Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:05

Конституция эл аралык уюмдардын талкуусунда


Конституциялык реформа Убактылуу өкмөт башчылары жана Бириккен Улуттар уюму, Венеция комиссиясы баш болгон эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда талкууланды. Эл аралык уюмдардын өкүлдөрү конституциялык реформа өлкөдөгү бардык катмардын катышы менен өтүшү зарылдыгын, эң негизгиси Баш мыйзамдын долбоорун эл кабыл алышы керектигин айтышты.

Убактылуу өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаева жыйынды ачып жатып, конституциялык реформа, Баш мыйзамдын сунушталып жаткан долбоору тууралуу маалымат берди. Бул долбоор жер-жерлерде талкууланып жатканын, анда президенттин ыйгарым укуктары кыйла кыскарганын, Кыргызстанда мындан ары бир үй-бүлөнүн башкаруусун орнотууга жол берилбей турганын айтты. Ал оппозицияга кеңири мүмкүнчүлүк берилээрин белгиледи:

- Оппозиция парламенттин вице-спикерлигине көрсөтүлөт. Буга биз катуу турабыз. Биз оппозицияга маалымат алууга, бийлик менен жолугууга, өлкөнүн өнүгүшү үчүн сүйлөшүү мүмкүнчүлүгүнө шарт түзүп беребиз.

Коституциялык реформаларды талкуулаган тегерек үстөлгө Европа Биримдигинин Кыргызстандагы өкүлү Шантел Эбберект катышты:

- Конституциялык реформанын процессине бардык партия өкүлдөрү, этникалык азчылыктан, жарандык коомдун катышуусу менен жүрүшү керек. Мен азыркы процессти көрүп кубанып турам. Биз да конституциялык реформанын процессине өзүбүздүн салымыбызды кошобуз.

Мындан сырткары жыйында демократия Конституция кандай түзүлүп, жазылышына байланыштуу болору, эл аралык уюмдардын айрымдары алдыда боло турган референдум, шайлоолорго байкоочу катары катышууга чакыруу алганын белгилешти.

Тегерек үстөл үстүндөгү талкууга Бириккен Улуттар уюмунун Кыргызстандагы өкүлү Нил Уолкер да катышып, эң негизгиси Баш мыйзамды эл кабыл алышы керектигин баса белгиледи.

Ал эми Венеция комиссиясынын өкүлү Сергей Кузнецов конституциялык реформалардын жүрүшүнө 26-апрелден бери эле көз салып келе жатышканын, ошондон бери бир топ сунуштар киргизилгенин белгиледи. Анын айтымында, парламенттик же президенттик башкаруу формасын эл тандашы керек. Ошондой эле Венеция комисссииясы Конституциялык Сотту өзүнчө калтырууну жактарын, адам укуктарынын да кеңири жазылуусун колдоорун өзүнүн кыскача корутундусунда белгилеген.

- Биз Конституцияга сунуш киргизбейбиз, биз Конституциялык кеңешме тарабынан иштелип чыккан Баш мыйзамга өзүбүздүн баабызды беребиз. Сунушталып жаткан долбоордо биз көбүнчө бийлик бөлүштүрүү жана мамлекеттик органдарынын түзүлүшүнө, өкмөттүн жоопкерчилигине көңүл бурдук. Ушул багытта бир аз эскертүү бердик. Жаңы сунушталып жаткан долбоордогу президенттин жаңы ролун карадык. Ошондой эле бийликтин үч бутагына бийликтин бөлүнүшүнө, балансына жана парламент менен өкмөт кандай түзүлөт деген маселеге көңүл бурдук.


Тегерек үстөл өтүп жаткан учурда “Хаят” мейманканасынын алдына ар кайсы уюмдун 30 чакты өкүлү Баш мыйзамдан “светтик” деген сөздү алууга каршы пикет уюштурду. Уюштуруучулардын бири - “Сезим” кризистик борборунун төрайымы Бүбүсара Рыскулова буларды айтып берди:

- Башка өлкөлөрдө деле, мисалы, Иранда деле ушул сөз бар. Коркунуч алып келгени – дин биздин мамлекеттик деңгээлде кийлигишип кетиши ыктымал. Кыргызстанда башка да диний уюмдар бар, алар деле биз дагы Баш мыйзамга киришибиз керек деп чыгышат да.

Тегерек үстөлдөн чыккан Роза Отунбаева жуналисттердин суроолоруна жооп берип, азыркы кырдаал, өлкөдө өтүп жаткан түрдүү митингдер туурасында буларды айтты:

- Азыр ар кандай күчтөр бизге тоскоолдук жасап, Кыргызстанды артка тартып, барыбызды бөлүп-жарганга аракет кылса биз аларга туруштук бергенге күчүбүз да бар, даярдыгыбыз да бар.

Ушул эле күнү Конституциялык кеңешменин кеңейтилген жыйыны өттү. Анда кеңешменин адам укуктарын караган тобунун сунуштары, иштери каралганын кеңешменин катчылыгынын жетекчиси Данияр Нарынбаев кабарлады. Мындан сырткары Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Исмаил Исаковдун Конституциялык долбоору ушул күнү Конституциялык кеңешменин төрагасы Өмүрбек Текебаевге тапшырылды. Ал эми Венеция комиссиясы 14-майда да кеңешме менен чогуу иштеп, толук жыйынтыкталган соң өз баасын берет.

XS
SM
MD
LG