Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:19

Ор-Казган айыл тургундарынын Р.Отунбаевага арызы


Кыргыз Республикасынын Убактылуу өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаевага

АРЫЗ

Биздин арыз берүүбүздүн себеби төмөндөгүдөй:

Өзгөн районундагы Ийри-Суу айылдык округуна караштуу Ор-Казган айылында жашаган элдин көйгөйлүү арызын карап бериңиздер. Биздин айыл Ийри-Суу айылдык округунан он сегиз чакырым алыстыкта турат. Деңиз деңгээлинен 1800 м бийиктикте турат.

Кышкысы 7 ай кыш болот. Кардын калыңдыгы 2-2,5 метрге жетет. Жол каттамында автоунаа эмес ат менен да каттоого мүмкүн болбой калат. Биздин жерде аба ырайы өтө катал. Аба нымдуу. Жердин нымдуулугунан элдин арасында оорулуу адамдар аябай көп. Оорулуу адамдарды ооруканага жеткире албай көз жумган учурлары көп болуп турат.

Мисалы, былтыркы жылы кышында мектеп мугалими Раимжанова Айниса эжекебиз ооруп калып жардам көрсөтүлбөй каза болду. Мына ушундай мисалдар көп. Жаш балдарда да болуп турат. Айрыкча Союз жоюлгандан бери ушундай шартта жашайбыз.

Жазга маал март, апрель айларында үйлөрдүн алдынан булак чыгып зактайт. Мындай шартта жашоого да эч мүмкүн эмес. Элдин дээрлик бардыгы жакыр жашайт. Үйлөрүбүз илгери союз мезгилинде салынган чалдыбары чыккан үйлөр. Бул жерге медиктер да келип иштөөдөн баш тартышат.

Климаттын сууктугуна байланыштуу бизде картошка, күн карамадан башка эч нерсе бышпайт. Жайы менен дыйканчылык кылабыз. Жаз кеч келип жер кеч айдалып, күздө күн карама, картошкаларды кара шак басып, үшүк уруп кетет. Жол каттоонун жамандыгынан жаткан дыйканчылыктын көп бөлүгү жол киреге кетет. Электр жарыгы кыш мезгилинде жолдо зымдар үзүлүп бир айлап свет күйбөгөн учулар көп болот. Мурда Союз мезгилинде бизге 20% высокогорие төлөнчү, аны да алып таштаган.

Биз ушул маселе боюнча айылдык округунан баштап, депутаттарга чейин бир нече жолу кайрылганбыз. Андан эч кандай жыйынтык чыккан жок. Мындай оор жашоодон кыйналып бүттүк. Эгерде азыркы убактылуу өкмөттүн эл үчүн кам көргөндүгү анык болсо, Ор-Казган айылында жашаган элүү түтүн элдин көйгөйлүү маселесин чечип, бизге да Өзгөн тараптан элге чек берген жерден мыйзамдын негизинде чек берүүңүздөрдү айыл тургундары жана жаштар тобу суранабыз.

Айыл тургундары:

1. Айыл башчы Макеев А.
2. Итиев А.
3. Чолуков М.
4. Абдуллаев А.
5. Макеев Н.
6. Сулайманов З.
7. Закиров К.
8. Терекбаев А.
9. Терекбаев Ш.
10. Чолуков К.
11. Кадырова Г.
12. Исакова З.
13. Алиева Ж.
14. Абдуллаева З.
15. Эгембердиева Ж.
жиберди
XS
SM
MD
LG