Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:41

«Азаттыктын» «бетме-бет» студиясынын бул күнкү көчмө жыйыны «Манас» дастанынын Кытайдагы аз улут өкүлдөрүнүн көркөм табериги катары ЮНЕСКОдо катталышы боюнча Бишкектеги талкуудан уюштурулду.

Элдик бай мураска коомдук мамиленин кандайлыгын кашкайта ачып көрсөткөн бу талаш маселенин талкуусу экинчи жылга баратат.

Уулдардын бирөө уктап, экинчиси чуркап

Кытайдын Шиңжан педагогикалык университетинин профессору Мамбеттурду Мамбетакун коомдук жашоо-ыңгайдын кескин өзгөрүшү кылымдап оозеки сакталып келаткан көркөм табериктердин сакталышына терс таасирин тийгизип, аларды мамлекеттик коргоого, колдоого алуу маселеси келип чыкканын айтты. “Манас” дастанынын ЮНЕСКОнун тизмесине киргизилиши мына ушул максатты көздөрүн белгиледи.

- 2007-жылы “Манас” эпосу алгач жолу ошол Кытай мамлекетинин бейзаттык маданий мурастар тизмесине кирди. Бизде ошондой аталат, тизмеге кирди деп аталат. Мында муңгулдардын “Жаңгыры”, кыргыздардын “Манасы”, тибеттердин “Гисары”. Мына ушул үч эпос кытайдын адабият тарыхтарында болсун же аз сандуу улуттарды тааныштырган китептерде Кытайда үч чоң көөхар, мамлекеттин байлыгы бар деп айтылат. Ал биринчи кыргыздын “Манасы”, муңгулдардын “Жаңгыры”, тибеттердин “Гисары” деп айтылат. Атүгүл кытай адабият тарыхында, ханзуларда, биз чындап айтканда кытайлар өзүн ханзу дешет. Ханзу деген хан улуту деген кеп. Хан улутунда эпос жок деп айтылат адабият тарыхтарында. Бул эл байыркы замандан отурукташып кеткендиктен буларда эпос болбой калган деп айтылат. Тек эпос деп аткан жанр Кытайда жашап жаткан 55 аз сандуу улуттар ичинде түндүктө жашаган урууларда көп, түштүктө жашаган улуттарда азыраак.

Мамбеттурду Мамбетакун Кытайда аз сандуу көчмөн калк эпосторун илимий изилдөөгө көп көңүл буруларын, өнөр адамдарына каржылык колдоо көрсөтүлөрүн белгиледи. Ал ошондой эле айрым кыргызстандык маалымдоо каражаттарында “Манас” эпосунун ЮНЕСКОдо катталышы жайында туура эмес маалыматтар берилип жатканын, иштин жөнүн билбеген окурман, угармандарда ал иш боюнча так түшүнүк ала алышпай жатканын токтолду.

- Эгер сиздер ЮНЕСКОго программа жолдонуп, принциптерин билсеңиздер бир түрдү он мамлекет кайра-кайра жолдосо боло берет. Киргизсе боло берет. Бул патент эмес. Тек гана маданий мурастарды коргоонун тизмесине кирет. Ал жоопкерчилик ошол мамлекетке, ошол элге, ошол районго гана жүктөлөт. Сиз канчалык коргойсуз. Анан бири, бул китепти коргобойт. Эгер сиздер Саякбайдын “Манасын” коргойбуз деп жолдосоңуздар ЮНЕСКО тастыктабайт. Бул китепти эмес, оозеки салтты коргойт. Кытай кыргыздарында шаарлашууга байланыштуу информациялардын айылдарга телевизор аркылуу жалпылашына байланыштуу манасчылык салты өтө оор сынактарга бет келишип жатат. Эгер муну тез арада коргобосо бул салт өчөт. Манасчылар ааламдан өтөт, чоңдору, жаштар муну баспайт. Ушундай кезде кытай кыргыздарында бул салтты коргоп калуу эң зарылдыр. 5-6 жылдан бери Кыргызстан маданият министрлиги менен башка бөлүмдөр менен биздин байланышыбыз күчтүү болгон. Ал кезде ЮНЕСКОдо мындай бир эреже болгон. Эгер эки мамлекет бирлешип жолдосо, жиберсе, бул ошол жылдык санды ээлебей туруп, ашыкча сан кошуп тастыктаганга мүмкүнчүлүк бар эле.

Айып өзүбүздө

ЮНЕСКО иштери боюнча Кыргыз өкмөтүнүн алдындагы мамлекеттик комиссиянын жооптуу катчысы Нур Күлчоро Керим “Манасты” айыпты эң алгач өзүбүздөн, кенебестигибизден издөө туура болорун белгилеп, Кыргызстанда маданий мурастарга болгон мамиле жылдан-жылга начарлап баратканына токтолду. Аны улуу дастандын мисалында бекемдөди.

