Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:17

Улуумания


"Азаттык" үналгысына Айдай Масылкановадан ушундай кат келди. Биз аны Окурмандын куржунуна жайгаштырууну туура көрдүк.

Акыркы мезгилде качан телевизор койбо, улуттук идеологияны өнүктүрүшүбүз керек деп көкүрөгүн соккондор көбөйгөндөн көбөйгөн. Албетте, көп жылдаган маңыроочулуктан кийин өзүбүздүн улуттук аң сезимибизди өнүктүрүү аракеттери мактоого сыярлык демилге, бирок ошентсе да: «Кыргыз эли улуу элбиз, Кыргыз эли кыйын элбиз» деп эле шилекей чачырата берүү күлкүлүү нерсе. Эмне үчүн: «Кыргыз эли улуу элбиз бирок чууттугубуз бар, балиттигибиз бар, мансапкорлугубуз бар, кошоматчылыгыбыз бар, ушундай кемчилдиктерибизди оңосок анан барып урпактарыбыз сыймыктанаарлык эл болот элек» дебейбиз?

Кыргыз эли байыркы эл экенибиз чын, бирок улуу элбиз деп өзүбүз жок жерден ураан салгандан көрө, башкалар Кыргыз эли улуу эл экен деп баа бергени туура болсо керек. А азыр болсо андай баа алуудан таптакыр алыспыз . Ага карабастан: «Башкалар эмне десе ошо десин баары бир биз кыйынбыз» деп кежирленгенден кежирленгенибиз. Ошентип жатып өлкөбүз деле ыдырайын деп калды.

Уламдан улам көзү тойбогон, жакырчылыкты жоюуунун ордуна жакыр элдин намысын сатып алып пикеттерге чыгарган алдым-жуттум саясатчылардын айынан, дүйнөгө улуу эл эмес эле чуут, саткын эл деп таанылып жатканыбыз калппы? Саясий партиялардын эки күндүн ичинде шаардын ичин быкбырдай кайната салган баракчаларын көрүп күлкүң келет. Чындап эле элдин камын ойлоп, ак ниети, чын дили менен иштеген болушса, мынчалык чымын куюн аракеттин, же табити жок жамакчылыктын деле кереги жок болот эле го. Таратылган баракчалардагы: «Үзөт, сүзөт, түзөт, бузат, кузат, чычат» сыяктуу саптар кайсы кыйын саясатчыларга ишеним туудурсун?

Саясатчылар бир эл, кыргыз эли башка эл эмес, баары биригип бир эл. Ошондуктан, карапайым калк күнүмдүк оокаттын артынан кууппу, же бекерпоздуктун айынанбы саясатчыларга сатыла беришпесе мүмкүн, башкалар улуулугубузду билет турган күн жакындаар беле? Карапайым элибизди бир мүшөк ун, шекер, же бир бөтөлкө аракка сатылып кетишпесин билишсе саясатчылар дагы жоопкерчиликтүү иштей турганы анык.

Мына шайлоо башталды, баякылар дагы келишет береерин беришет деп алакандарын ушалабай: “Кыргызы эли сатылбагыла, азыр уругуна жараша, кайсыл жактыгына жараша эмес иштеген ишине жараша шайлабасак, булар дагы да болсо төңкөрөөрүн төңкөрүп, өңкөрөөрүн өңкөрүп кете беришет” деп эл акылы менен иш жасашса кандай сонун болоор эле. Бүгүнкү күндө болсо анткендин ордуна кайсы колунда бар саясатчынын артынан илешип бир ай да болсо пайда көрүп калсак экен дегендердин саны аз эмес. Ушул эле адамдар кайра: “Иий, Кыргыз эли качан жакшы жашайбыз” деп нааразы болушат.

“Менин жездем бажыканада үч ай иштеп эле эки машина, бир үй сатып алды, таякем 500 доллар берип ГАИ болуп орношту” деген сыяктуу сөздөрдү илимдүү билимдүү эле адамдарыбыз уялмак түгүл мактанып айтышканын коюшса, паракорлук дагы бара бара жоюлат беле?

Паракорлукту жек коруунун ордуна, көтөрмөлөп, качып кутулгус балээнин ордуна, жетпей жургөн максаты катары көрушпөсө, Кыргыз эли улуу болбосо дагы башкалардан артта калбаган эл катары, орточо бирок бактылуу жашайт беле? Чет элде окуп келген жаштар кыйратат эле ойротот эле дешет, а бирок андайлар аралашып калса: “Кана эмнени үйрөндүң, бизге деле үйрөтчү” дегенден намыстанышат. А түгүл, сын айтсаң: “Өөй, биз деген улуу элбиз, менталитетибиз башка, америкалыктарга, же европалыктарга салыштырба” деп керсендешет.

Эл оңолсо, саясатыбыз да, саясатчыларыбыз да, жашообуз да оңолот. Кыргыз эли качан гана өз кемчилдиктерин түшүнө билгенде гана, башка улуу элдердин жетишкендиктерин уйрөнуугө умтулуп, акча менен аракка сатылбай өзун сыйлап, жана эл башындагыларды өзун кемсинтпей, кордотпой сыйлата билгенде гана алдыга бир аз кадам таштайт. Ансыз, УТРК каналында гана улуу эл, кыйын эл болуп кала берерибиз бышык.

Айдай Масылканова
XS
SM
MD
LG