Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:26

БУУнун Качкындар боюнча агенттигинин түштүк жергесиндеги иш аракеттери


Ош окуясына бир айдан кийин, БУУнун Качкындар боюнча агенттигинин каттоосу боюнча 75 миң адам үй-жайын таштап, жер которууга мажбур болду. Ал эми жапа чеккендердин саны 400 миң адамга жетти. Миңдеген адам дагы эле жеке коопсуздугунун коркунучуна бөлөнгөн. Буга Ош жана Жалал-Абад региондорунда жеке документтердин жоголуусу жана барар үйү жоктугунун таасири да чоң.

Бүгүнкү күнгө чейин БУУнун Качкындар боюнча агенттиги шериктештери менен бирге монитордук жана өрттөлгөн үй-жайларды иликтөө иштерин аткарып келе жатат, миңдеген атуулдардан жеке сурак жүргүздү. Ушул күндө жер которгон жана жардамга муктаж болгон адамдардын саны 75 миңди түзөт – бул көрсөткүчкө өз үйүнө кайтуудан кооптонгондор же кайта албаган атуулдар кирет. Себеби алардын үй-жайлары өрттөңүп кеткен.

Туулгандыгы тууралуу күбөлүк, паспорт, өздүк карточкалар, үй жана жерге ээлик тууралуу документтердин жоголуусу көп учурларда атуулдарыбызга бир топ маселелерди алып келүүдө.

Ош областынын Фуркат аймагында БУУнун Качкындар боюнча агенттигинин кызматкерлери 12 адамдан турган үй-бүлөгө жолукту. Бардык үй-бүлө мүчөлорү 11-июнда, эртең менен качуу убагында бардык документтерин жоготушкан. Документтеринин жоктугунан алар жаңы документтерге тапшыруу кыйынчылык жаратарын айтышууда.

БУУнун Качкындар боюнча агенттиги жана коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү калк менен жолугушуп, атуулдардын укуктарын коргоо жана документтерди кайрадан калыбына келтирүүгө көмөктөшүүдо. Ошондой эле мамлекеттик каттоо мекемеси менен документтерди кайра берүү маселелерин талкуулап, мобилдүү топтор июнь окуяларында жапа чеккендер менен кездешүүдө.

Мисалы, БУУнун Качкындар боюнча башкармалыгынын колдоосу менен Эл аралык Көмөктөшүү борбору “жардам көрсөтүү линиясы” долбоорун ишке киргизди. Сиздер 24 саат бою акысыз түз байланыш аркылуу төмөнкү суроолор боюнча кайрыла аласыздар: медициналык жардам алуу, жаш балдарды коргоо, дайынсыз жоголгон атуулдар боюнча издөө, коомдук укук коргоо, өрттөнгөн үй-жайлар жана башка мүлктөрдү аныктоо, факт боюнча иликтөө иштерин жүргүзүү, жоголгон өздүк жана мүлк документтерди кайра калыбына келтирүү. Байланыш телефондору: Ош ш. (0550) 50-99-44; (0555) 51-99-44 жана Жалал-Абад ш.: (0555) 52-99-44 (Шаардык телефондор жана «Мегаком» абоненттери үчүн байланыш акысыз).

Алдыда аткарыла турган жумуш толтура. Мында мамлекеттин жана дүйнөлүк коомчулуктун жардамы манилүү. БУУнун Качкындар боюнча агенттиги чатыр, төшөк жана башка керектүү буюмдарды таратууда. Учурда 60 миңден ашык керектүү буюмдар таратылды жана бул иш уланууда.

БУУнун Качкындар боюнча агенттиги шериктештери менен бирге үй-жай куруу долбоорун ишке ашырууда. Ош жана Жалал-Абад региондорунда өрттөлгөн турак-жайлар эсептелинүүдө. БУУнун Качкындар боюнча агенттиги там-жайынан ажырагандарга кышка чейин кайрадан куруу иштерине көмөктөшөт.

БУУнун Качкындар боюнча агенттиги 550 турак-жайды кайра куруу үчүн бийлик өкүлдөрү менен сүйлөштү. 500 үй Жалал-Абадда, 50 үй Ош облусуна караштуу Мады жана Араван айыл өкмөттөрүндө. Үйү өрттөнгөн адамдарга БУУнун Качкындар боюнча агенттиги эки бөлмөлүү (50 кв.метр) үй куруп берет. БУУнун Качкындар боюнча агенттиги куруу иштерин тез арада баштамакчы.

БУУнун Качкындар боюнча агенттиги гуманитардык жардам көрсөтүү боюнча зор ролду ойноп, дүйнөлүк коомчулукка да көмөктөшүүгө чакырык таштады.

Советбек Зикиров, БУУнун Качкындар агенттигинин Кыргызстандагы өкүлү.


Activities of UN Refugee Agency in southern Kyrgyzstan

A month after the crisis in southern Kyrgyzstan, UNHCR estimates that some 75,000 people there are still displaced, while a total number of people affected by the conflict reaches 400,000 people. Thousands continue to be affected by uncertain security, problems arising from the wide loss of personal documents, and a shortage of shelter in the Osh and Jalalabad regions.

Over the past weeks, UNHCR and its partners have been carrying out monitoring and shelter surveys, interviewing thousands of people. Today, the number displaced and still requiring help is 75,000 - this includes people either afraid to return or unable to do so because their homes have been destroyed.

The loss of personal papers - for example, birth certificates, passports, ID cards, documents showing legal ownership of land or houses - is proving to be significantly debilitating in many cases. In Furkat district of Osh, UNHCR staff saw a family of 12 persons, who had lost their entire paperwork while fleeing their home in the early morning of 11th June. With nothing to confirm their identities they face problems even in applying for new papers. Such problems are widespread.

UNHCR and its NGO partners are visiting communities to counsel people on their rights and on procedures for restoring documentation. We are also discussing with the State Registration Service ways to enhance capacity to reissue documents, such as establishing mobile teams to visit affected communities. For instance, the UNHCR already established ‘Helpline’, implemented by the Center for Support of International Protection that continues 24 hours consultations about any legal and protection issues and provides legal counselling. You can contact on: medical assistance, child protection, searching for missing people, to restore loss or burned documents. The contact telephone numbers: Osh (0550) 50-99-44; (0555) 51-99-44 and Jalal-Abad (0555) 52-99-44 (city and Megacom users are free of charge).

With shelter needs, most people are seeking to rehabilitate their homes. Skills exist in the community to do this, but the amount of work is substantial and assistance from the Government and the international community is vital. The UNHCR distributes blankets, bed sheets, buckets, hygienic kit, jerry cans, kitchen sets, mattresses, sleeping mats, plastic sheets/tarpaulins, tents. Around 60,000 items have been distributed so far by UNHCR and with its implementing partners and more to follow.

UNHCR, with partners, is working to devise a shelter strategy. An assessment of destroyed homes is still ongoing in Osh and Jalalabad. UNHCR is providing support to people who are dealing with ruined buildings and land to help them prepare for reconstruction before winter.

UNHCR came to the agreement with the authorities regarding the immediate start of reconstruction of 550 houses, 500 in Jalalabad region and 50 in Madi and Aravan districts in the Osh Oblast. UNHCR will support the construction of up to 50 sq. m. two warm rooms to families whose houses were recently damaged or destroyed. UNHCR expects to begin this project immediately to ensure that the families have access to habitable shelter before the onset of the winter.

The UNHCR has been playing a leading role in immediate humanitarian assistance in the country and has been appealing to international community for further support and aid. Its assistance is welcomed and deeply thanked.
XS
SM
MD
LG