Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:18

Дарыгерлер: рулдагы орус дипломаты кызуу болгон, жол кырсыгын жашырган


Виктор Пухов ооруканага түшкөн убактагы дарыгерлердин каттоосу. 16-февраль, 2017-жыл.
Виктор Пухов ооруканага түшкөн убактагы дарыгерлердин каттоосу. 16-февраль, 2017-жыл.

Бишкектеги адам өмүрүн алган жол кырсыгына катышкан орус дипломаты Виктор Пухов ооруканага кайрылган учурда ичимдик ичкени белгилүү болгон. Бул тууралуу башкалаадагы Медициналык-консультативдик жана спорттук медицина борборунун травматология бөлүмүнүн башчысы Дөөлөсбек Сооронбаев "Азаттык" радиосуна билдирди. Анын айтуусунда, дарыгерлер Пуховду каттоого алган баракчада "бейтапта алкоголдун жыты бар" деп жазылган.

Орус дипломаты кырсыктан эки саат өткөндөн кийин дарыгерлерге кайрылган. Алгач өзүнүн Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин кызматкери экенин айткан эмес жана ооруканага келгенин эки саат мурун көчөдө жыгылып кеткени менен түшүндүргөн. Кырсыктан анын буту жана көкүрөгү жабыркаган.

16-февралда "Манас" аэропортунда бараткан жолдо Виктор Пухов башкарган “Тойота Прадо” үлгүсүндөгү жолтандабас катуу ылдамдыкта кызылдан өтүп “Мерседес-Спринтер” жүк ташуучу автоунаасын сүзгөн. Андан жүк ташуучу машиненин айдоочусу, 62 жаштагы кыргызстандык Евгений Лексин каза тапкан. (BkA/NT)

XS
SM
MD
LG