Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:22

“Замандаш” саясий партиясынын аялдар комитетинин Кайрылуусу


Асыл энелер, мээрбан эже-сиңдилер, курбулар!

Ош жана Жалал-Абад аймактарында чагымчыл кара күчтөр тарабынан уюштурулуп, болуп жаткан окуяларга жүрөгүбүз сыздап, кабыргабыз кайышып турат. Шейит кеткен бир туугандарыбыздын жакындарына чын ниетибизден көңүл айтып, аза-кайгысын бөлүшөбүз!

Акылман энелер! Бүгүн Кыргызстаныбыз татаал, ары опуртал абалга кептелип калды. Өзүбүздүн ыйык ата-журтубузду кыйрап калуудан, бирөөгө күнкор болуп калуудан өзүбүз гана сактай алабыз! Кылымдардан бери тагдырлаш, даамдаш болуп, куда-сөөк күтүп, жакшылык-жамандыкта чогуу жүргөн элбиз. Тилибиз, динибиз, салт-санаабыз окшош, бир мамлекеттин жараныбыз. Демек биздин максаттарыбыз да бир. Баарыбыз бир асмандын астында, бир жердин үстүндө өмүр кечирген пенделер болгон сон, кымбат, аманат, өмүр баарыбыздын башыбызда. Кудайдан амандык тилейли! Сиздерде тынчтык болмоюнча бизде да тынч уйку жок. Сиздер менен бирге экендигибизди билдирүү менен, сиздерге даректүү жардам берели деп чечтик. Акыркы маалдагы окуяларга байланыштуу үзгүлтүккө учураган түштүк жериндеги мобилдик байланышты калыбына келтирүүгө жардам берүү үчүн, Ош, Жалал-Абад окуяларында жабыркагандардын кол телефондоруна бирдик салууну баштадык. Муктаж болгондор “Замандаш” саясый партиясынын Ош шаарындагы офисине 0771 010127 телефону аркылуу, Жалал-Абад шаарындагы офисине 0777 17 78 07 телефону аркылуу кайрылса болот. Бул акцияга катышууга Кыргызстан жарандарын бүт чакырабыз!

Бейиштин төрүндөй сезилген Түштүк жеринде, берекеси төгүлгөн элинде тезирээк бейпилдик орношун кудайдан тилейбиз!

“Замандаш” саясый партиясынын
Аялдар комитетинин төрагасы Топчугүл Шайдуллаева

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG