Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:13

Эски учактардын этегине жабышкан эндүү маселелер


Бишкектеги "Манас" абамайданы
Бишкектеги "Манас" абамайданы

Кыргызстандык учактардын коопсуздугуна байланышкан 15 окуя быйылкы жылы катталды.

Анда диспетчер уруксаты жок учакты айдап кетүү, кыймылдаткычтан май агып, иштебей калуусу, күйүүчү майы түгөнүп аргасыз конууга мажбур болуу сыяктуу учуу коопсуздугуна байланышкан учурлар кездешет.

Жарандык авиация департаментинин Учуулардын коопсуздугу инспекциясынын жетекчиси Василий Карловдун ырасташынча, эскилиги жеткен учактардын кыймылдаткычы иштебей же май агып калуусу, анын айынан учакты аргасыз кондуруу учурлары көп кездешет. Быйыл 28-августта Бишкек-Москва каттамындагы “Боинг 737” учагынын кыймылдаткычынан май агып, ара жолдо конууга аргасыз болгон.

“Май ага баштагандан кийин сол жактагы кыймылдаткычтын май системасындагы майдын деңгээли төмөндөгөн. Бир аздан кийин майдын деңгээли системада өтөле төмөн түшүп, анын иштеши токтолгон. Экипаж айла жок Уральск шаарынын аэропортуна конгон”,- деп маалымдады В.Карлов.

Дубай, Дели, Кабул, Ташкенге учуп барып бузулуп калган учактардын тизмеси деле кыйла орунду алар эле.

Кыргызстандык учкучтар менен Жарандык авиация департамент жетекчилеринин жыйынында тармактагы толгон-токой проблемалар козголду. Жарандык департамент жетекчиси Александр Настаевдин айтуусунда, учуу коопсуздугуна жакшы көңүл бурулбай калышына каттоодон өткөн аба компанияларынын чачкындыгы, киреше табыш үчүн элементардуу коопсуздук эрежелеринин сакталбашы өбөлгө түзүүдө.

“Кичи компания жабылат, андагылар акырын жылып башкасына өтүшөт,- деп ырастады А.Настаев. - “Исток” жабылат, “Эйр Манаска” өтүшөт. “ОшАвиа” жабылса дагы башка компанияга жылышат. Ошентип, кадрлардын бир жерден экинчисине өтүүсү башталат. Баары бир эле кишилер – силерсиңер. Ар бир авиакомпаниянын проблемасы да окшош. Коопсуздукту сактоо жагынан да бирдей”.

Тажрыйбалуу учкуч Таалай Окенов жарандык авиация тармагындагы проблемалар кыйла жылдардан бери топтолуп, анын бир учугу мыйзамдык негизге, экинчи учу экономикалык жагдайга, кадрлардын даярдалышына байланыштуу деп эсептейт.

“ Мына азыр эски учактарды иштетип, жаңысын сатып алып келиш пайдалуу болбой турат,- дейт Т.Окенов.- Эмне кылат баш оорутуп, чоң ишти жасап. Анткени эски учакты алып алса бул жакта уча берет. Ал эми жаңкындай каттамдарга тендердик система болсо ким жакшы учак алып келсе ошол гана учат. Ошондо парк алмашат эле. Көп нерсени өзгөртүш керек болуп жатат. Кадрдан баштап, мыйзамдык базаны, калганын, мен ошондой ойлоп жатам. Негизги себеби, проблемасы система иштебей жатат”.

Учуу коопсуздугун камсыз кылуу көп акча талап кылган түйшүгү түмөн жумуш. Чылгый эски учактардан куралган Кыргызстандын жарандык авиациясында аны аткаруу кыйынга туруп, бирок да тобокелчиликке салып орусиялык, чет элдик компаниялар жараксызга чыгарып койгон эски учактар улам-улам оңдолуп жергиликтүү, эларалык каттамдарга чыгышууда. Эларалык учуу коопсуздугу уюму Кыргызстанда катталган авиакомпаниялардын текши баарын Европага учуу укугунан ажыраткан. А.Настаев бул маселе эмдиги жылдын башында дагы карала тургандыгын, европалык талапты аткарыш үчүн биртоп мыйзамдык өзгөрүүлөр жасалышы керектигин билдирди.

Жарандык авиация департамент жетекчисинин орунбасары Бакыт Жунушалиев эскилиги жеткен учактардын эмдигиче иштетилип жатканы эларалык уюмдарды таңдантканын минтип мисалга тартты:

“Алар бизде канча учак, канча жылдык экенин көрүшөт,- дейт Б.Жунушалиев.- Анан алар айтышат, ушул учактар асманга көтөрүлүп, саатынан калбай учушат, бузулбайт, дегенге биз ишенбейбиз, дешет. Силер бизге так маалымат бербейсиңер. Такай жашырып келесиңер. Бирок баары бир билинет. Кудай сактасын, кырсык кыңыр ишти ачыкка чыгарат”.

2008-жылы 24-августта Бишкектен Тегеранга багыт алган “Итек Эйр” авиакомпаниясынын “Боинг 737” учагы кырсыкка учурап, 64 адам курман болгон. Экипаж командири Юрий Гончаровго кылмыш иши козголуп, ушу тапта соттук териштирүү уланууда.

XS
SM
MD
LG