Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:45

Ош: тизме чакан, маселелер арбын


Ош шаарында өткөн курултайда менчиктештирүү, миграция жана улуттар аралык маселелер көтөрүлдү. Бул жыйында Ынтымак курултайына делегаттарды тандоодо элдин пикири эсепке алынбагандыгы нааразычылык жаратты.

Расмий маалыматка караганда, Ош шаардык курултайына калаанын булуң-бурчунан 600 делегат чакырылды. Жалпысынан сегиз улуттун, ошондой эле "Ак жол", «Ар намыс», «Жаңы Кыргызстан», «Асаба» жана Социал-демократиялык партияларынын мүчөлөрү Оштогу Улуттук драма театрында калаа көйгөйүн талкуулоого чогулушту.

Ош шардык кеңешинин депутаты Асамидин Аттокуров алдыдагы Ынтымак курултайынын маани-маңызы туурасында учкай баяндама жасап, анда жердештеринин атынан төмөнкүдөй маселелер сөзсүз көтөрүлүшү зарылдыгын белгиледи:

- Бүгүнкү күндө Кыргызстанда улуттар аралык маселелер кыйла үйүлүп калды. Мисалы, Петровкадагы, Көк-Жаңгактагы жана Искрадагы окуялар да Ынтымак курултайынын чакырылышына себеп болду сыяктанат. Мындан тышкары 1993-1994-жылдарда акыйкатсыз жүргүзүлгөн менчиктештирүү жараяны ошол жерде көтөрүлүп, чечилет деген үмүттөмүн. Ошондой эле баш оорутмага айланган миграция көйгөйү да каралса жакшы болмок.

Кепти улаган шаардагы өзбек мектептеринин биринин мугалими Мубарак Дадажанова агартуу жаатындагы көйгөйлөр көңүл сыртында калып жаткандыгына кейип, ошол эле учурда президенттин демилгесин кубаттай тургандыгын айтып, бирок алардын арыз-муңун бийик трибунада ачык айтууга шарт жоктугуна токтолду:

- Биздин шаарыбыздан Ынтымак курултайына жети делегат шайлашыбыз абзел экен. Албетте өлкөдөгү чоң шаар үчүн мынча орун абдан аз. Көпчүлүк көйгөйлөр айтылбай калат өңдөнөт.

Шаар мэри Мелисбек Мырзакматов
Шаар мэри Мелисбек Мырзакматов 600 делегаттын арасынан Ынтымак курултайына жети өкүл жөнөтүлөөрүн белгиледи. Тизмени биринчи вице-мэр Арфидин Аланов жарыялады.

Ошол маалда Оштун аймагында жайланышкан Жапалак кыштагынын тургуну Исмаил Токтосунов Ынтымак курултайына делегат тандоодо калыстык болбогондунун жар салды:

- Мен республикалык делегаттарга каршылык көрсөткөн себебим, Жапалак кыштагында 28 миң калк жашайт. Тилекке каршы, айылыбыздан бир да өкүл шайланбай калды. Карасаңар, Ынтымак курултайына жалаң чиновниктер баратышат. Алардын элдин маселесин чечейин деген ниети жок.

Бирок Оштун мэри Мелисбек Мырзакматов мындай дооматты четке какты:

- Урматтуу делегаттар, Бишкек шаарына он орун бөлүнгөн. Ошко квота, чындыгында, аз болуп калды. Андыктан бул маселени жайгаруунун жолун таппасак болчудай эмес. Президенттин карамагында 150 орун бар. Ошол жакка резюмелерди жөнөтүп, дагы кошумча квота сураштырып жатабыз.

Ошого карабастан залдагылар Бишкекке тандалган кишилердин көпчүлүгүнө нааразы экендиктерин жашырышкан жок.

- Бирдеме чече алабы ушулар?

- Ынтымак курултайында биз ойлогон маселелерди көтөрө алышаар бекен?

- Дагы эле баягы “дүжүрлөр” кетип жатышат.

- Эл баарына каршы!

- Кана, Оштон шайлангандар азыр бизге жолугуп, план-программаларын айтышсын!

Бирок мэр жыйынды жабууга шашылды:

- Ушуну менен жыйыныбызды жабык деп жарыялайбыз. Кыргыз Республикасынын Гимни ойнолсун!

Серепчилердин баамында, шаардык курултайга оппозициячыл уюмдардын бир да өкүлү катышкан жок. Атүгүл өкмөтчүл партиялардын мүчөлөрү Ынтымак курултайынын тизмесине илинбей калышты. Бийликке ыктаган «Жаңы Кыргызстан» партиясынын Ош аймактык төрагасы Керим Макеев мунун чоо-жайын төмөнкүчө чечмеледи:

- Шаардын мэри Мелисбек Мырзакматов “ушул залда талкуу болуп, Бишкекке делегаттар элдин элегинен өтүп шайланат” деп өзү айтпадыбы. Тилекке каршы, ал убадасына турган жок. Алдын ала даярдалган тизмени окуп, колго салымыш этип, биз залда канчалык кыйкырсак да, эч бир кулак салбай койду. Накта “дүжүрлөрдү” шайлаттырды. Менин оюмча, шаардын көйгөйүн мыкты билген, элдин мүдөөсүн коркпой-үркпөй айта турган, мансаптагыларга таптакыр көз карандысыз адамдар тандалышы керек эле. Эгерде мындай болсо Ынтымак курултайы максатына жетпейт, президент Бакиевдин каалоо-тилеги жүзөгө ашпайт.

"Азаттыктын" архивинен: Ынтымак Курултайын чакыруу жөнүндө кайрылуу

Президент Курманбек Бакиев 21-январда Ынтымак Курултайын чакыруу боюнча өлкө калкына кайрылуу жасады. (Президенттин басма сөз кызматынын тасмасы)

Ынтымак Курултайын чакыруу жөнүндө кайрылуу
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:49 0:00

XS
SM
MD
LG