Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:23

Бүгүн Бишкекте Ынтымак курултайы ишин баштайт. Бейрасмий булактарда Ынтымак курултайы адегенде Төр Кеңешти, анын төрагасын шайлап, андан кийин президент Курманбек Бакиевдин кайрылуусун угуп, анын негизинде талкуу жүрөөрү айтылууда. Буга ынабаган “Кыргыз эл биримдиги” курултайга катышуудан баш тартты.

Ынтымак курултай өткөрүү демилгесин президент Курманбек Бакиев бийлик менен жарандык коомдун мамилесин чыңдоо, биримдикте өнүгүүгө өбөлгө түзүү максаты менен негиздеген. 21-январдагы кайрылуусунда президент курултайда өлкөнүн аймактык бүтүндүгүн камсыздоо, маданий мурастарды, экологияны, эне тилди, улуттун саламаттыгын, билим деңгээлин сактоого, өнүктүрүүгө байланышкан тагдыр чечер маселелер каралат деп билдирген болчу.

Бирок курултай башталганга чейин анда кайсы маселелер каралары тууралуу коомчулукка маалымат таратылган жок. Муну уюштуруу комитетинин мүчөлөрү курултайдын чечимдерин бийлик алдын ала өзү аныктап койду деген жоромолдого жем таштабаш максатында жасалып жатат деп негиздешкени бар. Президенттин катчылыгынын өз ара аракеттенүү кызматынын башчысы Илим Карыпбеков “Азаттыктын” “Ыңгайсыз суроолор” теледолбооруна катышканда:

- Андай кылсак маселени биз аныктаган болуп калып, оппозиция ошондо даана чыкмак, булар курултайга чыкчу маселелердин сценарийин мурун эле жазып коюшкан деп чыкмак, - деген.

Ошол эле мезгилде Ынтымак курултайынын күн тартибинин жабык бойдон турушу кыйла делегаттар үчүн түшүнүксүз бойдон калууда. Алардын бири укук коргоочу Азиза Абдырасулова:


- Ушулардын бардыгы эле мен үчүн түшүнүксүз, мен үчүн ачык эмес. Сөз берилер-берилбеси да белгисиз. Сөз берилсе аны кандай кылып сурап алышыбыз керек? Кезекке турабызбы? Колдорубузга микрофон карматып коебу? Же болбосо трибунага чыгып сүйлөйбүзбү? Бул дагы мен үчүн түшүнүксүз.

Коомдук ишмер Дастан Сарыгулов күн тартиби таратылбагандан кийин курултай кабыл алчу чечимдер да бүдөмүк болуп жаткандыгын белгиледи:

- Мынча элди жер-жерлерден чакырган соң курултай карай турган маселелерди салтка ылайык илгеркидей эле алдын-ала айтып койсо жакшы болмок эле да. Себеби курултайга чакырылган делегаттар эл менен кеңешип, ошол маселе боюнча көпчүлүктүн пикирин угуп келет эле. Андай болбой атат. Бул өкүнүчтүү.

Дастан Сарыгулов - “Кыргыз эл биримдиги” кыймылынын Ынтымак курултайына чакырылып, бирок анын алгачкы отурумуна катышуудан баш тарткан беш делегаттын бири.

Курамына “Кыргыз эл биримдиги” кирген 20 делегат курултайдын күн тартибине кыргыздын рухий дөөлөттөрүн мамлекеттик деңгээлде сактоо, Элдик курултайды Конституцияга киргизүү, Балыкчы, Петровка, Нарын, Аксы, Алай аймактарындагы нааразылыктарды калыс чечүү, саясий куугунтуктарды токтотуу стратегиялык тармактарды менчиктештирүүгө жол бербөө, тарифтерди мурдагы калыбында калтыруу маселелерин киргизүүнү сураган.
Кыймылдын мүчөсү, курултайдын делегаты Кеңешбек Дүйшөбаевдин билдиргенине караганда аталган сунуштар күн тартибине кирбей калганын уккандан кийин кыймылдын беш мүчөсү бул жолку курултайдан баш тартууга аргасыз болушту:

- Бул боюнча абдан терең талдап, бир чечимге келдик. Бул курултай элдин мүдөөлөрүнө жоо бере турган деңгээлдеги чечимдерди кабыл кабыл албайт деп. Бийликтин максаты эле туура эмес кадамдарды, өзгөчө Конституцияга өзгөртүүлөрдү, административдик реформаны эл колдоп атат деген эле маселени чечип алуу болуп атат.

“Кыргыз эл биримдиги” кыймылынын делегаттары курултайдан баш тартып жаткан кезде “Ак шумкар” саясий партиясы өз тарапкерлери менен Улуттук Филармониянын алдына келип делегаттарга өз талаптарын таратып бергени жатышат. Оппозициялык партиянын беш сунушунун ичинде президенттин баласын, биртуугандарын мамлекеттик кызматтардан кетирүү, Конституцияга өзгөртүү киргизүүнү токтотуу, мыйзамсыз түзүлгөн мамлекеттик органдарды жоюу талаптары да бар.

“Кыргыз эл биримдиги” кыймылынан айырмаланып “Ак шумкар” партиясы жана ага тилектеш БЭК Ынтымак курултайына делегаттыктан баш тарткан. Анын ордуна бириккен оппозиция элдик курултай өткөрүп, бийликке жети талап койгон. Ал талаптар дээрлик “Ак шумкар” партиясынын талаптарына үндөшүп турат. Оппозиция бул талаптарды бийлик аткарбаса 24-марттан баштап жер-жерлерде элдик бийлик орнотууну көздөгөн элдик курултайларды баштаарын жарыялашкан.


Мына ушундай карышылыктар менен коштолгон Ынтымак курултайына 750 делегат чакырылган. Алардын 150сү президенттин атынан мандат алгандар. Ал эми калган делегаттардын ичинен 35и чет өлкөлүк эмгек мигранттардан, 20сы конфессиялык жамааттардан шайланып келгендер.


Тасмада: Ынтымак курултайына карата пикирлер

  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG