Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:48

Апта башында казак маалымат булактары Кытайдан келген жашылча-жемиштерден адамдын ден соолугуна зыяндуу гептохлор заты табылганы тууралуу кабар таратты. Кытайдын жашылча-жемиштери Кыргызстанга да алынып келинээри маалым. Ушул тапта Кыргызстанда да иликтөө иштери жүрүүдө.

Максат менен Замира Ош базарында жашылча-жемиш сатып беш жылдан бери иштешет. Алар жергиликтүү товарларга кошуп кытайдыкын да сатышат. Максат менен Замиранын айтымында, кытайлардын өздөрү өз өлкөсүнөн келген жашылчаларды алышпайт. Кытайдан алынып келинген жашылча-жемиштер курту жок таза, жалтырап турган көрүнүшү менен аларманды өзүнө тартат. Анын үстүнө кытай, жемиштери жергиликтүү товарларга салыштырмалуу, арзан.

- Негизинен кытайлар өзүнүн товарларын алышпайт. Алар жергиликтүү жашылча-жемиштерди сурашат. Бирок бизде көрүнүшүнө карап, Кытайдын жашылча-жемишин сурагандар да жок эмес. Алардыкынан айырмаланып, жергиликтүү жашылча-жемиши салыштырмалуу кымбат. Кээлери “Кытайдын алмасын адам эмес, курт да жебейт”, -деп албай кетишет, - дейт Максат.

Ушул апта башында казак маалымат булактары Кытайдан келген жашылча-жемиштерден адамдын ден соолугуна зыяндуу гептохлор заты табылганы тууралуу маалымат таратты. Ушуга байланыштуу Республикалык Санитардык көзөмөлдөө кызматынын жетекчиси Төлөн Исаковдун айтымында, базар, дүкөндөрдөгү жашылча-жемиштердин сапатын текшерүүгө алып, көзөмөл башталган. Ал буга чейин Кытайдан алынып келинген жашылча-жемиштерден ден соолукка зыяндуу зат табылган эмес.

- Азыр жер-жерлерде текшерүү жүрүп жатат. Эгер Кытайдан келген жашылча-жемиштерден гептохлор заты табыла турган болсо, албетте, чара колдонобуз. Аларды жок кылууга чейин барабыз. Ушуга байланыштуу көзөмөлдү күчөтөбүз.

Ал эми Мамлекеттик стандарт ишканасы сырттан ташылып келинген жашылча-жемиштердин сапатын, стандартка туура келээр-келбесин көзөмөлгө албайт. Аталган мекеменин тамак-аш жана айыл чарба продуктуларын сертификатташтыруу бөлүмүнүн жетекчиси Асан Шакировдун айтымында, сырттан ташылып келген жашылча-жемиштер бажыдан өтүп жатканда гана текширилет. Бирок сапат жагынан мамлекеттик стандарттан милдеттүү түрдө сертификациядан өтпөйт.

- Ден соолукка зыяндуулугу боюнча эч кандай маалымат жок. Биздин андай лабораториябыз дагы жок. Бул биздин көзөмөлүбүздө эмес. Муну көзөмөлдөй турган органдарыбыз да жок.

Ал эми айыл-чарба адиси, академик Жамин Акималиев сыртан келген жашылчалар сөзсүз түрдө текшерүүдөн өтүшү керек деген ойдо.

- Кытайдан, Ирандан генетикасын өзгөрткөн товарлар келип жатат. Бул абдан коркунучтуу, укум-тукумга чейин кетет. Ошол себептүү сөзсүз текшерүүгө албаса болбойт.

Адистердин айтымында, гептохлор заты жашылча-жемиштерге курт-кумурскадан коргоо үчүн чачуу үчүн колдонулат. Эгер ал адамдын ден соолугуна кирсе нерв системаларына, канга терс таасирин тийгизет. Топтолуп отуруп өлүмгө да алып келиши ыктымал.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG