Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:08

Орусиядагы кыргыз жарандары он жерде добуш берүүдө


Москвадагы Кыргыз элчилигинде уюшулган шайлоо участогунда
Москвадагы Кыргыз элчилигинде уюшулган шайлоо участогунда

Орусияда эмгектенип жүргөн Кыргызстандын жарандары Москва, Санкт-Петербург жана Сибирдеги шаарларда баардыгы он шайлоо бекеттеринде добуш берүүдө.

Кыргызстандын элчилигинде уюшулган шайлоо бекетинин төрагасы Болотбек Мукашев «Азаттыкка» билдирген маалыматка караганда, орус жеринде тизмеге кирген шайлоочулар 15-20 миңдин айланасында. Бирок иш жүзүндө кыргызстандыктардын саны мындан он эсе же андан да көп, ошондуктан кошумча тизме менен добуш берүүгө мүмкүнчүлүк берилип жатат.

- Орусияда жашап, эмгектенип аткан кыргызстандык жарандардын добуш берүүсү кандай жүрүп атат?

- Орусия Федерациясы боюнча 10 шайлоо бекеттерди ачтык. Москва шаарында эки бекет, Екатеринбург шаарында эки бекет, Санкт-Петербург, Самара шаарларында, Красноярск, Челябинск, Новосибирск жана Чита шаарларында бирден бекеттер ачылды. Баарында добуш берүү уланууда. Бишкек убактысы боюнча саат экиде Орусия боюнча 5 миңден ашуун атуулдар добушун беришти. Биздин бекетти алсак, азыркы тушка дейре 736 жаран добуш берип кетти. Шайлоо эч кандай тартип бузуусуз өтүп атат. Жарандарыбыз колдоп берип атат.

-Тизмеге киргендердин эсеби канча?

– Мурун өткөн шайлоолордо добушту бурмалоо болгону эч кимге жашыруун эмес. Азыркы шайлоо боюнча биздин негизги тиркемебиз консулдук каттодон өткөндөрдү гана каттаган тиркеме. Ал негизги тизме. Ошол тизмеге жараша Орусия боюнча алганда 15-20 миңдей жаран каттоодон өткөн. Бирок кыргызстандыктардын саны андан кыйла көп. Ошол себептен улам кошумча тиркемеге өзү келген жарандарды каттоо үчүн уруксат берилген. Эгерде жараныбыз добуш бергиси келсе кошумча тизмеге алыны, ага уруксат берилет.

- Азыр сиз менен сүйлөшүп аткан убакка алып келгенде андай канча киши тизмеге алынды?

- Аны айталбайбыз. Анткени бул жердин убактысы боюнча кечки саат сегизде жыйынтыгын чыгарабыз, ошондо белгилүү болот.

- Өзбек улутундагы кыргызстандыктардын шайлоого катышуусу кандай?

- Өзбек туугандар да катышып атат. Москва бекетинде өзбектер да бар, кыргыздар да бар. Орустар, корейлер бар. Бизде өзбек, кыргыз деген эсебибиз жок. Кыргызстандын жараны болсо добуш бере алат.

- Орусиянын көп шаарларында шайлоо бекеттерди атап кеттиңиз. Алар менен байланыш болуп атабы же алар өз алдынча иш жүргүзүшөбү?

– Байланыш бар. Екатеринбургда Генералдык консулдук бар. Новосибирскте вице-консулдук бар. Ошолор менен чогуу ишти алып барып атабыз.

XS
SM
MD
LG