Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:13

10-апрелде Конституциялык кеңешме кеңейтилген жыйынга чогулуп, Баш мыйзамдагы президенттин ыйгарым укуктарын талкуулады. Убактылуу өкмөт башчынын орун басары Өмүрбек Текебаев баштаган жумушчу топ иштеп чыккан Конституциянын долбооруна мамлекет башчынын укуктары боюнча олуттуу сунуштар айтылды.

Эки мамлекет башчынын саясатынан кийин Кыргызстан президенттин ыйгарым укуктарын кантип кыскартып, чектөө керектигин бириндетип талдай баштады.

Конституциялык кеңешменин төрагасы Өмүрбек Текебаев “Азаттыкка” өзү башында турган жумушчу топ иштеп чыккан Баш мыйзамдын долбоорун кеңешменин мүчөлөрү жалпысынан колдоп жатканын, бирок президенттин ыйгарым укуктары боюнча олуттуу өзгөрүүлөр бар экенин билдирди:

- Президент кадр саясатына гана эмес, өлкөнүн каржы саясатына кийлигише албайт. Анын мыйзам чыгаруу демилгеси да алынды. Өз эрки менен референдумга мыйзам долбоорлорун алып чыгуудан ажырады. Жадагалса парламентке келип жыл сайын сүйлөп тура турган укугунан да ажырады. Ошентип президент көп функцияларынан ажырады. Бирок анын негизги стратегиялык функциялары - парламент менен ынтымакта иштеши калды. Өкмөттү түзүү мөөнөттөрүн тескеп, парламент менен өкмөттүн ортосундагы карама-каршылыкты чечкенге киришет. Эми бул жылда боло турган иш эмес. Балким бул беш жылда бир болушу мүмкүн. Ошол иштерге катышып, өлкөнүн туура багытта өнүгүп кетишине жок дегенде беш жылда бир жолу салым кошконго мүмкүнчүлүгү бар.

Ө. Текебаевдин билдиришинче, президент Башкы прокуратураны жана башка өкмөткө баш ийбеген борбордук мамлекеттик органдардын курамын Жогорку Кеңеш менен биргеликте түзө алат.

Антсе да президенттин ыйгарым укутарынын кескин кыскарышынан чочулагандар да бар. Алардын бири "Туран" партиясынын төрагасы, мурунку депутат Таирбек Сарпашев:

- Биз баягы президенттин ыйгарым укуктарынан аябай жалкып калып, анын ыйгарым укуктарын таптакыр эле алып таштасак, анда бийлик өкмөт жакка ооп кетет. Бир үй-бүлөлүк башкаруудан отуз-кырк үй-бүлөлүк башкарууга өтүп кетүү коркунучунан алыс болушубуз керек. Президенттин кээ бир арбитрдик укугун бекемдеп беришибиз керек.

Конситуциялык кеңешменин кеңейтилген бул жыйынында президентти беш жылга эмес алты, алтүгүл жети жылга чейин шайлоо маселеси көтөрүлдү. Бир талапкер бир эле мөөнөткө шайланып жаткандан кийин дагы бир жылга узартуу ашык болбойт деген сунуштар айтылды.

Президенттикке талапкердин жашын 35 жаштан 32 жашка төмөндөтүү боюнча демилге болду. Бирок ошол эле жыйында отурган айрым жаштар болочоктогу мамлекет башчы өзүн иши менен тааныта алган, тажрыйбасы мол болушу керек деп каршылык билдиришти.

Президенттикке талапкерлер мамлекеттик тил боюнча сынактан өткөрүүнүн кажети жок, бар болгону мектепти бүтүп жатканда кыргыз тили боюнча тапшырган экзамендин жыйынтыгы жетиштүү деп да айтылды.

Баш мыйзамдагы ант берүү жөрөлгөсү кызуу талкууга алынды. Убактылуу өкмөт сунуштап жаткан Баш мыйзамдын долбоорунда анттын текстин өзгөртүү, эгер президент берген антын бузса жоопкерчиликке тартуу керектиги белгиленди.

Анттын ар кандай текстерин жөнөтүү боюнча коомчулукка сунуш берилди. Алардын арасында антты бузса “кудай урсун, арбак урсун” сыяктуу сөздөрдү кошуу керектиги баса белгиленди.

Убактылуу өкмөт сунуштап жаткан долбоордогу башкы нерсе - президент Конституцияда гана көрсөтүлгөн укуктарга ээ деп көрсөтүлүшү болду. Азыркы Баш мыйзамда мамлекет башчынын мыйзамдарда көрсөтүлгөн укуктары бар деп белгиленген.

Конституциялык кеңешменин төрагасы Өмүрбек Текебаевдин айтымында, бул президенттин чексиз бийлигине жол ачкан “жылчык” болчу. Эми бул тешик бүтөлүп жатат.

Эми бул айтылган сунуштар 13-14-май күндөрү Конституциялык кеңешменин добушуна салынат. Кеңешме Баш мыйзамдын алымча-кошумчаланган вариантын 19-майга чейин иштеп бүтүшү керек.

Конституциялык кеңешменин мүчөлөрү минтип президенттин укутарын кыскартып бийлик бөлүштүрүү талдап жаткан чакта “Интернет саясаты” боюнча жарандык демилге Баш мыйзамга байланыштуу жарандардан келип түшкөн кайрылуу, арыздарды иликтеп жыйынтыгын жарыялады.

Иликтөөгө ылайык жарандарды таптакыр башка маселелер камтама кылып ойлондурары анык болду. Мисалы кайрылгандардын көпчүлүгү Баш мыйзамдын долбоорунда динден тышкары мамлекет деп жазылып калышына кабатыр.

Бекер медициналык биринчи жардам көрсөтүү, турак-жайлардын кол тийбестиги жана милиция кызматкерлерин саясий иш-аракеттерге кийлигиштирбөө боюнча чара көрүү тууралуу жагдайлар да президенттин ыйгарым укуктарына караганда көбүрөк ойлондурат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG