Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:25

Улуттук хирургия борборунун жаматы: “М.Мамакеевди колдойбуз”


“Азаттыктын” дарегине Улуттук хирургия борборунун жамаатынын атынан кат келди. Каттагы стилистика толугу менен сакталды.

Урматтуу редактор!
Биздин сизге кайрылуубуздун себеби, ушул макаланы Сиздердин интернет-сайтка чыгарып берүүңүздү суранабыз.


Улуттук хирургия борборунун жааматы

Урматтуу мекендештер!
Урматтуу Кыргыз Республикасынын убактылуу өкмөт мүчөлөрү!

Биз сиздер менен жөнөкөй эмес убакытта, элибиздин «кайрадан жаралуу» заманында жашап жатабыз. Коррупцияга баткан Бакиевтин башкаруу системасын баатырдык менен жеңген Кыргыз элин, белчеден баткан саясий жана социалдык кризис убагында Сиздердин башыңарга мамлекетти башкаруу озуйпасы туш келип отурат. Бул жеңиште Сиздердин жана убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн эмгеги өтө зор. Биз Кыргыз Республикасынын убактылуу өкмөтүнүн саясий жана социалдык стабилдештирүү саясатын колдойбуз.
Бирок, ушундай баш-аламандык болуп жатканда, убактылуу өкмөттүн кээ бир мүчөлөрүнүн кызуучулукка алдырып, өзүн-өзү алып жүрү сапаттарынын жок экендигин көргөзүп жатышат. Мындай жагымсыз сапаттардын көрүнүшү элибизди бириктирүүгө, мамлекетибизди стабилдештирүүгө алып келбейт. Анткени, ушул шартта биз бардыгыбыз океандын үстүндө сүзүп бараткан кеменин ичиндеги адамдарбыз. Ошол кеменин аманчылыгын тилеп, кулабастан жээке сүзүп чыкканга аракет кылышыбыз керек.
Биздин кайрылуубуздун негизги себеби: убактылуу өкмөттүн төрайымын биринчи орун басары Алмаз Атамбаев 12 апрелде журналистерге пресс-конференция өткөрүү убагында, кээ бир коомдук ишмерлерди (А.Жумагулов, Ч.Баекова, М.Мамакеев, Ж.Түмөнбаева) өтө жагымсыз түрдө күнөөлөдү. Уккан жана көргөн адамдарга абдан орду жок, негизсиз ойлорду пайда кылды. Балким ушундай сөздөр шайлоо алдында аброй алып келет деп ойлодубу?

Өзгөчө жагымсыз дооматтарды элибиздин кадырман аксакалдарынын бири, Кыргыз медицинасынын патриархы, 83 жаштагы академик М.Мамакеевдин дарегине айтты. Биздин билишибизче Бакиев президент болуп турганда, академик М.Мамакеев бир дагы жолу расмий түрдө кезиге алган жок. Эгерде жолугушуу болгондо Улуттук хирургия борборунун материалдык жана техникалык уюткусун чыңдоо үчүн жана хирургия тармагында болуп жаткан көйгөйлүү маселелерди президенттин алдына коймок. Тескерисинче, президент Бакиев бир нече жолу академик М.Мамакеевдин коомдук жана саясий көз карашын сындап, Улуттук хирургия борборуна жардам берүүдөн баш тарткан.

Баарыбызга белгилүү каргашалуу апрелдин 7-8де жана андан кийинки күндөрүндө академик М.Мамакеев жетектеген борбордун хирургтары жана медициналык кызматкерлери ушул кишинин жетекчилиги менен ооруканага ок жеп түшкөн биздин баатыр азаматтарга жогорку деңгелдеги кечиктирилгис хирургиялык жардамды көргөзүштү.

Дагы бир А.Атамбаевтын өтө жагымсыз дооматы: «Академик М.Мамакеев элдин бетин кантип карайт» - деди. Биздин оюбузча, академик М.Мамакеев өзүнүн элинин алдында эч убакытта башын төмөн түшүрбөйт. Анткени, анын артында аман-эсен жашап жүргөн он беш миң оорулуу адамдын өмүрү турат, миңдеген тарбия алган жаш адистер турат, устат катары тарбиялаган жүздөгөн хирургтар турат. Азыркы күндө да бул адам күнүгө 5-6 өтө татаал операцияларды жасайт (дүйнөдө жалгыз ушул жаштагы көп тармактуу хирург), убактысынын көпчүлүгүн оорулууларга жардам берүү, илимий макалаларды жана публицистикалык китептерди жазуу менен өткөрөт, жаш хирургтарды жана илимий кызматкерлерди даярдоо менен алек, колунда жокторго кайрымдуулук жардамын тынымсыз көргөзөт. Кадырман жашына карабай өлкөбүздө биринчилерден болуп, жаңы технологиялык (видеолапароскопиялык хирургия) операцияларды киргизди.

Акырында, биз убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүн өлкөбүз кыйын ахвалда турганда, өзүңөрдүн салабаттулугуңарды, туруктуулугуңарды көргөзсөңөр. Сиздер эмоцияга алдырсаңар, негизсиз дооматтарды коюп туруксуз сүйлөсөңүздөр эч кандай жакшы аброй алып келбейт.

Улуттук хирургия борборунун илимий кызматкерлери:
1. профессор Ашимов И.А.
2. профессор Бектуров Ж.Т.
3. профессор Сопуев А.А.
4. профессор Ниязов Б.С.
5. профессор Алыбаев Э.У.
6. профессор Уметалиев Ю.К.
7. м.и.д. Салибаев О.А.
8. доцент Акматов А.А.
9. доцент Абдуллаев Дж.С.
10. доцент Тойгонбаев А.Т.
11. доцент Калжикеев А.М.
12. доцент Рысбеков М.Т.
13. доцент Сыдыгалиев К.С.
14. доцент Эралиев Б.А
15. доцент Акматов Т.А.
16. доцент Тилеков Э.А.
17. м.и.к. Сыргаев Д.Т.
18. м.и.к. Акназаров К.К.
19. м.и.к. Самаков А.А.
20. м.и.к. Эгенбаев Р.Т.
21. м.и.к. Омуралиева Э.Т.
22. м.и.к. Касымбеков Т.М.
23. м.и.к.Жортучиев Р.К.
24. м.и.к.Элеманов Н.Ч.
25. м.и.к. Мамбетов А.К.
26. м.и.к.Сыдыков Н.Ж.
27. м.и.к. Маллаев С.
28. м.и.к. Рачков И.А.
XS
SM
MD
LG