Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:26

«Ынтымак» улуттук өнөр фестивалы


Абалтан аалам – жерге айкаша, жан-жаныбарга жалгаша жашап келген Кыргыз адамы, айбанаттын тилин билип, аяр мамиледе алака куруп, Теңирдин теңдик мыйзамын сактай келген. Бул биримдик кылымдар бою кыйшайбаган шайкеш жашоону түзүп, ааламга аруулук тартуулаган.

Кыргыз элиндеги асыл тукум тайгандарды, куштарды сактоо менен тайганчылык, мүнүшкөрлүк өнөрлөрүн өнүктүрүп, жалпы элге жайылтуу. Дүйнө элинин кызыгуусун арттырып, эл аралык деңгээлде өткөрүлүп жаткан тайганчылык, мүнүшкөрлүккө арналган фестивалдарда Кыргызстандын намысын коргоо. Өсүп келе жаткан муунду мекенчилдик демде тарбиялоого салым кошуу аталган фестивалдын негизги максаты.

«САНАТ-КУМАЙ» федерациясы, "Дасмия" компаниясы менен биргеликте өткөрүүдө. Фестивалга өлкөнүн ар тарабынан келген саятчылар өзүнүн эң мыкты деп тандалган тайган, куштары менен келишет.

Иш-чара "Манас" айтуу менен башталат, Бүркүт салуу, Ителги салуу, Куш салуу, Тайган агытуу, Концерттик номерлер жана жеңүүчүлөрдү сыйлоо менен коштолот

Пресс-катчы Мирхамид Токтогул уулу

Байланыш телефондор: 0777 34 93 53
0772 22 98 16
0555 74 65 64
e-mail: dobulbass@gmail. com
XS
SM
MD
LG