Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:47

Баш мыйзам дагы оңдоого муктажбы?


Президент К. Бакиев элге жолдогон куттуктоосунда Баш мыйзам кыргызстандыктардын күнүмдүк турмушунун ажырагыс бөлүгү болуп калды деп белгиледи.

Президент К. Бакиев элге жолдогон куттуктоосунда Баш мыйзам кыргызстандыктардын күнүмдүк турмушунун ажырагыс бөлүгү болуп калды деп белгиледи.

Бүгүн Кыргызстандын алгачкы Баш мыйзамына он алты жыл болду. Бул аралыкта ал онго жакын өзгөрүүлөргө тушукту. 2007-жылы 21-октябрында референдумда кабыл алынган акыркы Баш мыйзамга да өзгөртүү киргизүү демилгелери көтөрүлүп келатат.

Азыр иштеп жаткан Конституция - март ыңкылабынан кийин кабыл алынган үчүнчү Баш мыйзам. Ыңкылаптан кийин башталган конституциялык реформа бийлик менен оппозициялык күчтөр ортосундагы узак мөөнөттүү талаш-тартышты жаратып, ал мөөнөтсүз массалык акцияларга чейин өсүп жеткен. “Реформа үчүн!” кыймылы менен бийликчил саясий күчтөр ортосундагы айыгыштан 2007-жылдын ноябрында бир Баш мыйзам, декабрда анын ордуна экинчи Баш мыйзам кабыл алынган. Кийинчерээк Парламенттин ошол кездеги депутаттары Мелис Эшимканов менен Кабай Карабековдун арызынын негизинде Конституциялык Сот бул эки баш мыйзамды тең жокко чыгарган. Мындай чечим президент Курманбек Бакиевдин жаңы Баш мыйзамды референдумга чыгарышына жол ачкан болчу.

- Биз эки жылдан бери Конституцияны ары чоюп, бери чоюп, талкуулабаган беренеси калган жок, - деген президент референдум маалында журналисттерге. Ал эми президенттин кыргызстандыктарга жолдогон кечээки куттуктоосунда Баш мыйзам кыргызстандыктардын күнүмдүк турмушунун ажырагыс бөлүгү болуп калды деп айтылат.

Акыркы Конституция коомдук-саясий чөйрөдө март ыңкылабынан кийинки ызы-чууну басып, стабилдүүлүккө өбөлгө болгон саясий документ болду деген баага татып жүрөт:

- Конституция кабыл алынгандан кийин стабилдүүлүккө жол ачылды. Ушул жагынан кандайдыр бир деңгээлде ал өзүн-өзү актап атат, - деди Кыргызстандын акыйкатчысы Турсунбек Акун.

Бирок бул өңдүү пикирлер жаңы Баш мыйзам аркылуу президент Курманбек Бакиев бийликти бир колго топтоп алды деген сындан арылткан жери жок. Парламенттик башкаруу системасын жактаган саясатчы, мурдагы парламент төрагасы Өмурбек Текебаевдин пикиринде бул баш мыйзам үй-бүлөлүк системаны ого бетер бекемдеп койду:

- Иш жүзүндө Бакиевдин үй-бүлөлүк системасынын бекемделишине алып келди. Бүгүнкү бийлик Конституциялык нормаларды одоно бурмалап, бузуп жатат.

Оппозициялык лидер өз пикирин президенттик шайлоо күнүн аныктоо боюнча акыркы чечимдер менен негиздеди. 2003-жылкы Конституцияда шайлоо октябрь айынын акыркы жекшембисинде болору жазылган. Бирок Конституциялык сот өз чечиминде шайлоо мөөнөтүн атайылап ачык калтырып, өз кезегинде президенттин “Ак жол” партиясы парламентте шайлоону жай саратанга дайындап берди дейт саясатчы:

- Бул Конституциялык нормаларды сыйлабагандыкты, аларды бийликке ыңгайлуу божомолдоп чечим чыгара берүү дале жашап атканын көргөзүп турат.

Баш мыйзамдын жоболору ар башка чечмелөөгө ийкемдүү болуп калганы үчүн көп сындалып келатат. Ал эми эркин жыйындарга чогулуу укуктары боюнча жобонун аткарылбай жатышы коомчулуктун назарындагы - башкы өксүк.

Укук коргоочу Азиза Абдырасулованын пикиринде Баш мыйзамдагы башкы кемчиликтердин бири кен байлыктар жөнүндөгү жобонун кириши. Азыр Кыргызстанга алтын боюнча эле 50дөн ашык чет өлкөлүк ишканалар жер казып, Кыргызстандын экологиялык, экономикалык, мамлекеттик коопсуздугуна шек кетирип атат дейт укук коргоочу. Ал эми Текебаевдин айтымында “Кумтөр” алтын кени боюнча түзүлгөн жаңы келишимди парламент ратификациялап, президент кол коюу аркылуу баш мыйзамды бузду, анткени коммерциялык (чет өлкөлүк) уюм менен кыргыз өкмөтү түзгөн келишим эл аралык келишимге жатпайт.

Укук коргоочу Азиза Абдырасулова бийликтер ортосундагы тең салмактуулуктун сакталбай калышы баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү муктаждыгын жаратууда дейт:

- Президент кадрдык маселени өзүнө алып алды да. Кадрды ким даярдаса ошого кызмат кылып калат да. Ошентип президент эбегейсиз чоң бийликке ээ болуп калды. Ошондуктан, Конституция бүгүн оңдоого муктаж эмес деп айтуудан алысмын. Оңдоого муктаж.

Өлкөдө бир кишинин эмес, элдин кызыкчылыгына шайкеш башкаруу системасын орнотуу оппозициядагы саясий күчтөрдүн негизги максаттарынын бири болуп келет. Айрым таасирдүү саясатчылар ал үчүн өзөгүн парламенттик башкаруу системасы түзгөн баш мыйзам кабыл алуу керек деген ишенимде.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG