Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:29

Жаңы-эски Конституция - Ханституция эмес


Кыргызстан Конституциясынын кезектеги реформасы

Кыргызстан Конституциясынын кезектеги реформасы

2007-жылкы Конституцияга киргизилчү өзгөрүү-толуктоолор 26-апрелде жарыяланды. Жаңы долбоор жалпы элдик талкуудан өтүп, келип түшкөн сунуш-пикирлердин негизинде дагы иштелип, негизги варианты 19-майга даяр болушу керек. Конституциянын кезектеги өзгөрүүлөрүнө Венеция комиссиясынын 2006-жылкы сунуштарынын көбү киргизилгени маалымдалууда.

Сүткө оозду күйгүзгөн айранды үйлөп ичет

Үч аптадан бери кыргызстандыктарды түйшөлтүп жаткан орчун маселе - өлкө мындан ары кандай жол менен өнүгөт суроосу болууда. Мына эми ага жооп кылып Убактылуу өкмөт Конституцияга киргизилчү өзгөрүү, толуктоо, алымча-кошумчаларды жарыя кылды.

Конституцияга кирчү өзгөрүү, алымча-кошумчаларды жалпы элдик талкууга чыгаруу алдында комиссия жетекчиси Өмүрбек Текебаев жаңы долбоор деле кемчиликтерден куркол эместигин айтуу менен гана чектелди.

- Биз талкууга алып чыга турган орусча варианттын текстин кечээ бүтүрдүк. Бүгүн-эртең бул кыргызчага которулат. Албетте кемчиликтер толук болушу мүмкүн. Дагы көптөгөн сунуштар болот. Өзгөчө мынабу адам укугу боюнча бөлүмдү биз өзгөрткөнүбүз жок. Ага укук коргоочулар дагы сунуш киргизебиз дейт. Принцибинде биз өркүндөтүүдөн качпайбыз.

Ө.Текебаевдин ырасташынча, жаңыланчу Конституцияда эларалык уюмдардын мурда айтылган сунуш-пикирлери эске алынган.

- Биз бул долбоордо Венециялык комиссия 2006-2007-жылкы Конституцияга берген сын, сунуштарынын 80%, атүгүл 90% эске алдык.

Антип эларалык эксперттердин пикирлерин эсепке алуу менен жазылган жаңы долбоордо деле президенттин ыйгарым укуктарынын кыйласы калтырылганы баамга урунат.

Дагыле президент, парламент, өкмөт

Жалпы эл тарабынан беш жылга гана шайланган президент парламенттик көпчүлүктү түзгөн партия өкүлүн өкмөт башчысына, ошондой эле министрлер кабинетинин мүчөлөрүн дайындайт. Непадам парламентке келген партиялардын бир да бирөө өкмөт түзө албаса президент парламентти таратуу укугуна ээ. Чектөө жагына келсек, мамлекет башчысы Конституцияда көрсөтүлбөгөн кызматтарды түзө албайт, өкмөттүн ишине түздөн-түз кийлигишүүгө акысы жок.

Анткен менен жаңы долбоордо таптаза парламенттик республика түзүү көрсөтүлгөн эмес. Антишке кыязы өлкөдөгү саясий партиялардын чама-чаркы жетпестиги эске алынган шекилдүү. Ошон үчүн президент бийлиги биротоло чектелген эмес. Саясат таануучу Карыбек Байбосуновдун пикиринде, бул учурдагы кырдаалга ылайык келет.

- Анан орто жолдон эле шашып-бушуп парламенттик республика түзөбүз деш тарыхый адашуу болуп калмак.

Убактылуу өкмөт бийликке келгенден бери көп козголгон парламенттик республика идеясынын жыйынтыгында ошентип аралаш системага ооп кетиш себебин саясат таануучу Айдарбек Көчкүнов да өлкөдөгү саясий институттардын абалына байланыштырат.

- Биринчиден бул Кыргызстандагы партиялык системанын начар өнүгүшүнө, партиялык идеялар ортосундагы айырманын жоктугуна байланыштуу. Парламенттик республика болуунун негизин түзүп берчү ушул системанын начардыгынан парламенттик республикага өтүүгө али эртелик кылат.

А.Көчкүнов Кыргызстан үчүн толук болбосо да башкаруунун парламенттик жолуна жарым-жартылай өтүүгө 20 жылдык тажрыйбадан соң мүмкүнчүлүк болуп калды деген пикирде. Конституцияга киргизилчү өзгөрүү, толуктоолордун талкуусу кош жолдун кайсынысын тандап алууну так көрсөтүп бериши ыктымал.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG