Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:10

Н.МОЛДОБАЕВ: “ИТЕК ЭЙР” АВИАКОМПАНИЯСЫНЫН МАСЕЛЕСИ ПАРЛАМЕНТТЕ КАРАЛЫШЫ КЕРЕК


Маектешкен Аманбек Жапаров, Бишкек 24-августа кырсыкка учураган “Итек Эйр” авиа компаниясынын иш аракеттери жана ал компания кимге тиешелүү экендиги парламентте каралышы керектигин Жогорку Кеңештин өндүрүш, курулуш, транспорт жана коммуникация боюнча комитеттин төрага орун басары, депутат Нарынбек Молдобаев “Азаттыктын” таңкы маегинде билдирди. Ал ошондой эле Кыргызстандагы жарандык авиациянын абалы начар экендигин кошумчалады.

“Азаттык”: - Нарынбек мырза, “Итек Эйр” авиа компаниясынын кожоюну ким экендиги учурда белгисиз болуп, коомчулукта ар кандай божомолдор айтылууда. Бул маселе Жогорку Кеңеште каралабы?

Н. Молдобаев: - Каралышы керек. Биринчиден жакында болуп өткөн авиа кырсыкка жооп бергенге дагы, авиакомпаниянын кожоюндары ким экендиги коомчулукка билиниши керек, эл билиши керек да.

“Азаттык”: - “Итек Эйр” авиа компаниясы бул кырсык теракттан улам чыгышы мүмкүн, болбосо учак Москвадан мыкты эле учуп келген деп атышат. Чынында эле бул кандайдыр бир теракт болушу мүмкүнбү?

Н. Молдобаев: - Мен эми теракт дегенден алысыракмын. Ким билет... Анткени биринчиден, аба кирип кетти деп атышат. Экинчиден, учкучтардын бардыгы эле аман калышпадыбы. Алар деле кандай болгонун билишет эле да. Эгерде теракт болсо “тарс” этип жарылат эле да. Азыр өкмөттүк комиссия, эл аралык комиссия иликтеп жатпайбы. Ошонун жыйынтыгы боюнча айтылат да.

“Азаттык”: - Нарынбек мырза “Азаттыкка” электрондук почта аркылуу авиация кызматкери кат жолдоп, авиация тармагын бир жактуу каралабай, экинчи жактын дагы пикирин бербейсиңер дегендей нааразы болушуптур. Алардын пикиринде, Бегалы Наргозуевдин “Эсен эйр” авия компаниясынан башка учактар дурус сыяктуу? Жогорку Кеңештин транспорт боюнча комитети учактардын техникалык абалы менен тааныша алдыңыздарбы? Деги Кыргызстанда учактардын абалы кандай?

Н. Молдобаев: - Жалпы эле начар деп айтсам жаңылбайм. Эми бул элди коркутканга жатпайт. Биз далай жолу чет мамлекетте болуп келип жатпайбызбы. Чет мамлекеттин учактары менен Кыргызстандын учактарын салыштырып болбойт. Биздики Европа комиссиясынын кара тизмесине кирип калган. Бизде болгону Ту-154 деген эки самолет бар экен. Андан башка биздин бир дагы самолетторубузду чет өлкөлөрдүн жакшы аэропортторуна киргизбей жатат. Өзгөчө Европага. Эми мен мунун бары Кыргызстанда жакшы учактардын жок болуп жатканынан улам болуп жатса керек деп ойлойм.

“Азаттык”: - Коомчулукта Кыргызстандын жарандык авиация департаментинин иш аракеттери сынга алынып, бул тармактын терс жактары көп айтыла баштады. Аталган департаменттеги кемчиликтерин жоюу үчүн парламенттин транспорт жана коммуникация комитети маселе көтөрүп, сунушуңарды өкмөткө жолдойсуңарбы?

Н. Молдобаев: - Бул маселе боюнча биз парламентте бир эмес, эки-үч жолу кайрылганбыз. Жанагы абдан көп авиакомпаниялар Кыргызстанда катталып коюшуп, өздөрү башка чет өлкөлөрдө иштешип жүргөн экен. Ошол боюнча текшерүү жүрүп, ошонун негизинде Еврокомиссия биздин учактарды кара тизмеге киргизип койгон. Бирок биз июль-августка чейин кара тизмеден чыгышыбыз керек эле. Бул боюнча план иш чаралар иштелип жаткан.

“Азаттык”: - Тилекке каршы, ал маселе аягына чыкпай калды го дейм?

Н. Молдобаев: -Аягына сөзсүз чыгарыш керек. Болбосо биз чет мамлекеттерге такыр чыга албай калуу коркунучу бар. Еврокомиссиянын талаптары көп экен. Ошолор чекесинен акырындык менен аткарылып келаткан.

“Азаттык”: - Маегиңизге чоң рахмат.

XS
SM
MD
LG