Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:29

Башкаруу реформасынан - Баш мыйзам реформасына


15-декабрда Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча президент сунуштаган мыйзам долбоору Жогорку Кеңеш тарабынан Конституциялык Сотко жөнөтүлдү.

Мыйзам долбоору сотко жолдонгону тууралуу парламенттин Конституциялык мыйзамдуулук жана мамлекеттик түзүлүш комитетинин төрагасы, депутат Зайнидин Курманов “Азаттыкка” билдирди:

- Парламент бул мыйзам долбоорун бүгүн Конституциялык Сотко жиберди. Биз долбоор менен тааныша элекпиз. Конституциялык соттон корутунду 3 ай ичинде келиши керек. Ошондон кийин парламент карамакчы.

Учурдагы Баш мыйзамдын 98-беренесине ылайык Конституциялык Сот 3 ай аралыгында бул мыйзам долбоору боюнча парламентке өз корутундусун берет. Андан соң мыйзам долбоору парламенттеги тиешелүү комитет, фракцияларда талкуудан өткөндөн кийин парламент кароосуна коюлат.

Парламентте Этика жана регламент комитетинин төрага орун басары, депутат Динара Молдошева мыйзам долбоорун кароодон өткөрүү жол-жобосу тууралуу “Азаттыкка” буларды билдирди:
Эгерде президент мыйзамды кармабаса, башкасы кармабайт да. Бул жагынан аябай эле кемчилик кетти.


- Жогорку Кеңештин регламентине ылайык, Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизиш үчүн парламенттеги 90 депутаттын 61и сөзсүз түрдө макулдугун бериши керек. Ошондой эле бул мыйзам долбоору эки окууда каралашы керек. Биринчи жана экинчи окуунун ортосунда убакыт аралыгы үч айдан кем болбошу зарыл.

Депутат Динара Молдошева
Депутат айым Динара Молдошеванын билдиришинче, Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча өлкө башчысы сунуштап жаткан мыйзам долбоорунда президент өзүнүн укуктарын чектеп, өкмөткө кошумча укуктарды жүктөп жатат.

Алалы, президент премьер-министрге өкмөт структурасын учурга ылайыктап, ийкемдүү кылып бекитүү укугун киргизүү сунушун берүүдө. Ошондой эле өлкө башчысы мамлекеттик катчыны дайындоо, Улуттук гвардияны бекитүү функцияларын жоюуда.

Мыйзам долбоорунда президенттик институттун, кеңешменин курамы тууралуу да сунуштар камтылат.

Ошондой эле мамлекеттик кызматтагы жетекчилер үчүн класстык чиндерди алып салып, алар үчүн башка идеологиялык стимулдарды киргизүү каралган.

Президентти тандоонун жаңы жолу

Президент тарабынан сунушталган долбоордогу олуттуу өзгөртүү президент өз милдетин аткара албай калган учурга байланыштуу болууда. Конституциянын азыркы нормасына ылайык, президент милдетин аткара албай калган чакта, анын милдетин Жогорку Кеңештин төрагасы, ал аткара албай калса премьер-министр аткарат.

Жаңы долбоордо президенттин милдетин аткаруучуну тандоо укугу Президенттик кеңешмеге берилген.

Жогорку Кеңеште “Ак жол” фракциясынан депутат Динара Молдошева президенттин акыркы демилгеси, ириде, укук системасын баланстоого багытталган деген пикирде:
1993-жылы кабыл алынган Конституция 16 жылдын ичинде жети жолу өзгөрүүгө дуушар болду.


- Тилекке каршы, азыркы Конституциябызда, мыйзамдарыбызда келишпестиктер бар. Мыйзамдар конфликти деген бар. Кээде бир мыйзам экинчи мыйзамга дал келбей, ылайык болбой калат. Эгерде биз Баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизсек, андан кийин бүт мыйзамдарга өзгөртүүлөр кирсе, биздин мыйзам, укук системабыз жакшы баланска келет деп ойлойм.

Мыйзам өзгөрө берет, жашоо өтө берет

Марс Сариев
Анткен менен саясат тануучу Марс Сариев президент Бакиев башкаруудагы соңку реформаларын Конституция чегинде ишке ашырбай, эми бул саясий кадамын оңдоого аракет жасап, Баш мыйзамга өзгөртүү киргизип жатат деген ойдо. Талдоочунун пикиринде мыйзамдык жактан алганда мамлекеттик структурада алгач өзгөртүүлөрдү киргизип, андан соң ага ылайык Баш мыйзамды өзгөртүү – саясий ката.

- Эмне үчүн мындай ката кетти? Саясий кырдаал ушундай болуп калды. Бирок бул туура эмес. Эгерде президент мыйзамды кармабаса, башкасы кармабайт да. Бул жагынан аябай эле кемчилик кетти. Эми президент ошол катаны жоюп, оңдоп кетиши керек. Болбосо туура эмес.

Эске салсак, 1993-жылы кабыл алынган Конституция 16 жылдын ичинде жети жолу өзгөрүүгө дуушар болду. Эгер президент сунуштаган мыйзам долбоору Жогорку Кеңеш тарабынан жактырылса, өлкө Баш мыйзамы сегизинчи ирет жаңыртылмакчы.

XS
SM
MD
LG