- Келгиле 1995-жылы “Манастын” 1000 жылдыгын өткөргөндөн бери эмнелерди иштегенибизди эми карап көрөлү. Чын эле эмне кылдык? Эмне үчүн көп сүйлөп, аз иш жасайбыз? Бул бир деп коелу. Өткөн жылы болгон иш жалаң эле коомчулукка эмес, коомчулук козголду, өкмөткө карата кулак кагыш эле. Маданиятка көңүл бургула деген коңгуроо болчу. Азыр иштелип жаткандарга көңүл буруп, мамилени өзгөртүү абзел эле. Жаңылоо зарыл болчу. Бирок кантип жаңылоо керек? Анан да этномаданий баалуулуктарды сакташ зарылдыгы турат, туурабы?

Нур Керим кенебестиктенби, кайдыгерликтенби, улуттук көөнөргүс мурастарды сактап калуунун аргасын издеп аракет кылуунун ордуна андай ишти жүзөгө ашырган кытайлык кыргыз окумуштууларын кинелеш туура эместигин, “Манас” дастанын ЮНЕСКО тизмесине киргизиштен тышкары 1995-жылы Улуттар уюмунун резолюциясы аркылуу ырасталганын, манасчылык, айтуучулук өнөрү өзүнчө номинацияда белгиленгенин ырастады.

Анткен менен Кыргыз эл жазуучусу Асан Жакшылыков Кытайдагы көз боочу, аянчылар Манастын жаркын энергиясын жамандыкка үндөгөн күч катары өзгөртүп, дүйнө алдында жаманатты кылып коюш мүмкүндүгүн айтып, кабатыр оюн ортого салды.

- Канкор деген сөз “Манастын” ичинде турат. Сагымбайдын “Манасында” турат. Айкөлдүк жагын да биз билебиз. Анан мына өзүңөрдө “канкор” деген турбайбы, деп туруп анан ошол сөзгө таянып алып жанагындай кылып коюшу бул топтолук болчу иш да.

Манасың өзү болгондо

Белгилүү манасчы Уркаш Мамбеталиев “Манас” дастанынын Кытайдагы аз сандуу кыргыздардын коргоого муктаж көркөм мурасы катары ЮНЕСКОдо катталышынан чоң трагедия жасаштын кажаты жок, деген пикирде.

- Өзүбүздүн “Манасыбыз” деп шалаакылык менен жүрө берип, анан жанагы биздин чоңдорубуз айтып атпайбы, бийик жакта тиги аралашып турган, ошолорго булар эскерткен күнү дагы, ошону ойго албай туруп тим коюп, анан тигилердин аракети менен өтүп кеткени туура болуп атат да. Эми алардын аракети деле жаман эмес, ал жакта деле кыргыздар бар. Ошо кыргыздын Жусуп Мамай атабыз баштаган биртоп манасчылары бар экен. Аны деле өтө жамандабаш керек. Мисалы, ал айтпаган күнү деле, жазуучу болгон күндө деле килейген китепти “Манасты” жазып чыгаргандын өзү да анда төкмөлүк, жазуучулук акындык бардыгын айгинелейт.

Кытайдын Шиңжаң педагогикалык университетинин профессору Мамбеттурду Мамбетакун “Манас” эпосунун ЮНЕСКО тизмесине мамлекет тарабынан корголчу көркөм таберик катары киргизилиши анын иликтениш, изилденишине оң таасирин тийгизет деп эсептейт.

- Сөзсүз активдешет. Менин пикиримде бир да кыргызды “Манасты” сүйбөгөндүгүнөн, аны билбегендигинен салкын мамиле кылынды деп айтышка болбойт. Сен “Манасты” жакшы сүйбөйсүң, мен жакшы сүйөм, деш туура эмес. Бардык адам сүйөт. Бирок шартына жараша, өздөрүнүн экономикалык мүмкүндүктөрүнө жараша кызматтар кээде тез, кээде акырын болгон. Эми Кудай буюрса, Кыргызстандын экономикасы жалпы коомчулуктун колдоосу менен “Манас” эпосу академиялык деңгээлде изилденип, эларалык конференциялар, чоң жыйындар өтүп, кинолор тартылып дегендей чоң иштер жасалышы мүмкүн. Мен буга терең ишенем.

«Манас» дастанынын айланасында ар заманда кызуу талаштар болуп келген. Оозеки көркөм чыгармачылыктын кайталангыс керемети улам мезгил өткөн сайын жаңы ачылып, улуттун өткөнү менен бүгүнкүсү кезектешип угармандар менен окурмандарды эпос дүйнөсүнө жетелеп кире бермекчи. Элдик улуу чыгарманын чоң касиети ушунда окшобойбу.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG