Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:44

Р. Сеидов: Петровкадагы тополоңду оппозиция уюштурушу ыктымал


Петровкадагы жаңжалда күрддөр жашаган он чакты үй талкаланган

Петровкадагы жаңжалда күрддөр жашаган он чакты үй талкаланган

Кыргызстандагы күрттөр ассоциациясынын башчысы Рамазан Сеидов Москва районунун Петровка айлындагы жаңжал боюнча пикирин билдирип, “Азаттыкка” маек курду.

- Мен муну оппозиция тарабынан уюштурулган накта провокация деп эсептейм. Анткени алдыда президенттик шайлоо болот. Алар бул окуяны пайдаланып өлкөдө улуттар аралык жанжал чыгаргысы келип жатат. Биз бир нече күндөн бери бул окуяны талдап ушундай тыянакка келдик. Чатактын баары 6-апрелде улуту боюнча күрт жигит кичинекей кызды зордуктап койду деген маалыматтан башталды да. Биз эки экспертиза жүргүздүк, анда зордуктоо фактысы такталган жок. Бирок жергиликтүү милиция зордуктоо болгон деп билдирди. 19-апрелде элдердин жыйналышында бул тууралуу айтканда, ал кичинекей кыздын чоң энеси асылып өлүп калды. Анан 26сында ушундай окуялар болду. Адамдар топтолуп, үйлөрдү талкалоо башталды.

- Зордукталды деп күнөөлөнүп жаткан Абдулла аттуу жигит менен сиз жолуга алдыңызбы?

- Жок, ал кармалган да. Тергөө жүрүп жатат. Эки-үч экспертиза жүргүзүлдү. Анын баары эч нерсе болбогонун көрсөттү.

- Сиздердин мындан аркы кадамдарыңыздар кандай болмокчу? Жергиликтүү тургандар күрддөрдүн айылдан чыгып кетүүсүн талап кылып жатышат.

- Биз Кыргызстандын жарандарыбыз. Биз ушул жерде төрөлүп, ушул жерде чоңойгонбуз. Биздин эл бул өлкөдө 37-жылдан бери жашап келатат. Биз ошол эле кыргыздардай жана башка ушул өлкөдө жашаган улуттардай Кыргызстандын көтөрүлүшүно жардам бергенбиз. Шахталарда иштедик, мал бактык. Азыр күрттөрдү жашоонун баардык тармагынан тапса болот. Анан калса баардык күрттөрдү айылдан чыгарууга негиз жок. Мен айтпадымбы, зордуктоо фактысы болгон жок деп. Эгер болсо да, анда ошол киши өзү жооп берсин. Эмне өлкөдө ушундай фактылар аз бекен? Эгер “Дело №” гезитин ачсаңар мындай окуялар толтура. Эмне алардын баарын көчүп кетишсин деп атышыптырбы? Бул жерде баардык элдин тиешеси канча? Биздин да эмгеги сиңген улуу аксакалдарыбыз бар. Күрттөр аябай мээнеткеч, иштерман келишет. Бул тууралуу баары эле айтышат. Эмне үчүн бир киши үчүн баардык улут жооп бериши керек.

Мунун баары “Жашылдар” партиясынын айрым мүчөлөрү тарабынан уюштурулган деген маалымат бар. Камалган адамдар бар. Адамдарды топтоо жөнөкөй иш эмес. Эмне үчүн 6сында же 19унда эмес, а 26-апрелде, тергөө органдары иликтеп жатканда тополоңду уюштурушту.

- Абдулланы 26-апрелде кармаштыбы?

Петровкадагы абалдан кабар алуу үчүн Социал-демократ депутаттар барышкан
- Жок, ал ага чейин эле камалган. Кечээ мен бул жакка келгенимде топтолгон элге “Бакиев кетсин” деп кыйкырып жатышканын өзүм уктум. Алар мунун баарын саясий нукка бургулары келип жатат. “Жашылдар” жана “Социал-демократтар” партиясынынан, мен азыр алардын аттарын атабай эле коеюун, биздин балдарга келип, “эмнеге чыдап отурасыңар, келгиле Кыргызстанда болуп жаткан окуялар боюнча БУУга, элчиликтерге кайрылалы ”, деп айтып жатышты. Бул эмнени билдирет? Бул деген оппозиция шайлоо алдындагы өнөктөштүктө өлкөдө улуттар аралык жаңжал уюштургусу келип жатат.

Кудай жалгап, президенттин администрациясына, ИИМге, прокуратурага чоң ырахмат, ылдам, так мунун баарын өз убагында жайгаштырышты. Ал эми жергиликтүү бийлик ушул тополоңду уюштургандардын тарабында болду. Кечээ райондун милициянын башчысы, прокурору, акими иштен кетти. Петровка айыл өкмөтүнүн башчысы бул тополоңду уюштургандардын алдында болду. Күрттөр кайсы үйдө жашаарын көрсөтүп жүрдү. Алар үйлөрду талкалап, тоноп башташты. Көп үйлөр талкаланды, бир машинаны өрттөштү. Бир машинаны уурдап кетишти. Бир топ мал да уурдалды. Биз эми мунун баарын кайра калыбына келтирилишин талап кылабыз.

- Петровкада үйлөрүн таштай качкан күрттөр азыр кайда жашап жатышат?

- Бир топ тургундарды, алардын ичинен сексен пайызын аялдар менен балдар түзөт, биз аларды айылдан алып чыгып кеттик. Алар азыр биздин жердештерибиздикинде, шаарда, айылдардагы күрттөрдүкүндө жашап атышат. Биз эми аларды кайра үйлөрүнө алып келе баштайбыз. Анткени баары орду-ордуна келе баштады. Күрттөрдүн баары чыгып кетсин деген талаптын өзү акылга сыйбас нерсе. Эмне үчүн чыгырыш керек? Алар өз оокаттарын кылып, мал багып жан багып келишет. Алар алтургай соода кылганды, кызыл кулактык менен алектенгенди да билишпейт.

Биз келтирлегн чыгымдардын ордун толтурулушун талап кылабыз. Талкалоолор жана моралдык чыгым үчүн күнөөлүүлөр кечирим сурашсын. Тополоңду уюштургандар сөзсүз жазаланышы керек.

- Бул тополоңдо кармалгандардын көбү кечээ бошотулду. Сиз кабардар болсоңуз керек?

- Ооба, мен билем. 60-70тей адам кармалып кечээ алар бошотулду. Чынын айтканда мен бул чечимди колдойм. Анткени сүрмө топту чогултуп, провокация кылса болот. Алардын ичинен баары эле эмне болуп атканын түшүнүшкөн да эмес. Алар кээ бирлерин ичирип да коюшкан. Албетте ар бир адам өзүнүн кылганы үчүн жооп бериш керек. Бирок ошол эле убакта мен жарашууну каалайм. Менин максатым - менин элимди мына ушул тополоңду уюштургандар менен жараштыруу. Тынчтык ар дайым жеңет, тынчтык калыбына келтирилиши керек.

- Учурда Кыргызстанда теги күрт канча жаран жашайт жана алар негизинен эмне менен алектенишет?

- Кыргызстанда 25 миңдей күрт жашайт. Алар жер иштетүү, негизинен мал багуу менен алектенишет.

- Чүйдө жашаган күрттөрдүн көчүп келгенине канча болду?

- Чүйгө негизинен Жалал-Абаттан он беш жылдай мурда, жер көчкүнүн айынан көчүп келишкен.

- Рахмат.

Тасма: Петровка: калайык адилеттикти талап кылууда





Оппозициялык Социал-Демократиялык Партиянын өкүлдөрү Чүйдүн Москва районундагы Петровка кыштагынын калкы менен 28-апрелде жолугушуп, алардын тестиер кызды зордуктаган кылмышкерди жана аны жаап-жашырган “тартип сактоочуларды” жазалоо, жазыксыз камалган коомчулук өкүлдөрүн бошотуу талаптарына колдоо көрсөтүштү. MiT.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG