Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:58

Бийликте 15 жыл турган А.Акаевдин тушунда Кыргызстан Конституциясы 4 ирет, андан кийинки 5 жылда төртүнчү жолу өзгөртүү киргизилүүдө. Эки бийлик тушунда тең эле үй-бүлөлүк башкаруунун күчөп кетиши жөнүндө кеп болуп келатат. Саясий калтыс жагдайдан кантип чыгуунун жолдору 25-февралда Бишкекте өткөн бейөкмөт уюмдар, саясий партиялар, коомдук кыймылдардын «тегерек үстөлүндө» талкууланды.

Акыйкатта да 17 жылда 8 ирет өзгөртүлгөн Башмыйзамдын кезектеги оңдоолору парламентте кабыл алынгандан кийин ал проблеманын кайрадан калкып чыгышына өлкөдөгү саясий жагдайдын уламдан курчуп баратышы себеп болду окшойт. Саясат таануучу Бекбосун Борбашевдин ырасташынча, 1993-жылкы Конституция орусиялык үлгүдөн көчүрүлүп, адам укугу, анын социалдык-экономикалык негиздерине караганда мамлекеттик бийликти бекемдөөгө көбүрөөк көңүл бурулган.

Ошондон Конституциянын кезектеги өзгөртүүлөрү президент бийлигин чыңдоого, эч кандай жоопкерчилиги жок башкаруунун гана арыгын чабууда. Б.Борбашев андан чыгуунун жолун момундайча түшүндүрөт.

- Биз бүгүн ушундай бир чечим кабыл алышыбыз керек. Мисалы үчүн ушул коомчулук, кыргыздын элитасы, интеллигенциясы биригип туруп, жаңы саясий системаны түзө турган негизги укуктук документти кайра карап чыгышыбыз керек.

Ушул эле ойду улап Коомдук парламенттин төрагасы Абдыганы Эркебаев Кыргызстан Конституциясын мурдагы-кийинки президенттер жеке бийлигин чыңдоо үчүн гана пайдаланып жатышканын эскертип, бирок да аны улам-улам өзгөртө берүүнүн кажаты жоктугун белгиледи. Анын пикиринде, элге кызмат кылчу бийлик өз көмөчүнө күл тартып, берген убадаларын аткарбай койгон чакта андан кутулуунун мыйзамдуу эки жолу бар. Биринчиси - шайлоо же импичмент жарыялоо.

- 2007-жылкы шайлоону көрдүк. 2009-жылкы шайлоону көрдүк. Ачуу чындык ушундай, бүгүнкү күндө шайлоо жолу менен өзгөртүү бүгүнкү күндө болбой калды. Баарын тебелеп-тепсеп, күч менен өзү каалаганына жетип атат, туурабы? Демек, экинчи жол калат. Бул дагы бүт дүйнөдө сыналган жол. Бул баш ийбөө жолу.

А.Эркебаев элге жакпай калган бийликти алмаштыруунун бул жолу Адам укуктарынын жалпы декларациясында белгиленгенин маалымдады.

Кыргызстан ушу тапта кабылган калтыс абалдан чыгыш үчүн улуттун өзү ичара бекем болушу керек, деп билдирди Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Мирослав Ниязов.

- Мынабу 2005-жылкы революциянын натыйжасын көрүп жатабыз. Кудай сактасын дагы мындай революциядан. Кийинки ким келет экен бул бийликке? Кыргыздын жолу кандай болот экен? Ошону так билип алсак, андан кийин чогуу аракет менен бул бийлик менен кадимкидей эле күрөшүш керек,- деп айтты ал.

Конституциянын соңку өзгөрүүлөрү деле “Акшумкар” партиясынын жетекчиси Темир Сариевдин айтуусунда, бийликти колдон алдырбоонун эле амалы.

- Президенттик үй-бүлөлүк башкаруунун коопсуздугун камсыз кылуу десек болот. Колуман бирөө жулуп кетпесин деген эле иш-аракет болуп жатат. Ошон үчүн бүгүнкү “тегерек столдо” президент өзү демилгечи катары Конституцияны кайра чакырып алышы керек, деген сунуш болуп жатат. Мен буга кошулам. Бизге бүгүнкү Конституцияны өзгөртүүнүн эч кандай кажети жок.

Конституцияга киргизилген өзгөртүүлөрдүн арасынан ишин жөндөй албай калган президенттин ордуна дайындалчу кишини кимдер аныктайт суроосу болууда. Конституциялык сот чечимине ылайык мурдагы Президенттик кеңеш Мамлекеттик кеңеш атына көчүп, ага деле парламент төрагасы менен өкмөт башчы кирмей болду. Кыргызстандын Адилет министри К.Абдиев аны олуттуу өзгөрүү катары эсептейт.

- Мамлекеттик кеңеш тарабынан президенттин убактылуу милдетин аткаруучу адамды аныктоо азыр кыйла демократиялуу формада болуп атат дагы жана тандоо дагы кеңири болуп атпайбы. Тандап алуу мүмкүнчүлүгү.

Андай тандап алуу жалаң эле Мамлекеттик кеңеш мүчөлөрүнө эмес, биринчи иретте элге берилиш керектигин 25-февралда Бишкектеги жыйын катышуучулары белгилешти.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG