Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:07

Конституциялык кеңешме иштеп чыккан Конституциянын жаңы долбоору жарыяланды. 27-июнга жаңы Башмыйзамды кабыл алуу боюнча жалпы элдик референдум белгиленди. Жаңы Конституцияны улай өткөөл учурдун президенти кызматына киришмекчи. Анын милдети парламенттик, президенттик шайлоону калыс, эркин, ачык-айкын өткөрүү. Бирок Баш мыйзамдагы жаңы кирген өзгөрүүлөр боюнча талаш-тартыш али токтой элек. “Азаттыктын” талкуусу ошол талаш туудурган негизги жоболор жөнүндө сөз болду.

Талкууга катышкандар:



Данияр

Нарынбаев,

Конституциялык кеңешме

катчылыгынын башчысы








Мукар

Чолпонбаев,

Парламенттин

мурдагы

төрагасы



Алмаз Акматалиев,
Башкаруу академиясынын жетекчисинин милдетин аткаруучу

“Азаттык”: Кепти баштар алдында Бейөкмөт жана коммерциялык эмес уюмдар ассоциациясынын жетекчиси Токтайым Үмөталиеванын “Азаттык” аркылуу уктурулган пикирин угалы.

Токтайым Үмөталиева:
Мен ойлойм бейөкмөт уюмдар да Конституциялык кеңешмеде болгон ишти колдобойт. Себеби Конституциялык кеңешмеде акыркы вариантында “Убактылуу өкмөттүн президенти” деген теманы киргизген эмеспиз, добушка койгон эмеспиз. Ошол декретте жазылып аткан биринчи пункту – Текебаевдин калпы. Мен ойлойм, ушул элди да, Роза эжени да аябай ыңгайсыз шартка койду. Конституциялык нормада Убактылуу өкмөт деген түшүнүк болбойт, убактылуу өткөөл мезгили деген да болбойт. Конституция – бул туруктуу нерсе.

“Азаттык”: Данияр мырза, сиз Конституциялык кеңешменин катылыгынын башчысысыз, чын эле ушундай болгон беле?

Данияр Нарынбаев: Конституциялык кеңешме өтүп аткан учурда анын айрым мүчөлөрү атынан айтылган болчу. Биз азыр жаңы Констиуцияны алып аткан учурда ошону менен бирге маселени коюшубуз керек: эл азыркы Убактылуу өкмөткө мындан ары иш жүргүзгөнгө укук береби, же жокпу деген сунуш, пикирлер айтылган болчу. Өкмөт өзүнүн жыйынында биздин Конституциялык кеңешме тарабынан киргизилген долбоорду карап атканда айтылган болчу, биз абдан угуп, көрүп аттык кандай пикирлер айтылды. Ошолорду эске алуу менен ушул долбоорду изилдеп чыгабыз.

“Азаттык”: Мукар мырза, Убактылуу өкмөт башында жарым жылга чейин өткөөл мезгил деп алды эле. Мына ошол өткөөл мезгил дагы бир жылга узартылып атат, демек бир жарым жылга чейин. Мына ушул ортодо президенттик, парламенттик шайлоо өткөрүш керек эле. Дегеле өткөөл мезгил деген түшүнүктүн узартылып кетишине сиздин пикириңиз кандай?

Мукар Чолпонбаев: Бир да мыйзамда, бир да Конституцияда өткөөл мезгил деген жок. Мен бул жерден ачык айтып кетишим керек, Убактылуу өкмөт өзүнүн биринчи декрети менен эле 2007-жылкы Конституция сакталып күчүндө калат, ал эми биз Убактылуу өкмөтбүз деп атап коюшту. 2007-жылкы Конституцияда Убактылуу өкмөт деген жок, андай каралган эмес.

Ошол эле мезгилде алар сактап калган Конституциянын 52-беренесине көңүл бөлсөңүз, ал жерде президент жок болуп калганда анын милдетин аткара турган адам шайлоо, рефрендум өткөргөнгө, Конституцияга өзгөртүү киргизгенге эч кандай укугу жок деп жазылып турат. Ошондой деп жазылып тургандан кийин Убактылуу өкмөт андайларды жасоого укугу жок болчу.

Экинчиден, өткөөл мезгил деген бир да мыйзамда, Коснтитуцияда каралбагандан кийин өткөөл мезгилдеги президент деп аташтын өзү да натура нерсе болуп турат.

“Азаттык”: Алмаз мырза, өткөөл мезгил деген башында жарым жыл, эми бир жарым жылга узартылып атат. Мунун себебин эмнеде деп ойлойсуз?

Алмаз Акматалиев: Биринчиден, Данияр Ильич айтып кетпедиби, өткөөл мезгил дегенди. Албетте биз Конституциялык кеңеште талкуулаганбыз. Ал нерсе айтылган. Ошондо Өмүрбек Чиркешович Конституциялык кеңешменин төрагасы катары сунуш кылган, өкмөттүн мүчөлөрүнүн көбү шайлоого кеткени турат, ошон үчүн бир кишиге жүктөйлү дегенде биз кол көтөргөнбүз.

Экинчиден, Мукар Шалтакович конституциялык укуктун теориясы боюнча туура айтып атат. Бирок Кыргызстанда чукул абал болуп калбадыбы. Мындай болоорун эч ким билген эмес да. Өткөөл мезгилдеги президент деген мүмкүн дүйнөлүк практикада жолукпаган нерседир, бирок азыркы биздин жагдайды стабилдештирүүгө бул абдан эле туура нерсе деп эсептейм.

“Азаттык”: Данияр мырза, парламенттик жаңы Конституция кабыл алынгандан кийин парламенттик шайлоо өтүшү керек. Ушул парламенттик шайлоо мыйзамдуу бийлик болуп атат. Ал эми рефрендум аркылуу өзүнүн бийлигин ырастатып алган президент менен парламенттин ортосунда кийин талаш-тартыш, же укуктук чиеш маселе чыкпайбы?

Данияр Нарынбаев: Жок, чыкпайт. Себеби бул Конституция кабыл алынгандан кийин ошол эле күнү күчүнө кире алабайт. Ал үчүн Жогорку Кеңешти, президентти шайлашыбыз керек. Андан кийин Жогорку Кеңеш өкмөттүн курамын аныктайт. Бул иштерди этап-этап менен жасабаса башка жол жок. Ошон үчүн азыркы Конституция боюнча президенттин милдетин аткарат. Андан сырткары премьер-министрдин да милдетин аткарат.

Жогорку Кеңеш шайланган күндөн тартып президент жаңы Конституцияда көрсөтүлгөн укуктарга ээ болот. Өкмөт шайлангандан баштап премьер-министрди укуктарынан айрылат. Этап-этабы менен укуктук талаага кирип иштеп калабыз деген ой.

“Азаттык”: Мукар мырза, парламент мыйзам негизинде шайланып келип атат. Ал эми эл тарабынан шайланбаган президент экөөнүн ортосунда укуктук талаш маселе чыкпайбы?

Мукар Чолпонбаев: Менин көз карашымда андай нерсе чыгып калышы мүмкүн. Чыкпайт, андай болушу мүмкүн эмес деп Данияр Ильич кесе айтып атпайбы. Мен айтам, андай болушу мүмкүн. Себеби азыр СДП, “Ата мекен” партиялары эйфорияда турат, биздин бардыгыбызды эл колдоп атат, шайлоодо эмне кылса да утуп келебиз деп.

Мен партиялык тизме менен шайлоо өткөргөндүн Кыргызстан үчүн зыян экенин канча жолу айтып келатам. Анын зыянын да көрөсүңөр кийин. Ага чейин алдын ала эскертип койо турган өтө опурталдуу нерсеси ушундай болуп атат, Кыргызстанда иштеген атайын кызматтардын билдирүүлөрүнө караганда 50 миңден 60 миңге чейин “Хизб-ут Тахрирдин” мүчөлөрү бар. Ошолор эртең бир саясий партияга биригип албайт деп ким бизге кепилдик берет?

Эгерде бир саясий партияга биригип алган болсо анда “Ата Мекен” да, СДПК да, калган партиялар бириккен күндө да биз аларга уттуруп жиберишибиз мүмкүн. Эгер алар келип, эртең халифат деп жарыялай турган болсо, ошол эле азыркы убактылуу президенттин ортосунда кармаш болбойт деп кепилдик бере алат? Демек ушундай өтө опурталдуу нерсени биз азыр элдин добуш беришине алып чыгып атабыз.

Экинчиден, Советтер Союзунун учурунда 70 жыл бою биз классикалык парламенттик башкаруунун алдында болдук. Ал кезде Коммунисттик партия кимди шайлайсың десе биз ошону шайлап келгенбиз. СССРдин акыркы 20 жылында партиянын жана партияда эместердин блогун шайлайбыз деген түшүнүк кирип, КПССке мүчө болуп кирбеген адамдарды да парламентке шайлап келишкен, бирок баары бир парламенттин ичинде винтик болуп келишти. Ошентип ар дайым бир партия бийликке келди.

Бул Конституцияда парламент менен аткаруу бийлигинин кошулуп кетиши каралып турат. Анткени жеңип келген партия өкмөттү түзөт, анан кийин өкмөт иштейт, ошого баш ийип, отчет берет деп жазылып турат. Өкмөт дегенибиз бул – Ак үйдө отурган өкмөттөн баштап, айыл өкмөтүнө чейин бүт кийинки жолку боло турган шайлоодо шайлоо комиссияларынын баарын түзүшөт. Алар түзүп аткандан кийин “Ак жол”, “Алга Кыргызстан” кандай кылса, ошондойду алар да кыла турганын бөркүңүздөй эле көрүп коюңуз. Демек бир партиянын бийлиги ошону менен кете берет.

Дагы бир өтө кооптуу нерсеси, жаңы Конституцияда ачык эле жазып коюшуптур, эгерде партиянын мүчөсү депутат боло турган болсо, ал партиянын чечимине каршы добуш бере турган болсо, ал партиядан чыгарылат, партиядан чыкты деген нерсе бул депутаттыктан бошоду деген сөз. Демек бул жерде партиянын бир жетекчилиги кандай чечсе, партиянын мүчөлөрү ошондой добуш берүүгө милдеттүү болуп калат. Ошондуктан парламент жалпысынан башкарат деген ойдон биз алысташыбыз керек, партиянын жетекчилери кандай чече турган болсо мамлекеттик саясат ошондой жүрө турган болуп калат.

Алмаз Акматалиев: Албетте, талаш-тартыш чыкпайт деп айтыш кыйын, Мукар Шалтакович бир чети туура айтып атат. Бирок азыркы убактылуу президенттин мөөнөтүн узартып койгондун дагы бир себеби бар. Биз парламент менен президенттин шайлоосун бир күндө эле өткөрүп койсок болмок, бирок дүйнөлүк практикада эки шайлоону эки мөөнөттө өткөрөт, бийлик токтобой жүрүп турсун деген мааниде.

Мукар Шалтакович биз парламенттик республикага даяр эмеспиз деп кооптонуп атпайбы. Менин оюмча, бир мандаттуу округдар менен шайланган парламентти деле көргөнбүз. Азыр баары эле коркуп атышат. Бирок, менин жеке пикиримде, азыркы Конституциянын “издержки”, “противовес” деп коет орусча, ошолор жакшы эле аныкталгандай сезилди.

Албетте, андай талаш тартыштар болсо, алар сүйлөшүү жолу менен чечилет, ошон үчүн президент арбитр катары чыгып атпайбы. Мындай нерселер боло берет, бирок өткөөл мезгилдеги президенттин тажрыйбасына, акыл-эсине ишенишибиз керек. Антпесек болбойт. Албетте, талаш тартыштар болот, бирок тынчтык жолу менен чечилүүгө толук мүмкүнчүлүк бар, менин оюмча.

Данияр Нарынбаев: Мен каршы пикирдемин. Мен макул эмесмин, Мукар Шалтакович долбоорду жакшылап окуп чыксаңыз, ал жерде депутаттын мандаты эркин мандат деп турат. Ал фракциянын, партиянын пикирине кошулбай өзүнүн оюн, пикирин айтканга толук укуктуу, партия өзүнүн мүчөлүгүнөн чыгаралбайт.

Экинчиден, биз Конституциянын долбооруна, жеңип келген партия 90 пайыз депутаттык орундарга ээ болгон күндө да аны ээлеп алганга укугу жок, ашып баратса 65 орун алат, калганын башка жеңип келген партиялар алат деп жазганбыз. Бул эмнени билдирет? Бул оппозиция көчөдө калбасын, оппозиция парламенттин ичине милдеттүү түрдө кирип, чоң партияга туруштук көрсөтүп, каршы чыгалат. Андан сырткары негизги бюджет комитетинин төрагасы сөзсүз түрдө оппозициялык партияга берилет. Ошондой эле укук коргоо органдарын көзөмөлдөө комитетин да оппозициянын өкүлү жетектейт. Бул абдан чоң кадам десем болот. Бул эмнени биллдирет? Оппозиция сөзсүз түрдө парламенттин ичине кирип, өкмөттүн үстүнөн көзөмөл жүргүзгөнгө толук кандуу укугу бар.

“Азаттык”: Мукар мырза, жаңы Конституция долбоорунун 64-беренесинин 6-пунктунда президент өлкөнүн ичинде жана сыртында Кыргызстан атынан чыга алат деп көрсөтүлгөн. Ал эми 88-беренеде өкмөт өлкөнүн ички жана тышкы саясатын ишке ашыра тургандыгы белгиленген. Кийинки беренеде өкмөт башчы сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, эл аралык келишимдерге кол коеру ырасталган. Бирок анын деле тышкы саясатты аныктары жазылган эмес. Тышкы саясатты ким аныктайт?

Мукар Чолпонбаев: Бул жерде карама каршылык болуп турат. Эгерде мамлекеттин башчысы катары президент шайлана турган болсо эл тарабынан жана мамлекеттин башчысы деп атала турган болсо анда ички жана тышкы саясаттын негизги багыттарын президент аныкташ керек. Эгерде классикалык чыныгы парламенттин республика болуп, жеңген партиянын жетекчиси премьер-министр болуп, премьер-министр мамлекеттин башчысы боло турган болсо, анда премьер-министр ички жана тышкы саясаттын негизги багыттарын аныкташ керек болчу. Бул жерде кичине карама-каршылык болуп калып атат.

Эгерде Жогорку Кеңеш тышкы жана ички саясатты аныктайт дей турган болсо, анда президент чет мамлекеттерге барып, алар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, келишимдерге кол коюп келүүгө укугу чектелген болуп калат экен.

“Азаттык”: Алмаз мырза, ушул жерде президенттин укугу бул жерде аябай эле чектелип калган жокпу?

Алмаз Акматалиев: Эгер Конституцияны жакшылап окусак, анда президент да сөзсүз тышкы саясатты ашырганга катышат. Себеби элчилерди дайындайт, элчилерди кайра чакырып алуу укугу бар. Албетте, бул премьер-министрдин макулдугу менен деп жазылды. Бирок башка мамлекеттердин элчилеринин ишеним грамоталарын кабыл алат деп турат. Албетте, биз Конституциялык кеңешмеде муну талкуулаганда мурунку Конституциядагы аныктайт деген сөздөн качканыбыздын себеби да ошол.

Конституциянын долбоорунда жазылып турат, тышкы жана ички саясатты өкмөт толугу менен ишке ашырат деп, мурун деле менимче ички саясатты өкмөт ашырчу. Аныктайт деген сөздөн качканыбыздын себеби ушул болду. Албетте бул жерде карама-каршылык болушу мүмкүн. Бирок сүйлөшүү жолу менен тышкы саясатты аныктаганга парламент да, президент да бүткүл эл шайлап аткандан кийин, менимче, акылдашып жүргүзөт. Мен алысмын жаман ойдон, биз эртең эле Кытайга, же башкага согуш жарыялап ийебиз дегенден алысмын. Акылдуулукка да ишениш керек.

Албетте, баарын жаза албайбыз, нормалдуу адамдарды, нормалдуу парламентти, жакшы президентти шайлап, анан экөө биригип туруп өкмөттү түптөйт деген ишенич бар. Ошон үчүн менин оюмча теория жагынан карама-каршылык болушу мүмкүн. Бирок практикада чоң деле маселе чыкпайт болуш керек.

Данияр Нарынбаев: Бул жерде эч кандай карама каршылык жок, ирети менен жазылган. Биринчиден, биз айтып атабыз, негизинен башкача система куруп атабыз. Азыркы жаңы Конституция менен шайланган өкмөт толук кандуу болот. Толук кандуу өкмөт эмнеден баштайт? Биринчиден, структурасынан баштайт, анан кийин өкмөт курамы түзүлөт, анан өкмөттүн программасын парламент бекитип берет. Ошол программанын ичинде тышкы жана ички саясаттын негизги багыттары аныкталат. Ошого парламент да, өкмөт да ээ болот, андан кийин президент эл аралык сүйлөшүүлөрдө ошол аныкталган программанын чегинен чыкпаш керек.

Бир адам аныктаганын көрбөдүкпү, бардык маселелерди бир адам чечип жүрбөдү беле, ошондон качып атпайбызбы. Ошондуктан парламент менен өкмөт биргелешип аныкташ керек бул маселелерди. Президент болсо аткарууга көмөктөшүп, өзүнүн да көп укуктарын ошого багытташ керек.

Мукар Чолпонбаев: Мен Алмаз менен Даниярга айтайын дегеним бир гана нерсе болуп атат: биз баарыбыз эле ар дайым жакшы нерсени ойлойбуз, ар дайым жакшы адамдарга деп жазабыз Конституцияны да, мыйзамдарды да. Анан аткарып келген кезде эле начар адамдар президент болуп калганына күбө болуп отурбайбызбы. Дагы ошондой болуп калбайбы деген ойдон алыс эмеспиз.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG