Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:14

Кыргызстанда үчүн уруучулук саясаты канчалык зарыл? Бул тууралуу “Акыйкат” партиясынын лидери Кеңешбек Дүйшөбаев “Азаттык” менен пикир бөлүштү.

- “Акыйкат” партиясы 23-мартка белгиленип жаткан Ынтымак курултайына кандай жолдор менен катышууну көздөп жатат?

Кеңешбек Дүйшөбаев: Биз бүгүнкү күндө ал курултайга катышабызбы, же катышпайбызбы – муну чече элекпиз. Бирок биз партиянын атынан эмес, бүгүнкү күндө иштеп аткан “Кыргыз эл биримдиги” деген уюмдун атынан катышууну чечкенбиз. Бул уюм “Кыргыздын кырк уруусу, үч канаты, жалпы кыргыз эл биримдиги” деген уюмдун атынан иш-аракеттерди алып барууда.

Жакында эле ошол уюмдун атынан кыргыздын аттуу-баштуу аксакалдары, көрүнүктүү инсандары менен Өкмөт үйүндө өткөрүлгөн атайын чогулушка катышып, өзүбүздүн ой-пикирлерибизди, сунуштарыбызды айттык. Ошол жерде өзүбүздүн катышуу форматыбызды, курултай иш маселелери кандай тартипте, кандай чечимдер каралыш керек, ошол боюнча пикирлерибизди билдирдик.

- Сиз айткан “Кыргыз эл биримдиги” деген оң, сол, ичкилик деп топторду түзүп, ошол аркылуу бийлик өкүлдөрү сиздер менен жолукту. Бул бийлик сиздердин уруучулук саясатты колдогону деп түшүнсөк болобу?

Кеңешбек Дүйшөбаев: Бир жагынан колдоду десек да жаңылышпайбыз го деп ойлойбуз. Анткени бүгүнкү күндө жалпы элдин оюнда да, көрүнүктүү саясатчыларыбыздын да, коомдук ишмерлердин арасында да эгерде биз саясатыбызды туура жүргүзүп, мамлекетибиз, элибиз өнүгүп-өссүн дей турган болсок, биз ата-бабабыздын калтырып кеткен мурасына, маданиятына, акылдарына, нарктуулугуна-барктуулугуна өзгөчө көңүл бурушубуз керек деп атабыз.

Эгерде биз ошого көңүл бура турган болсок, анда биз сөзсүз кыргыздын иштери, мазмуну, формасы болгон 40 урууга, 3 канатка жана жалпы билимдик болгон нерсеге барабыз. Ошондуктан баарына айкалыша турган болсок, биз бийликти да туура түшүнүп, бийлик элдин да мүдөөсүн туура түшүнүп, ошондо гана бир түшүнүккө келип, иш туура багытка барат деген ойдобуз.

- Уруулук деңгээлдеги бөлүнүү, аны саясатка алмаштыруу канчалык келечектүү? Бул такыр эле артка кетүү эмеспи?

Кеңешбек Дүйшөбаев: Жок, артка кетүү эмес, тескерисинче, алдыга жылуу деп эсептейбиз. Анткени биз биринчи кезекте өзүбүздүн иш-максатыбызга саясатты койгон жокпуз, бүгүнкү күндө эл кыйналып-кысталып атканда, биринчи кезекте элди биримдикке, ынтымакка чакыралы, саясатта, экономикада, башка жакта болобу акыйкаттуулук, адилеттүүлүк, тең салмактуулуктун принциптеринде бийлигибиз да, элибиз да, ошонун ичинде оппозиция да, башка күчтөр да аракет кылса ошондо биз алдыга жылабыз деген ойдобуз.

- Кеңешбек мырза, сиз айтып атасыз бийликте да акыйкаттык деп. “Бул солдон болуш, бул оңдон, бул ичкиликтен болуш керек” деген талкуунун ортосунда бул биримдик эмес, чыныгы саясий дебаттар пайда болуп, андан кийин саясий партиялардын ортосунда боло турган дебаттарды уруулук деңгээлге чыгаруу канчалык алдыга жылуу - мен билбейм. Бирок сиз үчүн “Акыйкат” партиясынын лидери катары партиялык иштерди алдыга жылдыруубу, же азыркы деңгээлдеги иштерди алдыга жылдыруу артыкбы?

Кеңешбек Дүйшөбаев: Бүгүн Кыргызстанда 100дөн ашык партиялар бар. Ал партиялардын саясий максаты, иштери бар. Андан тышкары бейөкмөт уюмдар бар. Ошолордун бардыгы саясатка аралашып, өз иштерин алып барып жатат. Биз ууручулукту, үч канат кыргыз эл биримдигине келе турган болсо биринчи кезекте саясатта болобу, кадрдык маселелерде болобу, тең салмактуулук орнойт деп ойлойбуз.

Анткени кандай гана иш болбосун биз өзүбүздүн жеке кызыкчылык болобу, же партиянын кызыкчылыгы болобу, кандайдыр бир топтун кызыкчылыгы эмес, жалпы элдин кызыкчылыгын кое турган болсок, бир канат бир маселени чечип атканда ал өзүнүн кызыкчылыгын эмес эки канаттын кызыкчылыгын, же 40 уруунун да кызыкчылыгын эсептей турганын эске алганда гана ал кааласа да, каалабаса да тең салмактуу акыйкат саясат жүргүзгөнгө мажбур болот деп ойлойбуз. Азыркы күндө кандай болуп атат, көрүп атпайбызбы.

- Рахмат.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG