Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:06

Чүй: Кургакчылык запкысын тарткан дыйкандар


Адистер жазда данга баа кайрадан көтөрүлүшү ыктымалдыгын эскертүүдө
Адистер жазда данга баа кайрадан көтөрүлүшү ыктымалдыгын эскертүүдө

Азыр Чүй дыйкандары кирешесин санап, жазга кам көрө баштады. Күздүк эгин себүү менен алектенгендер бар. Быйыл жазда үшүк жүрүп, кургакчылык да болуп көп дыйкандардын маңдай тери акталбай калган.

Улан Суракматов Чүйдөгү Нурманбет айылында жашайт. Ал бир нече жылдан бери дыйканчылык менен алектенип, он гектар жерди иштетет. Быйыл үлүш жеринин жарымынан көбүнө беде, калганына күздүк буудай эккен. Бирок дандын түшүмдүүлүгү начар болуп элет жергесинде жетишсиздик байкалууда, дейт Улан:

- Жазда буудай кымбатташы мүмкүн. Былтыр жана мурдагы жылдары ар бир үйдө эки, беш, он тоннага чейин дан бар болчу. Азыр элде мурдагыдай көп буудай жок. Себеби быйыл түшүм начар болду. Жылына октябрь, ноябрь айларында күздүк буудай себилет. Техниканын жетишсиздиги, кызмат акысы менен күйүүчү майдын кымбаттыгы дыйкандарга оорчулукту туудуруп, алардын көпчүлүгү буудай себе алышкан жок. Бул көрүнүш ундун баасынын көтөрүлүшүнө түрткү болушу мүмкүн.

Быйылкы оруп-жыйноо мезгили бир топ кыйынчылыктар менен коштолгонун башка дыйкандар да кейип айтышкан:

Мелис: Дыйканылык эң начар жүрүүдө. Талаа ээлерин ойлогон эч ким жок. Буудай аянттары суунун жоктугунан күйүп кетти. Эми бедени сактап калалы десек суу жетишсиз болууда.

Насирдин: Быйыл семичке сепсек чыкпай калды. Жүгөрү талааларыбыз кодурала болуп өспөй турат. Кызылча эккен эч ким жок. Себеби пайдасыз. Талааларга суу жетишсиз болуп, жамгыр да жаабай койду.

Мурдагы жылдары кыргызстанда буудайдын баасы 6-7 сом эле. Былтыр болсо 12-13 сом болуп көтөрүлгөн. Быйыл бул көрсөткүч 15 сомду түздү. Дагы кымбаттайт, дегендер да бар.

Айыл-чарба жана кайра иштетүү министрлигинин бөлүм башчысы Аскар Сагынбаевдин айтымында, быйыл Чүйдө жүз жыйырма миңден ашык гектарга буудай себүү пландаштырылган жана анын токсон пайыздайы аткарылды:

- Өкмөттүн токтому менен республика боюнча эки жүз сексен миң гектар жерге күздүк буудай, жыйырма миң гектар аянтка күздүк арпа себүү боюнча план кабыл алынган. Бүгүнкү күндө эки жүз тогуз миң гектар аянтка буудай себилип, тапшырма 75% аткарылды. Түштүк областарына кыш кеч келгендиктен буудайды белгиленген өлчөмдө себе алышат. Бизди азыр бир гана Чүй обласы кооптондуруп турат. Ноябрь айы жылуу болот деген маалыматтар бар, ошондуктан дыйкандар күндүн жылышын кана күтүшүүдө

Быйыл түшүм начар болгондуктан айыл-чарба продукцияларынын дээрлик баардык түрү кымбаттады. Жай мезгилиндеги бышыкчылык убакта эле бир боо чөп баасы өткөн жылдагыдан эки эсеге өстү. Кыш келсе дагы кымбатташы ыктымал, дешет адистер. Жүгөрү, арпа-буудай, картошканын түшүмдүүлүгүнө быйылкы кургакчылык өзгөчө таасир эткендигин белгилешип, баанын көтөрүлүшү мүмкүн экендигин болжошууда.

Кыргыз өкмөтү жакында базардагы дан-эт азыктарынын баасына байкоо жүргүзгөнү жатат. Премьер-министр Игорь Чудиновдун көрсөтмөсү менен тармак аралык комиссия түзүлгөн. Комиссия базардагы бааны иликтеп чыгып, жаздагы кымбатчылыктын кезектеги толкунунун алдын алууну көздөөдө. Бирок өкмөттүн бул аракеттеринен күн санап өскөн баалардын ооздукталарына күмөн санагандар көп.

XS
SM
MD
LG