүмүнүн башчысы Наталья Журавлева жетишпеген китептерди ата-энелер балдарына Бишкек жана Жалал-Абаддын базарларынан алып келишкенин айтты. Бирок Жалал-Абад базарында иштеген жалгыз күркөдөн мектеп программасына жарактуу бардык китептерди табуу мүмкүн эмес. Ал аз келгенсип, мектептин окуу бөлүмүнүн башчысы Аптоокан Убайдуллаева окуучулардын колундагы китептер окуу программасына толугу менен дал келбей тургандыгын айтып кейийт.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG