Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:25

РЕВОЛЮЦИЯЛЫК КЫЙМЫЛДЫН МАКСАТЫ - БАКИЕВДИ АЛЫП ТҮШҮҮ


15-октябрда президент Курманбек Бакиев Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Адахан Мадумаров Коопсуздук кеңешинин катчысы кылып дайындады. Ушул эле күнү президентти бийликтен кетирүү максатын көздөгөн революциялык жаңы кыймыл түзүлгөндүгү жарыяланды.

Аскерий эмес мамлекеттик кызматкер Адахан Мадумаров Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы, генерал Исмаил Исаковдун ордуна келди. Исаков кызматынан азыркы бийликтин ички жана тышкы саясатына макул эместигин билдирип кеткен болчу. Президент Бакиев апта башында муну Исаковдун жеке таарынычына жоруган:

- Мен муну жеке өзүнүн гана таарынычы деп ойлойм. Жеке өзүнүң таарынычын мамлекеттик деңгээлге алып чыкты. Андайды мен күткөн жок элем бу кишиден.

Дүйшөмбү күнү ушинтип билдирген президент эки күндөн кийин Адахан Мадумаров Коопсуздук кеңешине катчы болгонун күч кызмат жетекчилеринин катышуусунда жарыялады. Жаңгак чатагынан улам президент менен кер-мур айтышып, кызматынан кеткен Мадумаровдун президенттин жанына кайтып келишин бир топ саясатчылар күтүүсүздүк катары кабылдашууда. Жогорку Кеңештин депутаты Бегалы Наргозуев, маселен Мадумаровдун кайтып келишинин бир себебин анын президентке карата туруктуу мамилеси жана президенттин саясий топтор ортосундагы тең салмактуулукту сактоо аракети менен байланыштырды.

Ал эми жаңы түзүлгөн Элдик революциялык кыймылдын лидери Азимбек Бекназаровдун көз карашында:

- Мен ойлойм, Адахан бүгүнкү күндө улуттун, мамлекеттин эмес, өзүнүн гана тагдырын, өзүнүн гана келечегин ойлоп калган саясатчыга айланып калды.

Мындай пикирин Азимбек Бекназаров ушул эле күнү уюштурулган маалымат жыйынында “Азаттыкка” билдирди. Бул маалымат жыйыны элдешкис оппозиция тобу элдик революциялык кыймыл түзгөндүгүн жарыя кылды:

- Биротоло бир пикирге келдик. Биздин күрөш азыркы президент Бакиевди конституциялык жол менен мөөнөтүнөн мурда кетирүү болуп эсептелет. Мына ушул девиз менен бириккен жарандар, патриоттор революциялык кыймылды түзөлү деп чечтик.

Жарыяга караганда кыймыл Курманбек Бакиевди кетирүү максатын митинг, пикет, кол топтоо өңдүү конституциялык жолдор аркылуу ишке ашырат. Убактылуу өкмөт түзөт жана ал парламенттик шайлоону, аны менен бирге референдумду уюштурат. Бул референдум мамлекеттик башкаруунун формасын аныктайт. Бул жараян аяктаганда убактылуу өкмөт ишин токтотот.

“Революциячылардын” ишениминде алардын максаты Кыргызстандын коопсуздугуна коркунуч келтирбейт:

- Кыргызстан андай сыноодон өттү. Мына “фронт”, “канжар” өңдүүлөргө абсолюттук көпчүлүк жол бербейт, - деп билдирди кыймылдын мүчөсү Топчубек Тургуналиев.

Радикалдуу оппозициянын жаңы аракеттерине бийлик көз карашын айта элек. Ал эми “Ак жол” партиясынын лидери Бегалы Наргозуев мындай демилгенин келечегине ишенбейт:

- Бул жасалган кадамдар кандайдыр бир ийгиликке алып келерине ишенбейм. Көптөгөн Кыргызстандын тажрыйбалуу саясатчылары, акылмандары Кыргызстан бир ыңкылапты көтөрдү, экинчи ыңкылапты көтөрө албай хаоско айланат, Тажикстандагыдай болот деп айтып келатышат. Мен дагы эгер бул ишке ашып кетсе мамлекетти бейстабилдүүлүккө алып келет деп ойлойм.

Элдик революциялык кыймыл деп аталган жаңы оппозициялык кыймылдын лидерлеринин катарында мурдагы ыңкылапчылар Азимбек Бекназаров менен Топчубек Тургуналиевден тышкары Анвар Артыков, Эркин Бөлөкбаев, Роза Нурматова, Рамазан Дырылдаев бар. Жаңы кыймылдын оппозициялык “Акыйкат үчүн” кыймылынан айырмасы: президент Бакиевди мөөнөтүнөн мурда кызматтан кетирүү талабына “Акыйкат үчүн” тилектештигин билдирген жери жок.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG