Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:17

2-июлда күчүнө киргени жарыяланган жаңы Конституцияга ылайык, Кыргызстанда Борбор Азиядагы биринчи парламенттик система түзүлөт. Бирок эксперттер Конституциянын негизги сыноосу али алдыда экендигин, саясий маданият жакшы калыптана элек өлкөдө жаңы системанын иштеп кетер-кетпеси кайра эле бийликке келүүчү саясий күчтөрдүн өзүнө көз каранды болорун белгилеп жатышат.

Жаңы Конституция боюнча Кыргызстан, бир катар батыштык баяндамачылар да белгилешкендей, Борбор Азия, атүгүл мурдагы СССРдин аймагы үчүн ойго келгис нерсеге кадам таштады. Мамлекет башчылыгында отурган адам президент, премьер-министр же улут лидери деп аталабы Кыргызстандын шартында анын өзү эле гана эмес, үй-бүлө мүчөлөрү да пайдаланып кеткен чексиз бийлиги чектелүүдө.

Конституцияда президенттик бийликти чектөө мүдөөсү ачык көрүнгөнү жана колдоого алынганы менен жаңы Баш мыйзам буга атаандаш катары классикалык үлгүдөгү толук парламенттик системаны карабайт. Бул экөө тең жалпы эл тарабынан шайланган президенттин жана парламенттин бийлигин тең салмакташтыруу аракети өңдөнөт. Жаңы Баш мыйзам Кыргызстандын ички шартына ылайыкташтырылганын анын негизги авторлорунун бири, Конституциялык кеңешменин төрагасы болгон Өмүрбек Текебаев да моюнга алат:

-Эң алгач эле биздин оппоненттер бул парламенттик эмес, аралаш система дегенге аракет жасашты. Биз мындай деп жооп бердик: Биз долбоордо кандай система экендигин жазганыбыз жок. Ал кандай система экенин, тарыхчылар менен окумуштуулар аныктасын, Биз Кыргызстандын бүгүнкү кырдаалдан чыгып кетүүсүнө, биздин ички кырдаалга ылайык келген долбоорду сунуштадык. Муну демилгечилер парламенттик башкаруу формасы деп айтып жатабыз.

Талдоо көргөзгөндөй жаңы Конституцияга ылайык, премьер-министр мурдагыдай президенттин кол баласына айланбайт, атүгүл президент менен тең тайлашкан фигура болот. Алардын бийлиги канчалык тең салмактуу экендиги, эриш-аркак иштөөгө өбөлгө түзөр-түзбөсү келечекте күндөлүк практика аркылуу аныкталуусу керек. Конституция кабыл алына элек кезде, аталган маселе боюнча Өмүрбек Текебаев “Азаттык” радиосуна төмөнкүлөрдү айткан:

-Туура, президентибиз жетишерлик ыйгарым укуктарга ээ. Ал ыйгарым укуктар деген эмне? Президент бюджет жана салык маселесинен башка бардык мыйзамдарга кайчы пикирин айтып, парламентке кайтара алат. Бирок кыргыз муну бийлик деп эсептебейт. Кыргызга кадрды чечсең, каржыны чечсең, лицензияны чечсең бийлик деп саналат.

Баш мыйзамдын жоболоруна караганда, кыргыз президенти Европанын парламенттик системада жашаган көпчүлүк өлкөлөрүнүн мамлекет башчыларындай номиналдуу эле мүнөздөгү кызмат орунду ээлебейт. Бирок мурдагыдай күчтүү да болбойт. Мамлекеттин каржысын жеке өзү көзөмөлдөй албайт. Эл аралык келишимдерге өкмөт башчы менен макулдашып кол койот.

Салттуу эмес жоболор

Жаңы Конституцияга ылайык, парламенттеги орундар саны 90дон 120га көбөйтүлдү. Бирок жалгыз партия 65тен ашык орун ала албайт деген жобо көптөгөн чет элдик байкоочуларды, анын ичинде Европа Кеңешинин расмий Бишкекке конституциялык маселелер боюнча кеңеш берген Венеция комиссиясын да таң калтырды. Анткени демократиянын шартында коомдун колдоосу үчүн эркин атаандашкан саясий партиялардын ийгилиги чектелбөөсү керек деген түшүнүк бар. Бирок Венеция комиссиясынын катчысы Томас Маркерт белгилегендей, аталган жобо Кыргызстандын өзүнүн ички тажрыйбасынан улам чыккандай:

-Бир жагынан мен бул кайсыл жактан чыкканын жана анын артында кандай жакшы ниет жатканын түшүндүм. Бирок экинчи жагынан бул добуштун сапатын бузгандык болот. Себеби бир партия өзүн жакшы жагынан көргөзсө, эмнеге ал көбүрөөк орун ала албайт? Андыктан менин турумум бир жактуу эмес. Мен мындайга кеңеш бербейм, бирок бул Кыргызстанда эмне үчүн жасалып жатканын түшүнөм.

Бир партиянын парламенттеги оруну үчтөн экиден же конституциялык көпчүлүктөн кем болуусу керектиги тууралуу идея алгач мурдагы оппозициячыл, азыр лидерлери Убактылуу өкмөттө турган партиялар жарыялаган концепцияда жазылган болчу. Бул Венеция комиссиясынын өкүлү белгилегендей, Кыргызстандын акыркы 20 жылдагы ачуу тажрыйбасынан, бир партия бүткүл бийликти монополиялап албасын деген чоочулоодон улам келип чыккан аргасыз кадам экенин жаңы Конституциянын демилгечилери да айтышкан.

Баш мыйзамдын дагы бир жаңылыгы Конституциялык соттун жоюлуусу болду. Конституциянын аткарылышын көзөмөлдөөчү органдын милдетин эми Жогорку соттун конституциялык палатасы аркалайт. Венеция комиссиясынын катчысы Томас Маркерттин пикиринде, бул салттуу эмес ыкма да Кыргызстандын өз саясий тажрыйбасынын туундусу:

-Мунун түшүндүрмөсү Кыргызстандын жаңы тарыхында жатат. Анткени иш жүзүндө Конституциялык сот 2007-жылы өзүн оң жагынан көргөзбөй, президент Курманбек Бакиевдин бийликти бир колго топтоо аракетине көмөктөшкөн чечим кабыл алган. Бул чечим өз кезегинде каршы реакция жараткан. Бирок жалпысынан караганда, бул кеменгер жооп эмес. Система анча ыраттуу болбой калышы мүмкүн. Бул маселеде биз Кыргызстанга Конституциялык сот болгудай моделди карманууга кеңеш беребиз.

Кыргыз Конституциясынын калган жоболору стандарттык эрежелерге шайкеш келет. Парламент ар бир беш жылда, президент алты жылда бир эле мөөнөткө шайланат. Саясий партиялар диний же этникалык негизде түзүлө албайт. Куралдуу күчтөрдүн, милициянын, сот органдарынын кызматкерлери саясий партиялардын катарында турбоосу керек. Венеция комиссиясынын катчысы Томас Маркерт алар долбоорду оң баалаганын себебин мындайча чечмеледи:

-Жалпысынан биздин мамилебиз абдан позитивдүү болду. Менимче кыргыздар башка өлкөлөрдүн тажрыйбасынан сабак алууга жана турмушка жарамдуу система табууга аракеттеништи. Адам укуктары жагынан текстте алдыга жылуу бар. Менимче, биз азыр аларга Конституцияны ишке ашырууда колдоо көргөзүүбүз керек. Бул жеңил-желпи жүрбөйт. Сындабастан абдан позитивдүү багытта кетүүсү мүмкүн болгон жараянга колдоо көргөзүүгө умтулганыбыз оң.

Сыноо алдыда

Бирок Венеция комиссиясынын катчысы Томас Маркерт жана башка байкоочулар да Кыргызстандын жаңы Конституциясы үчүн чыныгы сыноо анын кантип жазылгандыгы эмес, алдыда кандайча колдонулары болорун белгилешүүдө.

Келечекте чыгышы ыктымал коркунучтардын эң көрүнүктүү мисалы – Украина. Эски совет аймагынын элдик толкундоонун натыйжасында авторитардык тартип кулатылып, саясий реформа жүргүзүлгөн өлкөсү. Бирок бул жерде атүгүл реформачыл лидерлер да бийликти бөлүшө алары жалгыз Конституция аркылуу эле кепилденбей турганы далилденди. Мамлекеттүүлүк жана демократия боюнча Киевдеги институттун директору, конституциялык укук боюнча эксперт Иван Лозовыйдын айтымында, көйгөйдүн бир өңүтү Украинанын Баш мыйзамы президентке, премьер-министрге да күчтүү бийлик бергендигинде:

-Негизги маселелер боюнча жетише иштелбеген көп нерселер бар. Мисалы, бийликтин ыйгарым укуктун бөлүштүрүлүшү. Бир эле учурда аткаруу бийлигинин башчысы катары премьер-министрдин жана ошол эле аткаруу бийлигинин башчысы катары эсептелген, бирок өзүнчө бийлиги бар президенттин турушу алардын ортосунда узакка созулган жана айгышкан күрөшкө негиз түзөрүнө биз күбө болдук. Себеби алардын ыйгарым укуктары так ажыратылган эмес.


Эксперт Лозовый кошумчалагандай, ал эми көйгөйдүн түбү украин Конституциясында эле эмес, эски совет аймагындагы өлкөлөрдүн көпчүлүгүндө калыптанып калган саясий маданиятта жатат. Аймакта өкүм сүргөн, жеңүүчү баарын алат деген менталитеттин аркасы менен бийлик мыйзамды буйтап өтүү, сотторго таасир көргөзүү үчүн колдонула баштайт. Натыйжада соттор да, мыйзамгерлер да Конституцияны, анын сөз жана жыйналуу эркиндиги өңдүү баалуулуктарын сактабай, алар абстракцияга эле айланып калат:

- Конституция бүт баарын чече албайт, ал атүгүл көбүрөгүн да чече албайт. Эгер коомдун аспектилери өзү өзгөрбөсө, коррупция жоюлбаса, мамлекеттик институттар өнүкпөсө, жоопкерчиликтүү өкмөт курулбаса, түрмөгө майда-барат эмес, дөө-шаа кылмышкерлер түшпөсө, эркин маалымат каражаттары болбосо ал коомдогу кырдаалды өзгөртө албайт. Конституциянын иштөөсү үчүн ушул нерселер өнүгүүсү керек.

Туулганына эмес, турарына сүйүнүү

Эксперттер белгилеп жатышкандай, Кыргызстандын алдында турган милдет жаңы Конституциянын жазылышынан алда канча олуттуу. Элдин күткөнүн актап, Баш мыйзам чын эле коомду башкарып жатканына ынандыруу керек.

Казакстандык саясат таануучу Досым Сатпаевдин пикиринде, кыргыз Конституциясынын жаңы жоболорунун иштеп кетүүсү парламентке кандай саясий күчтөр келерине көз каранды:

-Өлкө үчүн жоопкерчиликти өзүнө алууга даяр партиялар шайлануусу керек. Жөн гана саясий демагогия мене алектенбестен, жоопкерчиликти ала турган партиялар. Бул экөө эки башка нерсе да.


Ушундай эле ойду Борбор Азияга адистешкен орусиялык талдоочу жана журналист Санобар Шерматова да айтат:

-Кыргыздар алардын коңшуларын эмес, өзүлөрүн канааттандырган жолду тандоого татыктуу. Силердин өлкөгө карап туруп, алар өзүнүн жолун тандап алды, көздөгөнүн, кандайдыр бир демократиялык институттарды, жакшы жашоонун негизин кура алды деп айтсак болот эле. Бул биринчи кезекте бийликке көз каранды.

Алгачкы кадам жаңы эле ташталып жатканына карабай, Кыргызстанда парламенттик система иштеп кетеринен күмөн санагандар, ичтен да, четтен да эмитен эле чыгууда. Эң биринчилерден болуп, мындай оюн орус президенти айтты. Дмитрий Медведев жакында Чоң жыйырманын саммити учурунда сүйлөгөн кезинде Кыргызстанда парламенттик республика идеясы кантип ишке ашырыларын элестете албасына токтолду:

-Кыргызстанда парламенттик республика модели кантип иштерин жакшы элестете албайм. Бул түгөнгүс жана чубалган көйгөйгө, парламенттеги чалкештикке, тигил же бул саясий күчтөрдүн бийликке келүүсүнө, бийликтин бир колдон экинчисине көзөмөлсүз өтүүсүнө айланбайбы жана акыр аягында бул бийликке экстремисттик багыттагы күчтөрдүн келүүсүнө көмөктөшпөйбү?

АКШдагы Юта өрөөнү университетинин профессору, мурдагы элчи Бактыбек Абдрисаевдин көз карашында, Кыргызстан бул ирет да жаңылып калды деп эсептелген күндө деле, ал басып өткөн жол өзү жана башкалар үчүн тажрыйба болот:

-Балким ал жерде катачылык бар, балким ишке ашпай калат. Бирок эң башкысы алдыга жылуу керек. Биз ашууну көздөй кетип жатабыз. Ал жакта эмне болот? Бирок кандай болгон күндө да биз бир нерсеге ишенебиз. Кыргыз эли тажрыйба катары басып өткөн нерселер өзүбүз үчүн гана эмес, КМШнын башка өлкөлөрү тарабынан чоң пайда менен да колдонулат.


Айтор бир катар демократиялык өлкөлөрдө ийгиликтүү экенин далилдеген парламенттик система постсоветтик мейкиндикте оңунан чыкпайбы деген чоң суроонун жообу азырынча ачык бойдон. Айрымдар ага азыр эле оң же терс жооп берип жатканы менен кыргыз калкынын көпчүлүгү ынанымдуу жоопту келечекте алат өңдөнөт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG