Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:29

К.Сооронкулова: Жаңы долбоор Венеция комиссиясына жакты


Жаңы Баш мыйзамдын долбоору, ага киргизилген өзгөртүүлөр тууралуу “Азаттыкка” Конституциялык кеңешменин өкүлү Клара Сооронкулова маек курду.

- Убактылуу өкмөт башчынын орун басары Өмүрбек Текебаев башында турган жумушчу топ иштеп чыккан Баш мыйзамдын долбоорундагы президенттин ыйгарым укуктарын дагы кыскартуу тууралуу сунуштар айтылып жатты эле. Баш мыйзамдын сонку вариантында бийлик бутактары кандай болуп бөлүштүрүлдү? Президент, премьер-министр, парламент – үчөөнүн кимиси күчтүү болуп калды?

Клара Сооронкулова: Мурдагы Конституцияга караганда президенттин ыйгарым укуктары кыйла кыскарды. Бийлик бөлүштүрүүдө бирөө күчтүү деп айтса болбойт, бийлик бөлүштүрүүнүн өзүнүн манызы ушунда да - бийликтин үч бутагы бирин бири кармап, бирине бири тең салмактуу болуп туруш керек. Парламенттик республика болгондон кийин өкмөт парламенттин алдында жоопкерчиликтүү болду. Негизги өзгөрүү ушундай деп айтсак болот.

- Бул талданып жаткан Баш мыйзамдын долбоорунан башка жыйырмадан ашуун долбоор бар эле. Аларды азыр Адилет министрлигинин алдындагы атайын топ талдап жатат деп айтылган болчу. Бул долбоорлордун тагдыры эмне болду?

Клара Сооронкулова: Мен юрист катары айтсам, мыйзам чыгаруу демилге укугу 30 миң шайлоочуга таандык. 30 миң шайлоочу ушундай бир долбоор алып чыкса Убактылуу өкмөт аны сөзсүз кароого тийиштүү болмок. Ал эми ар бир жарандын долбоорун карай бергенде анда көп убакыт кетип калмак.

- Референдумга бир эле эмес, кеминде үч долбоор алынып чыгышы керек деп айтып жатышат. Сиздер ушундай вариантты да караштырып жатасыздарбы?

Клара Сооронкулова: Элдик демилге кылып, 30 миң шайлоочу кол чогултуп, долбоор киргизсе ал сөзсүз каралмак. Жарандардан бир топ долбоорлор келди, анын баарын караганга жарым жыл, бир жыл убакыт кетип калмак. Ошон үчүн үч долбоорду киргизгенде 1-2 жарандын долбоорун киргизиш керек эле, калганын эмне кылабыз? Алар деле “биздин долбоорчу” деп сурамак. Анда долбоордун баары 30дан ашып кетмек. Бирок ошондой болсо да Юстиция министрлиги ошол долбоорлорду чогултуп, сунуштардын баарын карап, ылайыктап киргизди.

- Венеция комиссиясы, же башка эл аралык уюмдардын өкүлдөрү келди. Алар баш мыйзамдын долбоору боюнча кандай тыянак чыгарышты?

Клара Сооронкулова: Венециялык комиссия экспертиза өткөрүп, өзгөчө адам укуктары боюнча Конституциябыз аябай жакты. Жакшы жыйынтык чыгарып беришти.

- Кеңешменин жыйынында президент беш эмес, алты, жети жылга шайланышы керек, парламент менен президенттикке талапкерлердин жаш курагын чектебеш керек, же азайтыш керек деген сунуштар айтылган. Бул маселелер кандай чечилди?

Клара Сооронкулова: Президент бир мөөнөткө, 6 жылга шайлана турган болду. Жашы мурдагыдай эле 35 жаштан калды. Жаштардан 28 жаштан болсун деген сунуштар киргизилген. Бирок ал кеңешменин мүчөлөрү тарабынан колдоого алынган жок.

- Конституциялык кеңешмеде баардык ой-пикирлер сунуштар эске алындыбы? Сиз кеңешменин жыйынын алып барып жатканда баарына бирдей сөз бербейт деп сизге нааразы болгондор бар эле.

Клара Сооронкулова: Ошол Конституциялык кеңешменин кээ бир мүчөлөрү жакшынакай мазмундуу сунуш киргизгендин ордуна өздөрүн көрсөтүп алганга аракет кылышты. Ошол учурларда сөзүңөрдү кыскартыла, токтоткула деп айтып турдук. Сунуштардын баары эле орчундуу, пайдалуу болду деп айтсак болбойт. Кээ бир адамдар карап аткан маселени түшүнбөй эле мазмунсуз эле сунуш берип атты деп айтсам болот.

XS
SM
MD
LG