Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:43

Т. Чынгышев кадр саясаты, АКШ базасы жана "Кумтөр" тууралуу


Мурдагы премьер министр Турсунбек Чыңгышев Кыргызстандын саясаты, экономикасы тууралуу “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди.

- Жакында Кыргызстандын 20дан ашык коомдук-саясий, маданий ишмерлер президентке кайрылуу жолдоп, анда бийликтен оппозицияга каршы куугунтукту токтотууну сурашкан экен. Кол койгондордун катарында сиз да бар экенсиз. Чынында эле бир катар саясий ишмерлерге кылмыш иштери козголуп турат. Муну куугунтук деп атай турган болсок, мындай жагдайдын түзүлүшүнө эмне түрткү болуп атат?

- Менин кайрылууга кол койгон себебим бар. Оппозиция деп атпайбызбы. Булардын ичинде жүргөн адамдар да ар түрдүү адамдар. Бирок негизинен көпчүлүгү Кыргызстан үчүн, элибиз үчүн жакшылык болсун деп, пайдалуу нерселерди айтып келаткан адамдар. Биз эч качан оппозицияда жүргөн адамдарды элдин же мамлекеттин душманы деп эсептебешибиз керек. Демократияны тандап алдыкпы, демократиялык мамлекеттин бир көрүнүшү - оппозиция. Оппозиция болбосо демократия бар деп айтууга болбойт. Көп партиялуулук системасы өнүккөн мамлекеттерде бир партия бийликке келсе, аны экинчиси сындап турсун, башка жолго түшүп кетпесин деп туруш үчүн түзүлүп атпайбы. Бул система илгертен өнүгүп келатат. Ошондуктан оппозицияны жоюш керек, жоготуш керек, бул элди бузуп атат деп түшүнүш туура эмес. Бизде ошондой болуп атпайбы, бийликти мактасаң жакшы, ынтымакка чакырып аткан адам болуп, бийликти сындасаң бул элди бузуп атат, мамлекетке каршы болуп атат делип атпайбы.

- Президент силердин үндү угабы?

- Ишеним бар. Себеби кол койгондордун ичинде абдан көрүнүктүү адамдар, Кыргыз Республикасынын баатырлары, саясатчылар, ишкерлер, аксакалдар, жаштар бар дегендей. Элдин нааразы болуп атканы эмнеде? Эгер оппозицияда жүргөн адам мыйзамды бузса тартипке чакыр, кылмыш ишин козгойсуңбу, сотко бересиңби кеп башка. Анан жөн жүрүп эле бир адам оппозицияга өтүп кетсе 7-8 жыл мурун болгон окуяны же туугандарын, же балдарын алып чыгып иш козгоо болуп атпайбы. Бул туура эмес да.

- Ушундай жагдайдын түзүлүшү, балким, кадр саясатынын туура эмес жүрүп жатышынан болбосун. Бүгүнкү күндөгү жалпы кадр саясатына көз карашыңыз кандай? Себеби президент Бакиев бийликке келгенде кадрдык туруктуулукту камсыздоону убада кылган эле. Өзүңүз билесиз, акыркы төрт жылда төрт премьер-министр алмашты...

- Канчалаган министрлер, губернаторлор, акимдер алмашты. Менимче кадр саясатында көп кемчиликтер болуп атат. Эл ишеним арткан, таза, кесипкөй адамдарды түндүктөнбү-түштүктөнбү, аркаданбы, ичтенби карабай туруп алып келип иштетүү керек. Бизде жеке берилүүчүлүк принциби болуп атат. Ал эми кесипкөйлүккө артыкчылык берүү чанда болуп атат.

- Акыркы кадрдык которуштуруулар ар түрдүү пикирлерди жаратып атат. Анын ичинде бул президенттик шайлоого даярдык дегендер да бар...

- Кайсы президент болбосун шайлоо жакындап келатканда кандайдыр бир иш-чараларды жүргүзөт. Ошонун ичинде кадр маселелери да болот. Бул мыйзам ченемдүү нерсе. Туура эмес кылып атат деп айтууга болбойт. Бирок кайсы нук менен баратат, кандай адамдарды алып келип атат – кеп ошондо. Биз кээде президенттин өзүнө сын-пикирлерди айтып жүрөбүз айланасына алып келип аткан адамдар президенттин өзүн сындырып коюп атышат. Ошондуктан президенттин айланасында таза, кесипкөй адамдар турса элдин да бийликке ишеничи күчөйт. Бизде көпчүлүк учурда андай болбой атпайбы.

- Жакында өкмөт АКШнын аба-аскерий базасынын чыгаруу боюнча чечим кабыл алып, ал парламентте каралуу алдында турат. Кыргызстандын чечими канчалык сизди ынандыра алды?

- Кыргызстан чакан мамлекет болгондон кийин тең калыпта саясат жүргүзгөнү оң. Бирок АКШ аба-аскерий базасы башынан туура эмес коюлган. “Манас” – жүргүнчүлөрдү ташуучу Эл аралык аба майдан. Ошонун айынан учактар сүзүшүп кетип атат, адамдарыбызды өлтүрүп, жооп бербей кетип атат. Бул биринчи себеби. Негизги себеби бул базаны жайгаштыруу Ооганстандагы терроризмге, наркосоодага каршы күрөш деген шылтоо болчу. Эми азыр саясий абал Ооганстанда оңолдубу? Жок. Маалымат каражаттарына ишенсек америкалыктар барганы Ооганстанда апийим өстүрүү 20 эсе көбөйүптүр. Демек АКШ базасынын коюлушу терроризмге каршы күрөш эмес, өзүнүн күчтөрүн Борбор Азияда сактап, болуп аткан окуяларды көзөмөлдөө саясаты, геосаясат. Борбор Азия деген чоң аймак. Ага Кытай, Монголия, Орусиянын түштүк жагы, башка көптөгөн мамлекеттер кирет. Ошондуктан, акчаны аз төлөп атат деген өңдүү дооматтарды коюп эле базанын кеткени оң. Экничиден тегерегибиздеги башка мамлекеттердин пикирин да эске алуу керек.Тегерегибиздеги мамлекеттерди айтпаганда дагы ошол эле Пакистан, Иран, Араб өлкөлөрүнүн, жалпы эле мусулман элинин көз карашын биз эске алышыбыз керек. Алар базанын турушуна жаман көз карашта. Бул жагынан өкмөттүн кадамын туура деп эсептейм.

- Ошол эле мезгилде Кантта Орусиянын аба-аскерий базасы туруп атат да. Бул Кыргызстанга кандай пайда алып келет?

- Ал тарыхый жагдай. Илгертен эле Кыргыз республикабыз Орусияга жакын болуп келген. Азыр эми биз ШКУ, ЖККУ дегендерге кошулуп албадыкпы. ЖККУнун аскерлери куралып атат, кечээ жакында эле Москвада айтылбадыбы, ошолорго кол койгондон кийин Орусия базасынын Кантта турганы мыйзам ченемдүү нерсе. Тура бериш керек. Эгер биз мындай бирикмелерге караманча нейтралдуу болобуз десек анда кеп башка.

- Эгемендиктин башында, ал учурда сиз да иштеп калдыңыз, Кыргызстан бардык мамлекеттер менен бирдей кызматташуу керек деген саясатты алып барган. Азыркы саясатты сындагандар эми Орусия менен ашкере жакындашуу Кыргызстанды көз карандылыкка алып барат деп атышат. Сиз кандай дейсиз?

- Мен деле Кыргызстан бардык мамлекеттер менен бирдей аралыкта болушу керек дейм. Бирок СССРден бери Кыргызстан Орусия менен экономикалык тыгыз карым-катышта болгондон кийин башка жол жок. Бир гана нерсе азыркы жаңы байланыштарды түзүүдө биз Орусияга облус, край болуп кирбеш үчүн, эгемендикти сакташ үчүн кылдат аракетте болушубуз керек. Ал үчүн саясий эрк керек. Себеби биздин саясатчылар арасында Федерацияга кирип алганыбыз оң деген да пикирлер бар да. Ошондуктан, сиздин суроодо кеп бар. Орусиянын геосаясатында да кеп бар. Бул деле мыйзам ченемдүү нерсе. Албетте Орусия мурдагы союзга кирген өлкөлөрдү өзүнө жакындатып, дүйнөлүк державаларга каршы саясатта албетте, бизди колдонгусу келет. Кариб деңизинде, Түштүк Америкада, Венеуэлада, Колумбияда, Эквадордо, Никарагуада, Кубада кандай саясат жүрүп атат. Мунун бардыгы мыйзам ченемдүү. Ошондуктан экономикалык карым-катышты саясий кызыкчылыкка алып кетпеш үчүн биздин бийлик элдин кызыкчылыгын катуу сактап туруш керек.

- Турсунбек мырза, эми экономикага кайрылалы. Кечээ жакында Орусия менен Кыргызстан Камбарата-1 ГЭСин биргелешип курууну макулдашты, өзүңүз билесиз. Бул Кыргызстанга эмне берет? Макулдашылган 2 млрд. долларга жакын каражат туура жумшалабы? Жетеби дегеле курулушка?

- Эми бул сурооңуз абдан жакшы суроо. Мен Орусия менен түзүлгөн келишимди толук колдойм. Муну президенттин, өкмөттүн чоң жетишкендиги деп ойлойм. Себеби 150 млн. доллар бекер берилип атат. Курулушка бюджеттен, энергетикадан канча акча кетип атат. Менин коркконум: ошол берилип аткан акчалар толугу менен тийиштүү жакка барып, тийиштүү иштер аткарылабы, бюджетти колдоого берилген акчалар ошол бюджетти колдоого барабы, Камбар-Атага бөлүнгөн акча өзүнө барабы? Бул менин жүрөгүмдү ооруткан нерсе. Азыр бийликке аралашып жүргөндөрдүн бир тобу колдорун ушалап аткан кези. Ошол акчанын бир тобу коррупциячыларга өтүп кетпеш үчүн Орусия жетекчилери туура иш кылышы керек. Азыр эми техникалык негиздер жасалат, андан кийин техникалык долбоор, анан андан кийинкилери болуп кете бериши керек. Ошого жараша каражатты баскыч-баскыч менен которсо туура болот. Күр деп бир которуп ийсе биздин шылуундарыбыз туура эмес иштерди кылып коет.

- Эми кризис маселеси. Кризис, албетте, жалгыз Кыргызстанга келген жок. Ушул кризистен каржалбай чыгыш үчүн эмне кылуу керек?

- Бир эле негизги нерсе “бутубузду төшөгүбүзгө ченеп сунушубу” керек. “Жылкыбызга ченеп ышкырышыбыз” керек. Азыр үнөм жагына өтүшүбүз керек. Төмөнкү деңгээлде алсак айылдагы аш-тойлорду кыскартуу керек, мамлекеттик деңгээлде алсак мамлекеттик кызматкерлердин өсүшүн токтотушубуз керек. Бизде кыскартуу деп коюп эле ага моюн бергендер жок. Кээ бир министрлер аппаратыбызды 15-20 пайызга кыскартабыз деп чыгып атышпайбы. Эгерде мамлекеттик деңгээлде саясат турбаса мындан эч нерсе чыкпайт. Бир министрдин, бир губернатордун колунан келбейт. Экинчи жагынан сырттан келген каражаттарды натыйжалуу пайдалануу керек. Мына жаңы салык Кодекси ишкердик үчүн, эл үчүн татаал кодекс болуп калды. Патент, кыймылсыз мүлккө салык дегендер элди аябай кыйнайт. Эгерде президент, парламент кодексти кайра жакшылап карап чыкпаса кыйын болуп калат, бул каржы кризисин күчөтөт.

- Дагы бир маселе –акча саясаты. Азыр Орусияда деле, Казакстанда акчанын наркы кетип атат, маселен, айрыкча Казакстанда теңге абдан түшүп кетти. Кыргызстандын сомуна кандай божомолуңуз бар?

- Сомдун ал-ахыбалы оорлоп баратат. Бирок мындан трагедия кылбаш керек. Себеби бул жерде сомдун өсүшү-төмөндөшү дагы каржылык чоң саясат. Доллардын көтөрүлүшү экспортко иштеген адамдарга абдан пайдалуу. Бирок мунун да чеги болуш керек. Орусия азыр рублине чек коюп атпайбы. Ошол сыяктуу Улуттук Банк өкмөт менен бирге сомду девальвацияга кетирбегенге аракет кылышы керек. Сом девальвация болуп кетсе элибиздн турмушу жаман болот. Бизде айлыктарды, пенсия, стипендияларды индексациялоочу мыйзам жок. Мыйзам жок болгондон кийин сомдун еврого, долларга баасынын ылдый түшүп баратышы, базарларда баалардын өсүшү - бул турмуш начарлап баратканынын белгиси. Буга азыр Улуттук Банк менен өкмөт көңүл бурганын байкабай атам. Ушуну карап туруш керек. Азыр эми бир доллардын курсу 40-41 сом болуп атышы анча деле коркунучтуу эмес. Бирок, мындан төмөн түшүрбөш керек.

- “Кумтөр” алтын кенин мамлекетке өткөрүү боюнча өкмөт Жогорку Кеңештин төрага орун басары Кубанычбек Исабековдун демилгеси менен мыйзам долбоорун даярдады. Дегеле “Кумтөрдүн” айланасындагы акыркы өзгөрүүлөргө кандай карап атасыз?

- “Кумтөр” боюнча мен акыркы жылдардагы документтерди көргөн эмесмин. Бүгүнкү келишим кандай экенин мен билбейм, маалымат каражаттары аркылуу эле таанышканым болбосо. Бирок проценттерине карап мен төбө чачым тик туруп атат. Кыргызстанда 16-17% гана турбайбы? Ал эми 1993-жылы биз кол койгон келишим боюнча Кыргызстанга 66,6% , канадалыктарга 33,3% калышы керек эле. 67%тен 16-17%ке түшүрүү кандай нерсе? Азыр эми 30%ке жеткиребиз деп атканына түшүнбөйм. Исабековдун улутташтыруу маселесин да терең карап көрүш керек. Улутташтырсак эмне утабыз, эмне жоготобуз, талдаш керек, проценттерди көбөйтүп, канадалыктарды жайына койсок эмне утабыз эмне жоготобуз? Менде материал жок, кескин айта албай атам. Бир гана кескин айтаарым – кыргызстан “Кумтөр” боюнча абдан уттуруп атат. Анда кеп жок.

- Азыр эми “Кумтөр” боюнча 90-жылдардагы келишимге кайтуу демилгеси да көтөрүлүп атат..

- Абдан туура болмок.

- Ошол эле мезгилде ал келишим көп сындарга кабылды, сиз иштеп турган кезде дагы. Андан кийин деле , өзүңүз билесиз. Сиз ошол келишимде өксүктөр деп эмнени айтат элеңиз?

- Эми өксүгү жок келишим болбойт. Табиятта жок. Бирок биз Жогорку Кеңештин алтын комиссиясы берген сунуштарды карап кайра оңдоп, акыркы кол койгон келишим жакшынакай болчу. Ошол кезде өзгөртүп, кемчиликтерди азайтып, парламенттин 70ке жакын сунуштарын киргизгенбиз, ошол келишимди иштетсек сонун болмок.

- Танаевдин өкмөтү тушунда бул келишим эмне үчүн өзгөрүүгө тушукту дейсиз?

- Билбейм. Буга комментарийим жок.
XS
SM
MD
LG