Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:08

У.ОРМОНОВ: УШУЛ КЫРСЫКТАН КИЙИН АВИАЦИЯ ТАРМАГЫНДА ТАРТИПТИ ДАГЫ КҮЧӨТҮҮ ЗАРЫЛ


Маектешкен Аманбек Жапаров, Бишкек Кыргызстандагы авиация тармагы боюнча маселе парламентте күз айында каралат. Ошондой эле учурдагы жарандык авиациянын абалы, андагы маселелер тууралуу Жогорку Кеңештин өндүрүштү өнүктүрүү, курулуш, транспорт жана коммуникация боюнча комитеттин төрагасы, депутат Улугбек Ормонов “Азаттыктын” таңкы түз эфирдеги маегинде ой бөлүштү.

“Азаттык”: - Улугбек мырза Манас аба майданына жакын жерде болгон “Боинг 737” самолетунун кыйраган себебин эмнеден көрөсүз?

У. Ормонов: - Албетте абдан жаман иш болду. Бүгүн өлкө боюнча аза күтүү күнү. Бул кырсыкты өкмөттүк комиссия аныктаганча анын себептерин андай-мындай деп айтуу кыйын.Негизинен Кыргызстандагы аба учактарынын эскиргендиги бардыгыбызга маалым болчу.

“Азаттык”: - Улугбек мырза буга чейин Жогорку Кеңеште Кыргызстандагы авикомпаниялардын Еврокомиссиянын кара тизмесине киргени тууралуу маселе талкууланды эле. Бул тууралуу жана өлкө аймагындагы аба учактарынын техникалык абалын жакшыртуу сунушу өкмөткө, жергиликтүү министерство, ведомостволорго жолдонду беле?

У. Ормонов: - Жогорку Кеңеште биз бул маселени карагандан кийин өкмөт тарабынан өздөрү сунуш кылып, отуз жылдан ашкан самолеттер колдонбосун деген сыяктуу бир катар сунуштар киргизилген. Еврокомиссия менен тыгыз иштешип алардын кара тизмесинен быйылкы жылдын этегинде кантип чыгабыз деген дагы маселе бар болуучу.

“Азаттык”: - Жогорку Кеңеш тарабынан берилген сунуштар Жарандык авиация тарабынан кандайча аткарылып жаткандыгына кызыгып, көзөмөлдөй алдыңарбы?

У. Ормонов: - Албетте Жогорку Кеңеште бул маселе каралгандан кийин биз кандай иш чаралар көрүлүп жатканы боюнча кабар алганбыз. Бирок толугу менен депутаттар каникулдан кайтып келишкенден кийин парламентте күзүндө бул маселени карамакбыз.

“Азаттык”: - Улугбек мырза, канткенде Кыргызстандын жарандык авиациясынын деги эле авиация тармагынын абалын жакшыртууга болот?

У. Ормонов: - Бул абдан оор маселелердин бири. Себеби совет биримдиги таркагандан кийин аба учактарынын абалы, өлкөбүзгө жаңы самолеттордун келбегени барыбызга эле маалым. Бирок ошол самолеттердун бүгүнкү күндөгү ремонттон өтүүсүн, элдерди ташуудагы коопсуздугун көзөмөлдөө Жарандык авиацияга жүктөлгөн. Мына ушул кырсыктан кийин бардыгы жаман дегенден мен алысмын. Анткени Европа комиссиясынын кара тизмесине кирген себептердин бири болгон чет өлкөдө туруп Кыргызстанда катталып алып иштеп жаткан авиокомпания, фирмалардын көбү жабылган. Самолеттордун техникалык жагын катуу көзөмөлдөө боюнча иштер башталган болчу.Эгерде биз ушул кырсыктан кийин дагы тартипти, көзөмөлдү күчөтсөк биз бул абалдан чыгабызбы деп ойлойм.

“Азаттык”: - Улугбек мырза 1-августта Алма-Ата абамайданында Кыргызстандын “Авиа Трафик Компанисине” тиешелүү Ан-24 самолету конуу маалында дөңгөлөктөрү керектен чыккандыгы тууралуу казак туугандардын өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдап чыгышпадыбы. Ошондой эле өткөн бейшембиден бери Кытайдын Үрүмчү шаарындагы аба майдандан Кыргызстандын “Кыргызстан” авикомпаниясына тиешелүү ТУ-134 учагынын дагы дөңгөлөктөрү бузуктугунан учууга уруксат берилбей жатып, “Боинг-737” учагы кырсыкка кабылаардын алдында шассилерин жыйбаган боюнча учуп келиптир деген маалыматтар тарады. Ушул маселеге кызыгып көрдүңүзбү?

У. Ормонов: Мен эми Кытайда болгон учакка байланыштуу окуя боюнча аз-маз маалыматым бар. Ал эми Алма-Атадагы Кыргызстандын учагы боюнча кабарым жок экенмин. Эми мындай окуялар, мындай кырсыктар жалаң эле Кыргызстанда эмес башка өлкөлөрдө деле болуп жатат. Мына жакында эле Испанияда аба учак катуу кыйроого учурабадыбы. Ошондуктан бул техника. Буга абдан катуу талап керек. Аба учактары учаар алдында катуу текшерүүдөн өтүп, тыкат көзөмөл керек. Башка жол жок.

“Азаттык”: - Рахмат маегиңизге

XS
SM
MD
LG