Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:50

ЖАРАНДЫК АВИАЦИЯ ЖАРАСЫ ЖАНА ЭҢШЕРИЛГЕН ЖОЛДОР


Социал демократтар фракциясы транспорт жана коммуникация министрлигинин жетекчилиги менен жолугуп, өлкөдөгү жарандык авиациянын жана жол каттамдарынын абалын талкуулашты. Депутаттар жалпысынан өлкөдөгү негизги жол каттамдарын оңдоп-түзөтүү аракеттерин кубатташканы менен жарандык авиация тармагындагы баш аламандыктарды катуу сынга алышты. Транспорт жана коммуникация министри Нурлан Сулаймановдун айтымында, тилекке каршы акыркы он беш жылда бул департаменттин жетекчилиги тармакты ушул абалга жеткирген, ал эми жолдорду куруу иштери барган сайын жанданууда.

Социал демократтар фракциясынын депутаттары транспорт жана коммуникация министрлигинин жетекчилигине түрдүү суроолорду беришкени менен жарандык авиациянын абалы тууралуу сөздөр көбүрөөк козголду. Депутаттардын жарандык авиация тармагын кимдер ушундай абалга жеткиргени, акырында 70тен ашуун адамдын өмүрү кыйылган аба кырсыгына кимдер жооп бериши керектиги тууралуу суроолорго так жооп болбогону менен министр Нурлан Сулайманов күнөөнү мурдагы жетекчилерге оодарды.

Анын айтымында, транспорт жана коммуникация тармагын тейлеп келишкен мурдагы министрлердин учурунда жарандык авиация департаментинин жетекчилери министрге да баш ийбеген учурлар болгон. Жарандык авиациянын азыркы абалын ал төмөнкүчө түшүндүрдү:

- 17 авиакомпаниянын бүгүнкү күнү он төртүндө лицензиясы бар. Бирок булардын арасынан экөөнүн лицензиясы токтотулган. Бирөөнүкүн мына азыр карап атабыз. Кыскасы азыр 10 авиакомпания калды. Анын ичинен үч эле авиакомпания жарандарды ташыйт. Калгандары айыл-чарба, химиялык товарларды жана ар кыл жүктөрдү ташыйт. Жарандарды ташыган компаниялар булар - “Кыргызстан” улуттук авиакомпаниясы, “Эсен-эйр” жана “Авиа-траффик”. “Ош-авиа” болсо токтотулду.

Андан тышкары депутаттарды жарандык авиация оор абалга туш болуп, мугалимдерге эмгек стажы үчүн акылары берилбей, энергетикалык жана азык-түлүк кризиси желкелеп турганда, атайын президент үчүн 6 миллион 400 миң долларга жаңы учак сатылып алынганы тууралуу маалымат кызыктырды. Депутаттар мындай чоң суммага президент үчүн учак сатып алуу маселеси эл алдында, Жогорку Кеңеште талкууланса туура болмоктугун айтышканы менен Нурлан Сулаймановдун ишениминде бул туура чечим болгон.

Андан тышкары депутаттар Кыргызстандагы ички жол каттамдарынын абалына токтолушуп, Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун оор абалда экендигин, аларды Кытайдан келген оор жүк ташуучу унаалар талкалап койгондугун айтышты. Буга Нурлан Сулайманов мындайча жооп кайтарды:

- Бишкек-Нарын-Торугарт жолуна 1970-1975-жылдары асфальт төшөлгөн экен. Андан бери 35-40 жылдын ичинде ал жолго эч кандай жаңы асфальт төшөлгөн эмес. Ал жолду бир гана чоң жүк ташыган унаалар талкалаган жок, ал жолго биринчиден, акча каралбаганы үчүн талкаланган. Мына эмки жылга Азия өнүктүрүү банкы бизге 30 миллион доллар насыя берип атат. Торугарттан Бишкекке чейин Бишкек-Ош жолу сыяктуу жолду эмки жылы кура баштайбыз.

Транспорт жана коммуникация министри Нурлан Сулаймановдун маалыматынан кийин Социал-демократтар фракциясынын төрагасы Бакыт Бешимов буларга токтолду:

- Көп жерде кара жолдор курулуп, жакшы иштер болуп жатат. Бирок өткөн-кеткенден да жыйынтык чыгаралы. Эмне үчүн биз 15 жылдын ичинде жарандык авиацияны өз колубуз менен талкалаганбыз. Мына, президенттин учагы боюнча суроо берип атабыз. Мугалимдерге быйылкы бюджеттен алардын акысы каралбай, президенттин учагына каралыптыр. Эмне үчүн биз кайсынысы керектүү экендигин караган эмеспиз?

XS
SM
MD
LG