Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:33

Торугарт бекетин жылдыруу маселеси кайра козголууда


Торугарт бекетин жылдырууга каршы Ат-Башыдагы нааразылык, 2009-жылдын 6-июлу.

Торугарт бекетин жылдырууга каршы Ат-Башыдагы нааразылык, 2009-жылдын 6-июлу.

Былтыр жергиликтүү элдин каршылыгы менен токтогон Торугарт бекетин ичкери көздөй жылдыруу маселеси кайра козголушуна каршы болгон Нарын облусунун губернаторунун орун басары Эрлан Сапарбаев кызматтан кетүү арызын жазды.

- Сиз президентке кызматтан кетүү тууралуу арыз жазып, ага үч себеп бар экенин, негизги себеп катары Торугарт чек ара бекетин 60 чакырымдай ичкери жылдыруу аракеттерине нааразы болуп атканыңызды айткан экенсиз. Буга чейин Торугарт чек ара жана бажы бекетин ичкери жылдыруу маселесине чекит коюлду, ал ошол эле жерде калат деп айтылбады беле. Азыр аны жылдыруу аракети ким тарабынан болуп жатат?

- Сиз туура айттыңыз, мен президентке өз ыктыярым менен кызматтан кетүү боюнча арыз жолдогом. Буга үч себеп бар, эң орчундуусу - Торугарт көзөмөл бекетин ичкери 60 чакырымга жылдыруу, же Коргон-Таш чек ара бөлүгүн көчүрүү болуп атат. Бул маселе 1998-99-жылдары башталып, 2008-09-жылдары чегине жеткен эле. Чек ара, бажы кызматтары өкмөттүн чечимдерин жана долбоорун даярдашып, өткөрмө бекетти 60 чакырым бери жылдыруу маселесин кайрадан көтөрүшкөн. Эл 2009-жылы көтөрүлүп, буга каршы чыгып, чыр болгондо, атайын өкмөттүк комиссия түзүлүп, жерине барып бул маселеге чекит койду деп ойлогонбуз. Бир добуштан ал комиссия Торугарт өткөрмө бекетин жылдырууга эч кажет жок деген чечим кабыл алган.

Бирок тилекке каршы бүгүнкү күнү бул маселе кайрадан көтөрүлүп жатат. Мекемелер аралык атайын комиссия түзүлгөн. Ошол комиссиянын жыйынтыктоочу спарвкасына бир пункт катары кирип, Кытай Эл Республикасынын Коргоо министрлигинин каражатынын эсебинен Торугартты жылдыруу маселеси айтылууда. Мен буга каршымын. Убактылуу өкмөттүн тескемесинин негизинде ошол комиссияга мен да мүчө болуп киргем. Бирок тилекке каршы беш отурум өткөрүптүр, ага чакырган жок. Жыйынтыктоочу справкасына 16-июнда кол коюлуптур, 22-июлда кечинде араң алып окусам, жанагыдай маселени кошуп ийиптир. Бул тууралуу учурда губернатор Турдубек Мамбетовго мен ооз эки айттым, андан майнап чыкпагандыктан кат жүзүндө киргизгем. Губернатор тарабынан колдоо көрүлмөк тургай, ал киши бул маселеге колдоо көрсөтүп, мага кайра аткарууга деп виза салып бергендигине мен абдан нааразы болуп, иштен кетишимди билдиргем.

- Чек ара бекетин ичкери жылдыруунун негизги максаты эмнеде, буга азыр кимдер катышууда?

- Өкмөттүн чечимин даярдап аткан министрликтердин кызыкчылыгы бар деп ойлойм. Жеке эле мамлекеттик кызматтагы эмес, мындай турган дагы бирин-экин адамдардын, кандайдыр бир топтун кызыкчылыгы болуп жатат. Торугарт бекетин жылдырууга эч зарылчылык жок. Булар токтомдун долбоорун киргизгенге бир нече себепти айтышкан. Бирок анын баарына, ар бир пунктуна корутунду даярдаганбыз. Тилекке каршы бул маселе кайра көтөрүлүп жатат. Жакында бизден расмий делегация Кашкарга жарманкеге барганда дагы кытайлыктар тарабынан “жериңерди жайыт катары колдонолу, ар бир кой үчүн айына 6 доллардан ижара акы төлөп берели” деген маселе козголуптур. Андан кымбатырак болот деген маселе жакында эле биздин делегация тарабынан көтөрүлүптүр.

- Кайсы жайлоолорго?


- Ак-Сай, Арпа. Бул маселени көтөрүп аткан министрликтердин элди туура эмес багытка коюп аткан нерсеси - чек ара калып атат деп айтып атат. Бирок бажы, чек ара, карантин жана башка кызматтар 60 чакырым жылгандан кийин ары жакта чек ара калып жатат дегени кандай? Азыр да Кытай тараптан мыйзамсыз чек арадан өтүү фактылары, мал жайган учурлар бар. Бул маселеге бүгүн акыркы чекитти койбосок болбойт.

- Сиздин кызматтан кетүү тууралуу арызыңыз канаттандырылдыбы?

- Азырынча бул боюнча маалыматым жок.

- Рахмат.

Тасмада: Торугарт бекетин жылдырууга каршы Ат-Башыдагы жол тосуу ("Азаттыктын" архивинен: 2009-жылдын 6-июлу.)

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG